Нариман айыл аймагында “үй- бүлөөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобону бекитүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
10.06.2022-жыл
№7/1
Нурдар айылы
Нариман айыл аймагында “үй- бүлөөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобону бекитүү жөнүндө

Нариман айыл аймагында “үй-бүлөөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобону бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык , Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 22.03.2022-жылдагы № 01-52/33 буйругун № -тиркемесиндеги типтүү Жобонун негизинде, Нариман айылдык кеңешинин VII кезексиз сессиясында карап чыгып талкуулап

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл аймагында “үй-бүлөөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобо бекитилсин.

 

  1. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айылдык   кеңешинин  элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык-маданий маселелер, жаштардын   иштери, спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов


Нариман айыл өкмөтү боюнча үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын ырым жырымдарын өткрүүнүн тартиби жөнүндө

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Жобону иштеп чыгууну жана күчнө киргизүүнүн тартиби
  3. Үй- бүлөөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
  4. Маркумду эскерүүнүн ырым жырымдарын өткөрүү тартиби
  5. Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү көзөмөлдөөчү комиссиялар
  6. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчун жоопкерчилик

 

                                                          1.     Жалпы жоболор

 

  1. Бул жобо “КРсында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” КРнын Президентинин 2022-жылдын 24 –феврвлындагы ПЖ№54 Жарлыгына ылайык жергиликтү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйит.
  2. Жобонун максаты айылдарда жана башка калктуу конуштарда коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада салттарды , үй-бүлөөлүк урп адаттарды, этностук ырым жырымдарын өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого , өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкерчиликке, элдин салт санаасын үрп адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына терс жөрөлгөлөрдү күндөлүк турмушта жайылышына бөгөткоюу, элибиздин нукура салт санаасын жана ырым жырымдарын кеңири пропогандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.

 

  1. Жобону иштеп чыгууну , кабыл алууну (бекитүүнүн) жана күчунө киргизүүнүн тартиби

 

  1. Айыл аймагындагы үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп            

адаттарын , ырым жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү кендагы үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын , ырым жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү кеешинин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынан, ак сакалдар сотунун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.

  1. Ушул типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору, айылдык жыйындарда талкууланып, келип түшкөң сунуштар эске алынып, жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
  2. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтомум белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин сайтына жарыяланат.
  3. Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, жергиликтүү ке неш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.

 

  1. Үй-бүлөөлүк салтанаттарды өткөрүү тартиби.
    1. Үй- бүлөөлүк салтанаттарга бешик той , тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) той, кудаа тосуу, маареке салтанаттары жана башкалар кирет.
    2. Үй –бүлөөлүк салтанаттар айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
    3. Үйлөнүүгө той ыктыярлары менен эки тараптын (кудалардын) эсебинен 200 адамга чейинки “Банкеттик кече” же конок тосуу менен “салттуу той” формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. Үйлөнүү тоюнда ири бодо мал, жылкы союуга уруксат берилет. Бирок ашыкча сый дасторкондорду уюштурууга тыюу салынат.Мыйзам чегинде административдик жоопко тартылат.
    4. Кудалашуудан баштап үйлөнү тойго байланышкан бардык иш чараларда (каада салттарда) эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен ебелгиленип өткөрүлүп ,эки тараптын туугандарына, конокторуна сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат. Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди, белектерди берүүгө уруксат берилет. мыйзам чегинде жоопко тартылат.
    5. Тойдон кийин салттык отко кирүү, кыз көрдү төрколөтүү ж.б.у.с кечелер өткөрүлөт. 1 кой союлат.
    6. Кыз узатууда 10-15тен ашык түрдүү кийим кече, күйөө баласын кырк күн багуу, ар майрам сайын күйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.
    7. Кыз тараптан той алып барганда адам, күйөө жолдоштору тен ашпоосу керек.
    8. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никени мамлекеттик каттоодо өткөрүү салтанатында 3төн ашуун транспорттук колдонууга тыюу салынат. Мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.
    9. Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюууга тыюу салынат. Нике кыюуу кыздын ата-энесинин үйүндө уюштурулсун.

