“Манас  айыл  аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү  жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№24/1
19.04.2024-жыл
“Манас айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Манас айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Манас айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Манас айылдык кеңешинин төрайымына жана Манас айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Жер участокторунун көлөмүн бекитип берүү жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№24/2
19.04.2024-жыл
“Жер участокторунун көлөмүн бекитип берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамы, 8-беренесине жана Манас айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 19-апрелиндеги №651 катына ылайык, калктуу конуштардагы укук белгилөөчү документтери жок жер участокторун бекитилүүчү обьектердин, чектерди көрсөтүү менен жер участогун куруу долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу Манас айылдык кеңешинин 24-сессиясында каралып кеңири ой пикир, сунуштар менен талкуулап чыгып Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер укуктук мимилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамы, 8-беренесине ылайык Манас айыл аймагынын баардык айылдардын жайгашуусуна, ген планга карап 0,6 га дан 25 га га чейин бекитилсин.

2. Чечимдин аткарылуусу Манас айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысына жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жакшыртуу жана пайдалануунун эрежелери жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№24/3
19.04.2024-жыл
“Маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жакшыртуу жана пайдалануунун эрежелери жөнүндө”

Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги каты менен бекитилген “Маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жакшыртуу жана пайдалануунун эрежелеринин” долбоору Манас айыл аймагында орнотулган жарнамаларды иретке келтирүү максатында Манас айлдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.  Манас айыл аймагында орнотулган жарнамаларды иретке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнүндө”, Шаар курулушу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык иш алып баруу үчүн “Маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана пайдалануунун эрежелеринин” долбоору бекитилсин.

2. Токтомдун бир нускасы Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


Манас   айылдык   кеңешинин

2024-жылдын 19-апрелиндеги

                                                                                                         кезектеги XXIV сессиясынын

                                                                                                   №24/3 токтомуна тиркеме

 

Манас айыл аймагында  маалыматтык жана жарнамалык

түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун

ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

I.Жалпы жоболор

 

{C}1. {C}{C}Манас айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун Эрежелери (мындан ары-Эрежелер) Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Шаар курулушу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамдарга жана нормативдик укуктук актылардын Жарлыгына ылайык иштелип чыккан жана Кара-Суу шаарынын аймагында менчигинин түрүнө карабастан жер тилкелеринде, имараттарда жана курулмаларда, же болбосо башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруу жана пайдалануу боюнча талаптарды, техникалык талаптарды, ошондой эле маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү бузуунун тартибин жөнгө салат.                

{C}2. {C}{C}Бул Эрежелерди сактоо Манас айыл аймагында  менчигинин түрүнө карабастан маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууда жеке жана юридикалык баардык тараптар милдеттүү.

{C}3. {C}{C}Манас айыл  аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруу жана пайдалануу бул Эрежелерде белгиленген тартиптерге туура келбесе андагы талаптардын бузулушуна жол берилбейт.

Бул   Эреже  жол кыймылынын белгилери  менен көчө-жол тармагынын көрнөктөрүнө таасир этпейт.

 

II.Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

  1. Бул Эрежелерде төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр жана аныктамалар  пайдаланылат:

  архитектуралык-техникалык документация – маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга жана пайдаланууга укуктуу тастыктаган текстик жана графикалык материал камтылган белгиленген түрдөгү документ (архитектуралыктехникалык корутунду);

        жарнамалык түзүмдүн ээси – жарнамалык түзүмгө мүлктүк укугу бар жарнамалык түзүмдүн ээси, же жарнамалык түзүмгө анын ээси менен келишим аркылуу ээлик кылган жеке, же болбосо юридикалык тарап;

маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн дизайн-долбоору (эскиз) – так жайгашкан жери, маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн өлчөмдөрү менен андагы сүрөттөр жөнүндө текст жана графикалык түрдөгү маалымат камтылган документтердин комплектиси (графикалык материал, же фотомантаж);

маалымат – берилүүсүнүн түрүнө карабастан калкка маалымат жеткирүүгө багытталган жана жарнамалык мүнөздө болбогон маалымат (билдирүүлөр, маалыматтар);

жарнама – адамдардын белгисиз чөйрөсүнө даректелген жана жарнамалык объектиге көңүл бурууларына багытталган, же ага кызыгууну колдоону калыптандырган жана анын рыноктогу алгалашына багытталган, болгон мүмкүнчүлүктөр, түркүн түрдөгү каражаттарды пайдалануу менен жайылтылуучу маалымат;

жарнама таратуучу – жарнаманы ар кандай жол менен ар кандай түрдө жана ар кандай каражаттарды пайдалануу менен таркатуучу адам; жарнамалык аянт – жарнаманы көрсөтүү жана жайылтуу үчүн пайдаланылган жарнамалык түзүмдүн аянты;

сырткы маалыматты жана жарнаманы таратуу - маалыматтык же жарнамалык түзүмдү пайдалануу жолу менен сырткы маалыматты жана жарнаманы көпчүлүккө көрсөтүү;

социалдык жарнама – ар кандай жол менен ар кандай түрдө жана ар кандай каражаттарды пайдалануу менен таркатылган, адамдардын белгисиз чөйрөсүнө даректелген жана кайрымдуулукка жана башка коомдук пайдалуу максаттарга багытталган, ошондой эле мамлекеттик кызыкчылыкты камсыз кылган маалымат;

ыйгарым укуктуу орган – Кара-Суу  шаарынын мэриясынын маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруу жана сырткы жарнама менен маалыматты таркатуу маселелерин жөнгө салууга ыйгарым укук берилген түзүмдүк бөлүм.

