2022-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
03.02.2022-жыл
№4/1
Нурдар
2022-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө

Нариман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Сайдазимовдун билдирүүсүнүн негизинде 2022-жылга Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин карап, талкуулап, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын сунуштарынын, толуктоолорунун жана Нариман айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясынын протоколунун негизинде Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.   Нариман айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 65299,7 мин сом жана чыгаша бөлүгү 65299,7 мин сом өлчөмүндө, анын ичинде атайын эсеп 12735,0 сом, жайыт комитети 320,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин. 2023-жылга бюджет долбоору 65867,9 мин сом, 2024-жылга 66615,9 мин сом бекитилсин.

2.  Нариман айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматынын 43 штаты бекитилсин, анын ичинде 13 бирдик айыл башчы жана 4 бирдик тейлөөчү, 6 бирдик ВУС кызматкерлери бекитилсин.

3. Нариман айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин планда бекитилген жалпы суммасынын 1% бөлүгү резервдик фондко бекитилсин.

4. 2022-жылдын ичинде сметага өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына укук берилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык, соцфонд, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов

Нариман айыл  өкмөтүндөгү жер аянттарын ачык  тоорук  аркылуу сатуу жөнүндө

Нариман айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
03.02.2022-жыл
№4/2
Нурдар
Нариман айыл өкмөтүндөгү жер аянттарын ачык тоорук аркылуу сатуу жөнүндө

Нариман айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Мамажановдын Нариман айыл өкмөтүнүн Тажик-Абад айылындагы 1000 чарчы метр жер аянтын ачык тоорук аркылуу сатууга коюу жөнүндө корутундусун карап чыгып, угуп, талкуулап, жетинчи чакырылышынын депутаттарынын IV сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Жер адиси Б.Мамажановдын корутундусунун негизинде  Нариман айыл өкмөтүнүн Тажик-Абад  айылындагы  1000 чарчы метр    жер аянтын    жер кодексинин   мыйзамдарынын  негизинде ачык тоорук  (аукцион) аркылуу  сатууга  уруксат  берилсин.

  1. Ушул токтомдун  мыйзамдуу аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына   милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин жер жана  агрардык  маселелер, коммуналдык  менчик, соода, байланыш, транспорт  жол курулуш, энергетика,  капиталдык курулуш  иштери боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов

Нариман айыл аймагынын Тажик-Абад айылындагы № 134 маршруттук каттамдын  наркын көтөрүп берүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
03.02.2022-жыл
№4/3
Нурдар
Нариман айыл аймагынын Тажик-Абад айылындагы № 134 маршруттук каттамдын наркын көтөрүп берүү жөнүндө

Нариман айыл аймагынын Тажик-Абад айылынын тургундарынын № 134 маршруттук каттамды шаар ичинде 15 сом, шаардын четиндеги айылдарга 20 сомдон наркын көтөрүп берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл аймагынын Тажик-Абад айылынын тургундарынын  № 134 маршруттук каттамды шаар  ичинде 15 сом, шаардын четиндеги айылдарга 20 сомдон наркын көтөрүп берүү жөнүндөгү арызы  канааттандырылсын жана  шаар ичинде  15 сомдон, шаардын четине  20 сомдон  белгиленсин.

  1. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин жер жана     агрардык  маселелер, коммуналдык  менчик, соода, байланыш, транспорт  жол курулуш, энергетика,  капиталдык курулуш  иштери боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов

Нариман айыл аймагындагы  бала бакчалардагы балдардын тамак ашына болгон   наркын көтөрүп берүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
03.02.2022-жыл
№4/4
Нурдар
Нариман айыл аймагындагы бала бакчалардагы балдардын тамак ашына болгон наркын көтөрүп берүү жөнүндө

Азык-түлүк нарктары көтөрүлүп жаткандыгына байланыштуу Нариман айыл аймагындагы бала бакчалардагы балдардын тамак ашка болгон наркын көтөрүп берүү боюнча депутаттардын ой пикир сунуштарынын негизинде Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Азык түлүк  нарктары  көтөрүлүп жаткандыгына байланыштуу  Нариман айыл аймагындагы  бала бакчалардагы  балдардын  тамак ашы үчүн ар бир балага 350 сомдон  Нариман айыл өкмөтү  тарабынан  төлөнүп  берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык, соцфонд, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов

Нариман айыл өкмөтүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу боюнча  жумушчу комиссия курамын түзүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
03.02.2022-жыл
№4/5
Нурдар
Нариман айыл өкмөтүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссия курамын түзүү жөнүндө

Нариман айыл өкмөтүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Нариман айылдык  кеңеши  тарабынан     Нариман айыл өкмөтүнүн стратегиялык    

              планын иштеп чыгуу боюнча      төмөндөгүчө :