 

  1. Маркумдку эскерүү ырым жырымдарын өткөрүү тартиби

 

  1. Маркумду эскерүү ырым жырымдары айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүүэрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
  2. Маркум чыккан азалуу үйдө алгачкы 3 күн ичинде эч кандай жандык союлбай, келгендерге дасторкон жайылып, тамак аш берилбейт.
  3. Сөөк коюу жана аза күтүү ырым жырымдарына ири бодо мал, жылкы союуга тыюу салынат.
  4. Маркумга атап үчтүк, бейшембилик,кырктык,жылдык атайын белгилөөгө тыюу салынат. Мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.
  5. Сөөк коюууда жана аза күтүүдөкийит кийгизүүдө( баш кийим, чепкен, көйнөк ж.б.у.с) маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүктөргө айрып “жыртыш” таратып берүү, майда барат буюмдарды (чыны, табак,дасторкон ,самын,чай ж.б.у.с) таратууга тыюу салынат.

Ошону менен бирге кабыр казгандарга берилүүчү кызмат акы комиссиянын макулдугу менен чечилет.

  1. Кабырдын устүнө күмбөз жана башка нерселерди шариятта жок болгондуктан тыюу салынат.
  2. Аза күндөр бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын  бир күндү белгилебей, ошол үйдүн экономикалык абалына жараша, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде Куран окутууга уруксат берилет.
  3.   Маркум менен бир айылда жашаган жакын туугандарына жана бала чакасына Куран окутууга тыюу салынат.

 

  1. Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым- жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүнү көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдар.

 

Жобого ылайык үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарына жана кызмат адамдарына, айыл өкмөтүнүн башчысы жана жергиликтүү комиссия кирет, комиссиялар өзүнүн ишин документтештирет.

5.1       Жергиликтүү комиссия

5.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө, айылдарда түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөт башчысы, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, билим берүү, ички иштер бөлүмунүн ардагерлери, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөттун буйругу менен бекитилет.

5.1.2.  Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү ырым жырымы  өткөрүлүп жаткан жерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Өлүк ээси жобонун талаптары менен таанышып ал тууралуу журналга кол койот. Жобонун талаптарынын аткарылышына маниторинг жана көзөөл жүргүзөт. Жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жургүзөт жана ал тууралуу комиссиянын отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга тийиштүү чаралар көрүлөт.

 

  1. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.

 

Айыл аймагында  үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинде жергиликтүү жамааттын уставында жана ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындан, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат. 

Нариман айыл аймагындагы  ФАПтарды Кара-Суу районундагы  Кара-Суу Жалпы Дарыгерлер  Практикалык Борборуна өткөрүп  берүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
10.06.2022-жыл
№7/2
Нурдар айылы
Нариман айыл аймагындагы ФАПтарды Кара-Суу районундагы Кара-Суу Жалпы Дарыгерлер Практикалык Борборуна өткөрүп берүү жөнүндө

Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Садыковдун Нариман айыл аймагындагы ФАПтарды Кара-Суу районундагы Кара-Суу Жалпы Дарыгерлер Практикалык Борборуна өткөрүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап, кенири ой пикир сунуштарды эске алып Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл  аймагынын Кызыл-Мээнет айылындагы ФАП,  ВЛКСМ айылындагы ФАП, Жаңы Маала айылындагы ФАП, Жийделик айылындагы ФАП, Беш-Мойнок айылындагы ФАП, Осмон айылындагы ФАП, Каратай айылындагы ФАП, Лангар  айылындагы ФАП, Күрөн-Кол айылындагы ФАП  Кара-Суу районундагы Кара-Суу  Жалпы Дарыгерлер Практикалык  Борборуна  өткөрүлүп   берилсин.
  2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман  айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
  3. Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айылдык   кеңешинин  элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык-маданий маселелер, жаштардын иштери, спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов


Нариман айыл аймагындагы бала бакчаларынын балдарынын ата-энелеринен   топтолуучу мүчөлүк төлөмүн 750 (жети жүз элүү) сомдон 1000 (миң) сомго көтөрүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
10.06.2022-жыл
№7/3
Нурдар айылы
Нариман айыл аймагындагы бала бакчаларынын балдарынын ата-энелеринен топтолуучу мүчөлүк төлөмүн 750 (жети жүз элүү) сомдон 1000 (миң) сомго көтөрүү жөнүндө

Нариман айыл аймагындагы бала бакчалардын башчыларынан жана бала бакчалардын балдарынын ата-энелеринен келген чогулушунун протоколунун негизинде бала- бакчалардын башчылырын, балдардын тамак аш калькуляциясы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап, кеңири ой пикир сунуштарды эске алып Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл аймагындагы бардык бала бакчалардын балдарынын  ата-энелеринен топтолуучу мүчөлүк төлөмдөрү 750 (жети жүз элүү) сомдон 1000 (миң) сомго көтөрүлүп берилсин.
  2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча айыл өкмөттүн орун басары Т.Токтосуновго жана ФЭБ башчысы М.Сайдазимовго жүктөлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык кеңештин экономика, бюджет, салык, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.  