Брайл шрифти - азиздер жана көрүүсү начар адамдар жазып жана окуй турган рельефтик чекиттүү тактилдик шрифт.

 

III. Маалымат менен жарнаманы жайгаштыруунун жана 

таркатуунун ыкмалары

5.Маалымат менен жарнаманы жайгаштыруу жана таркатуу төмөндөгүлөрдү пайдалануу менен ишке ашырылат:

-маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү;

 -унаа каражаттарын;

-жол боюндагы инфраструктура менен көрктөндүрүү элементтерин;

-стационардык эмес.

   5.1. Маалымат жана жарнама түзүмдөрдөгү жарнама - маалымат жана жарнама түзүмдөрүндө жайылтуу үчүн жайгаштырылган ушул Эрежелер менен аныкталган жарнама.

5.2. Унаа каражаттарындагы жарнама – ар кандай унаа каражаттарында – жеңил же жүк ташуучу автомобилдин, автобустун сырткы беттерине жайгаштыруу менен таркатылуучу жарнама.

5.3. Инфраструктура жана көрктөндүрүү объектилериндеги жарнама – шаардык коомдук унаанын аялдама комплекстеринин түзүмдөрүнө, чакан архитектуралык формаларга, жол боюндагы жарыктандыруучу жана башка түркүктөргө жайгаштырылуучу жарнама.

Инфраструктура жана көрктөндүрүү объектилериндеги жарнама түзүмүнүн маалыматтык аянты анын эки тарабынын жалпы аянты менен аныкталат.

Инфраструктура жана көрктөндүрүү объектилериндеги жарнама түзүмдөрү ички жарыктандыруусу менен болууга, электр тармагынан ажыратуучу авариялык жабдуусу болуусу жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүсү керек.

5.4. Стационардык эмес объектилердеги жарнама – стационардык эмес объектилердин түзүмдүк элементтериндеги жарнама (павильон, киоск, тосмо ж.б.).

Стационардык эмес объектилердеги жарнама түзүмүнүн маалыматтык аянты пайдаланылуучу тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.

Жарнама түзүмдөрү ички жарыктандыруусу менен болууга, электр тармагынан ажыратуучу авариялык жабдуусу болуусу жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүсү керек.

5.5.Маалымат менен жарнаманы жайылтуу төмөнкүлөрдү пайдалануу жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн:

-басмакананын кыймылсыз постерлери (кагаз, винил ж.б.);

-сүрөттөрдү алмаштыруунун динамикалык тармактарындагы постерлер (роллердик өзгөрүп туруучу тармактардагы же бурулма панелдер тармагы – призматрондор ж.б.);

 -электрондук жана проекциялык жабдуулар.

IV. Маалыматтык түзүмдөр. Маалыматтык түзүмдөрдү

 жайгаштыруунун түрлөрү жана талаптары

6.Маалыматтык түзүм – жарнамадан тышкары маалыматты таркатууга багытталган түзүмдөр, курулмалар, ылайыкташтырылган техникалар, көркөм элементтер жана башка алып жүрүүчүлөр.

Ушул Эрежелер менен маалыматтык түзүмдөрдүн төмөнкү түрлөрү аныкталган:

6.1Витрина – товарлар менен тейлөөлөрдү көрсөтүү, сатып алуучулар тарабынан алардын мазмуну жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө, анын уюштурушу жөнүндө маалыматты жайгаштырууга арналган имараттын, курулмалардын айнектелген бөлүгү.

Витрина сөзсүз түрдө товарлардын өзгөчөлүгүн көрсөткөн, кечкисин жарыктандырылып турган жана товарлар менен жасалгаланышы зарыл.

Витринага сатылып жаткан баардык товарлар жана тейлөөлөр жөнүндө каалагандай маалымат жайгаштырууга уруксат берилет, бирок товарлар жөнүндө маалымат саны жана көлөму боюнча жогору болууга тийиш (70% жана андан жогору).

Витринага жалпы мамлекеттик же шаардык майрамдарга жана башка коомдук ишчараларга байланышкан майрамдык маалыматты жайгаштырууга уруксат берилет.

Эгерде витринанын ички тарабына панно (плакат ж.б.) жайгаштырылган учурда витрина жарнак катары каралат.