                        1.Г.Жанболотова- Нариман айылдык кеңешинин депутаты

                        2.Абдирашид кызы Гулзина- Нариман айылдык кеңешинин  депутаты

                        3.Ахбуллаева  Бахтихон- Нармиан  айылдык кеңешинин депутаты

                        4.Шерматов Амир- Нариман айылдык кеңешинин депутаты

                        5.Мавлянова Насиба- Нармиан айлдык кеңешинин депутаты

                     комиссия курамы түзүлсүн

2.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  Нариман айыл өкмөтүнүн      

    башчысына жүктөлсүн.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов

Нариман айыл аймагынын  Зарбдар айылындагы  таза ичимдик суу наркын көтөрүп берүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
03.02.2022-жыл
№4/6
Нурдар
Нариман айыл аймагынын Зарбдар айылындагы таза ичимдик суу наркын көтөрүп берүү жөнүндө

Нариман айыл аймагынын Зарбдар айылынын тургундарынын таза ичимдик суу наркын көтөрүп берүү жөнүндөгү протоколун карап чыгып Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл аймагынын  Зарбдар  айылында ар бир жан башына  25 сомдон,  суу өлчөөчү эсептегичи бар бюджеттик ишканалардын керектелүүсү үчүн  1м3 үчүн 15,41 сомго жана  сүү өлчөөчү эсептегичи  бар коммерциялык ишканаларга  1м3 үчүн  46,90 сомдон белгиленсин.   

  1. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин жер жана     агрардык  маселелер, коммуналдык  менчик, соода, байланыш, транспорт  жол курулуш, энергетика,  капиталдык курулуш  иштери боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов

Нариман айыл  өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга калган калдык жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
03.02.2022-жыл
№4/7
Нурдар
Нариман айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга калган калдык жөнүндө

Нариман айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышын жана 2022-жылга калган калдыкты кароо максатында Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

      1. Нариман айыл  өкмөтүнүн 2021-жылга   киреше булагы 72188,7 сомго       бекитилген, Нариман айыл өкмөтүнүн 2021-жылга  жалпы  киреше булагы 86177,5 сомго   аткарылган. Нариман айыл өкмөтүнүн 2021-жылга  жалпы чыгашасы  71655,7 сом түзөт  01.01. 2022-жылга   калган калдык  сумма  14521,8 сомду түзөт.Анын ичинен  негизги   эсепте 14521,7 сомго  жана  атайын эсептен калган 0,1 сом  жалпысы болуп 14521,8 сомго  бекитилсин.

      2. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңешинин  экономика жана     бюджет   боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

     3. Ушул токтомдун аткарылшы Нариман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  М.Сайдазимовго жүктөлсүн.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов

Нариман айыл өкмөтүнүн  Тажик-Абад айылындагы  “Ак-Кеме Нуру ”жана Каратай айылындагы  А .Султанов атындагы мектепке чейинки билим берүү  уюмунда кыска мөөнөттүү  бала бакча ачуу жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз V сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
25.02.2022-жыл
№5/1
Нурдар
Нариман айыл өкмөтүнүн Тажик-Абад айылындагы “Ак-Кеме Нуру ”жана Каратай айылындагы А .Султанов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунда кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу жөнүндө

Нариман айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2020- жылдын 3 –июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өңүктүрүү Ассоциациясынын (ЭАӨА) ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамына ылайык “Кыска мөөнөттүү (3 саатык) ачуу долбоорунун негизинде Тажик-Абад жана Каратай айылдарынын жашоочуларынын жазган кайрылуулары менен таанышып, жана талкуулап Нариман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.Нариман айыл өкмөтүнүн  Тажик-Абад айылындагы “Ак Кеме Нуру ” бала бакчасында 3 жана 5 курактагы балдарга  1 тайпа, Каратай айылындагы А.Султанов атындагы бала бакчасында   3 жана 5  курактагы балдарга 2 тайпага  ылайыкташтырылып бала бакча ачууга  уруксат берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын  камсыз  кылуу  “Ак Кеме Нуру” бала бакчасынын жетекчиси Р.Ахбуллаевага  А.Султанов атындагы  бала бакча жетекчиси Осмонова С га  милдеттендирилсин.

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  Нариман айылдык кеңешинин  алдындагы социалдык-маданий, билим берүү,спорт, миграция туризм, жаштар  жана  саламаттыкты сактоо  боюнча туруктуу  комиссияга жүктөлсүн.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов

Нариман айыл аймагынын  Каратай айылындагы А.Султанов атындагы орто мектебинин  эски имаратын  бала бакчага өзгөртүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз V сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
25.02.2022-жыл
№5/2
Нурдар
Нариман айыл аймагынын Каратай айылындагы А.Султанов атындагы орто мектебинин эски имаратын бала бакчага өзгөртүү жөнүндө

Нариман айыл аймагынын Каратай айылындагы А.Султанов атындагы орто мектебинин эски имаратын бала бакчага айландыруу жөнүндө А.Султанов бала бакчасынын жетекчиси С.Осмонованын арызын карап чыгып Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл аймагынын  Каратай айылындагы А.Султанов атындагы орто  мектебинин  эски имараты бала бакчага өзгөртүлсүн.   