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов


Нариман айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларын дайындоо жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
10.06.2022-жыл
№7/4
Нурдар айылы
Нариман айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларын дайындоо жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Абдуразакова Карачачтын ден соолугуна байланыштуу Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айылдык  кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына Нариман айылдык кеңешинин депутаттары Нишанова Лоло Эргашевна жана Жанболотова Гүлмайрам Карабаевналар дайындалсын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы өзүмө калтырылсын.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов


Нариман айыл аймагынын  Жаңы-Маала айылында жайгашкан  муницпалдык жерде турган  жер аянтын  ижарага берүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
15.07.2022-жыл
№8/1
Нурдар айылы
Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала айылында жайгашкан муницпалдык жерде турган жер аянтын ижарага берүү жөнүндө

Нариман айыл өкмөтүнүн Жаңы-маала айылында жайгашкан муниципалдык менчигинде турган идент. Коду : 5-04-11-1005-0550 болгон 2000,0 чарчы метр,идент коду: 5-04-11-1005-0673 болгон 216,0 чарчы метр болгон жалпы аянты 2216,0 чарчы метр муниципалдык менчиктеги жер аянтына “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалы тарабынан айыл чарбасына жараксыз багытта мамлекеттик актысы берилген. Нариман айыл аймагында социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында 2216,0 чарчы метр болгон жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жараксыз” жерлер категориясында болгон муниципалдык менчиктеги жер аянтын Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн региондорду өңүктүрүү бөлүмүнүн адиси Ш.А.Базарбаевтин берген маалыматы боюнча К.Рнын жер мыйзамдары 71-13-571 статьяларына ылайык конкурс же ачык тоорук аркылуу көп жылдык мөөнөткө ижарага берүү боюнча Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл өкмөтүнүн Жаңы-маала  айылында жайгашкан  муниципалдык менчигинде турган идент. Коду : 5-04-11-1005-0550 болгон  2000,0 чарчы метр, идент коду : 5-04-11-1005-0673 болгон 216,0 чарчы метр  болгон жалпы аянты  2216,0 чарчы метр муниципалдык  менчиктеги  жер аянтына “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин  Кара-Суу филиалы тарабынан  айыл чарбасына жараксыз  багытта мамлекеттик  актысы берилген. Нариман айыл аймагында  социалдык  инфраструктурасын  жакшыртуу максатында  2216,0 чарчы метр  болгон жер  аянтын “Айыл чарба багытындагы жараксыз” жерлер категориясында болгон  муниципалдык менчиктеги жер аянтын жашылдандыруу  үчүн   ижарага берилсин.
  2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман  айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин жер жана агрардык  маселелер, коммуналдык  менчик, соода, байланыш, транспорт  жол курулуш, нергетика,  капиталдык курулуш  иштери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    Л.Нишанова


Нариман айыл аймагынын Зарбдар айылындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин “ERIK” программасы алкагында мектептин  имаратын  капиталдык ремонттоо жана реконструкциялоо келишимин ишке ашыруу жөнүндө комиссия курамын түзүү

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз IХ сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
01.08.2022-жыл
№9/1
Нурдар айылы
Нариман айыл аймагынын Зарбдар айылындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин “ERIK” программасы алкагында мектептин имаратын капиталдык ремонттоо жана реконструкциялоо келишимин ишке ашыруу жөнүндө комиссия курамын түзүү

Нариман айыл аймагынын Зарбдар айылындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин “ERIK” программасы алкагында мектептин имаратын капиталдык ремонттоо жана реконструкциялоо келишимин ишке ашыруу жөнүндө комиссия курамын түзүү максатында

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Комиссия курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн:

          Абдуваит уулу Кабылжан-Нариман айылдык кеңешинин депутаты

          Абдурахманова Мухайё Ахматовна- Нариман айылдык кеңешинин депутаты

          Исмаилов Аллахберди Полотович-Нариман айылдык кеңешинин депутаты

          Рахманов Улугбек Исманович-Нариман айылдык кеңешинин депутаты

          Нышанова Лолахан Эргешовна-Нариман айылдык кеңешинин депутаты

          Халмаматова Умида Адилжановна-Нариман айылдык кеңешинин депутаты

          Мамажанов Бахадир Махаматжанович-Нариман айыл өкмөтүнүн жер адиси

2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман  айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

       3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин жер жана агрардык  маселелер, коммуналдык  менчик, соода, байланыш, транспорт  жол курулуш, энергетика,  капиталдык курулуш  иштери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов


Нариман айыл  өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз IХ сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
01.08.2022-жыл
№9/2
Нурдар айылы
Нариман айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Нариман айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата мүлк салыгынын 4- тайпасы боюнча 4500,0 сом бекитилген, бүгүнкү күндө автоунаалар кыймылдуу мүлк болгондуктан, эсебин так алууга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан мүлк салыгын 4-тайпасын азайтуу максатында Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Нариман айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата   мүлк салыгынын 4- тайпасы боюнча 4500,0  сом  бекитилген, бүгүнкү күндө  автоунаалар кыймылдуу мүлк болгондуктан, эсебин так алууга  мүмкүнчүлүк жок болгондуктан  мүлк  салыгын 4- тайпасын салыгы 2022-жылдын аягына чейин 4200,0 сомго  бекитилсин.
  2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман  айыл өкмөтүнүн ФЭБ  башчысына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңешинин  экономика жана   бюджет   боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов


Нариман айыл аймагындагы Зарбдар айылында муниципалдык балдар бакчасын ачуу  жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
30.08.2022-жыл
№10/1
Нурдар айылы
Нариман айыл аймагындагы Зарбдар айылында муниципалдык балдар бакчасын ачуу жөнүндө

Нариман айыл аймагындагы Зарбдар айылынын тургуну Самиева Умиданын Зарбдар айылында муниципалдык балдар акчасын ачуу жөнүндө жазган арызынын негизинде балдар бакчасын ачуу максатында Нариман айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына жана  жарандык кодексине  туура келсе  Нариман айыл аймагындагы  Зарбдар айылында  Маманазаров Шухратбектин  үйүндө үй шартындагы    муниципалдык “Найс  бэби” бала бакчасын ачууга  уруксат берилсин.
  2. Нариман  айыл аймагынын Зарбдар айылында ачыла турган  муниципалдык “Найс бэби” бала бакчасына штаттык бирдиктерди берүү  Кара-Суу райондук  билим берүү  бөлүмүнөн суралсын.
  3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө  Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жана Нариман айылдык кеңешинин  элге билим берүү, саламаттыкты   сактоо, социалдык маданий маселелер , жаштардын иштери спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов


Жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
30.08.2022-жыл
№10/2
Нурдар айылы
Жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Айыл өкмөтүндө каржылоо үчүн чыгашалардын айрым статьялары боюнча акча каражаттары жетишсиз болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” 109-статьясынын негизинде, ошондой эле жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Нариман айылдык Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

.   1.          70629 бөлүгүнүн 2215 статьясынан                700,0 миң сомго азайтылсын;

      70111 бөлүгүнүн 3112 статьясынан                700,0 миң сомго азайтылсын;

      70111 бөлүгүнүн 2215 статьясынан                40,0 сомго азайтылсын;

      70111 бөлүгүнүн  2111статьясынан                200,0 сомго азайтылсын;

      70823 бөлүгүнүн  3111 статьясынан               100,0 сомго азайтылсын;

       70111 бөлүгүнүн 2214 статьясы                     40,0 сомго көбөйтүлсүн;

       70111(кеңеш) бөлүгүнүн 2222 статьясы        100,0 сомго көбөйтүлсүн;

       70111(кеңеш) бөлүгүнүн 3112 статьясы        100,0 сомго көбөйтүлсүн;

       70825 бөлүгүнүн 2215 статьясы                      100,0 сомго көбөйтүлсүн;

       70921 бөлүгүнүн 2222 статьясы                      160,0 сомго көбөйтүлсүн;

       70921 бөлүгүнүн 3111 статьясы                      1040,0 сомго көбөйтүлсүн;

       70911 бөлүгүнүн 2222 статьясы                      200,0 сомго көбөйтүлсүн;                                                         

 

2Жергиликтүү бюджетке тийиштүү өзгөрүү киргизүү жана убагында каржылоо Нариман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Сайдазимовго жүктөлсүн. 

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы:    А.Нуманов