        2. Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айылдык   кеңешинин  элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык- маданий маселелер, жаштардын     

             иштери, спорт боюнча туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов

Нариман айыл өкмөтүндөгү жарандык актыларды каттоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз V сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
25.02.2022-жыл
№5/3
Нурдар
Нариман айыл өкмөтүндөгү жарандык актыларды каттоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

Нариман айыл аймагына Нариман айыл өкмөтүндөгү жарандык актыларды каттоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү максатында Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Калкты  жана жарандык  абалдык актыларды каттоо департаменти тарабынан  “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  органдарына  айрым мамлекеттик  ыйгарым укуктарды берүү” келишими орундалсын.
  1. Келишим негизинде айлык акы  Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен суралсын.
  1. Токтомдун аткарылышы   Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына  жүктөлсүн.
  1. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов

ВЛКСМ айылындагы ВЛКСМ орто мектебинин  атын  Бойматов Холматтын атын коюп өзгөртүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
15.03.2022-жыл
№6/1
Нурдар
ВЛКСМ айылындагы ВЛКСМ орто мектебинин атын Бойматов Холматтын атын коюп өзгөртүү жөнүндө

ВЛКСМ айылынын тургундарынын арыздары, суроо талаптары жана ВЛКСМ орто мектебинин окуу тарбия бөлүмүнүн башчысы Мавлянова Насибанын берген маалыматын угуп, талкуулап, кеңири ой пикир, сунуштардан кийин Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. ВЛКСМ  айылынын тургундарынын  арыздары, суроо талаптарынын негизинде ВЛКСМ айылындагы “ВЛКСМ” орто мектебине  Бойматов Холматтын ысымы ыйгарылып,  мектептин аты Бойматов Холмат атындагы орто мектеби деп өзгөртүлсүн.

2. Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айылдык   кеңешинин  элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык-    маданий маселелер, жаштардын    иштери, спорт боюнча туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов

Айыл чарба  багытындагы жараксыз  жерлер” категориясынан  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана  башка багыттагы жерлер”  категориясына которууга  макулдук берүү     жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
15.03.2022-жыл
№6/2

Нариман айыл аймагынын 24.12.2021-жылдагы актынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги “Кыргызмамжердолбоорлор” жерге жайгаштыруу мамлекеттик долборлоо институту мамлекеттик ишканасы, Ош облустук жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын 24.01.2022-жылдагы чыгыш № 01-8/5-04-11/37 каты жана Нариман айыл өкмөтүнүн 21.02.2022-жылдагы чыгыш № 178 сандуу каты, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 09.03.2022-жылдагы чыгыш № 04-3/1097 сандуу каты, Нариман айыл өкмөтүнүн 24.0.2022-жылдагы чыгыш № 180 каты, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресрустары, экология жана технологиялык көзөмөл министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин 28.02.2022-жылдагы № 02-3/863 каты, Нариман айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Мамажановдун 15.03.2022-жылдагы корутундусун эске алып, 15.03.2022-жылдагы Нариман айылдык кеңешинин сессиясынын протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинын № 12-13 статьясынын талаптарына ылайык Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Нариман айыл аймагынын Жийделик айылындагы № 347 контурунда жайгашкан Манас  айлампасынын жанындагы авто жолдун боюнда жайгашкан   муниципалдык менчикте турган  максаттык багыты айыл чарбасына  жараксыз болгон 2216 чарчы метр жер аянтын  “Айыл чарба багытындагы жараксыз  жерлер” категориясынан  “Өңөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын,  коргонуунун  жерлери жана башка багыттагы  жерлер” категориясына  которууга  Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына  ылайык  которууга макулдук  берүү сунушталат.

2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына  жүктөлсүн.

3.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин жер жана     агрардык  маселелер, коммуналдык  менчик, соода, байланыш, транспорт  жол курулуш, энергетика,  капиталдык курулуш  иштери боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов

Нариман айыл аймагындагы жайыт комитети тарабынан  айыл тургундарынын мал жандыктарын багуу боюнча  баасын бекитип берүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
15.03.2022-жыл
№6/3
Нурдар
Нариман айыл аймагындагы жайыт комитети тарабынан айыл тургундарынын мал жандыктарын багуу боюнча баасын бекитип берүү жөнүндө

Нариман айыл аймагынын Нариман жайыт комитетинин төрагасы Н. Джусуевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, кенири ой пикир сунуштарды эске алып Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.Нариман айыл аймагынын жайыт комитетинин сунушу менен  мал жандыктарын багуу   баасы төмөндөгүдөй баада:

                            ар бир баш кой эчкиге  180 сомдон

                            ар бир баш  малга         600 сомдон

                            ар бир баш жылкыга     600 сомдон  белгиленсин.

2.Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман жайыт комитетинин төрагасы Н.Джусуевге   жүктөлсүн.