Витринанын ички тарабында жайгаштырылган витрина түзүмдөрүнө кийинки аралык айнектелген витринадан 15 см аралыктан кем эмес болууга тийиш.

Айнектелген витринанын ички тарабына коюлуучу витриналык түзүмдүн, же жарнак панносунун (электрондук алып жүрүүчүлөрдү кошкондо – экрандар жана таблолор) эң чоң өлчөмү бийиктиги боюнча айнектелген витринанын жарымынан жана узундугу боюнча айнектелген витринанын жарымынан ашпоого тийиш.

      6.2. Көрнөк – жеке жана юридикалык тараптар жайгашкан, же өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жердеги имараттын, курулмалардын жана стационардык эмес соода объектилеринин кире беришине жайгаштырылган маалымат тактасы.

Көрнөк – белгисиз адамдардын чөйрөсүн жеке адам жөнүндө маалымат, же юридикалык тараптын аталышын ишмердүүлүгүн көрсөтүү менен маалымдоо үчүн багытталган такта.

Көрнөктөрдөгү маалымат биринчи кезекте мамлекеттик тилде андан кийин расмий тилде, зарыл болгон учурларда башка тилде жасалгаланат.

   Бул учурда башка тилдердеги жазылган жазуулардын өлчөмү мамлекеттик тилдин текстиндеги тамгаларынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

     Көрнөктөрдө декоративдик элементтерди, ошондой эле товарлардын белгиси, же тейлөөнүн белгиси катары белгиленген тартипте катталган тексти, графикалык сүрөттөр менен башка комбинациялардын жайгаштырылышына жол берилет, бул учурда:

 -көрнөк жарнама катары колдонуусу тийиш эмес;

-эгерде имараттын баардыгы түзүмдүн ээсинин менчигинде болбосо экинчи кабаттагы терезелердин ылдыйкы деңгээлинен жогору болбоого тийиш;

   -дубалдан 25 см аралыктан ашык чыкпоого тийиш;

   -имараттын алдынкы бөлүгүнүн 1/6 бөлүгүн ээлөөгө тийиш эмес;

   -кечки мезгилде жарыктын жеке ички же сырткы булактары менен жарыктандырылуусу тийиш.

       6.3.Каттоо такталары – уюмдун юридикалык катталган толук аталышын, ведомстволук таандыгын чагылдырат.Каттоо такталары имараттын кире беришине жайгаштырылат. Каттоо тактасынын аянты 1,5 чарчы метрден ашпоого тийиш.

Ишкананын, мекеменин, уюмдун жана жайдын аталышы милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде жасалгаланат.

6.4. Маалыматтык тактачалар – уюм жөнүндө маалыматты иш убактысын чагылдыруу менен кире бериш эшикке, же витриналардын айнектерине келгендерге жакшы көрүүнү камсыздаган бийиктикте орнотулуусу мүмкүн.

Маалымат тактачасынын аянты 1,0 чарчы метрден, же 0,3 чарчы метрден кем болбоого тийиш жана тактачалардагы тамгалардын төмөнкү бийиктиги 2 сантиметрден кем болбоого тийиш.

6.5. Көрсөткүчтөр – көчөлөрдүн, аянттардын, өтмөктөрдүн, кыска көчөлөрдүн, долбоорлонуп жаткан (номердик) өтмөктөрдүн, проспектилердин, шосселердин, жээктердин, сеил бактарынын, туюк жайлардын, бульварлардын, аллеялардын, көпүрөлөрдүн, эстакадалардын аталыштары жана үйлөрдүн номерлери (көчө көрнөктөрү); картографиялык маалымат, жүргүнчүлөрдү ташуучу шаардык унаанын жүрүүчү жолдору жана күн тартиби, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жайгашкан жерлери.

Көчө көрнөктөрүндөгү тексттер (жазуулар) мамлекеттик тилде жазылат.

     Баардык имараттарга жана үйлөргө алардын тиешелүүлүгүнүн, баш ийүүсүнүн жана андагы жашаган жарандардын санына карабастан ирээти менен номер тагылуусу тийиш.

Убактылуу жашоо үчүн курулган курулмаларга (короолор, кампалар, отканалар ж.б.) номер коюлбайт.

Көрнөк тактачаларынын, имараттардын, көп кабаттуу уйлөрдүн кире бериштерине орнотулган тактачалардын тиешелүү абалда орнотулушу жана сакталышы алардын ээлерине жүктөлөт.

Имараттарга номер берүү төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:

  -түштүктөн түндүккө багыты бар көчөлөр үчүн – имараттардын номерлеринин жогорулашы түндүктү карай жүргүзүлөт;

    -батыштан чыгышты карай багыты бар көчөлөр үчүн – имараттардын номерлеринин жогорулашы чыгышты карай жүргүзүлөт.

Мында жуп сандуу номерлер түштүктөн түндүккө карай багыт алган көчөлөр үчүн көчөнүн батыш тарабында, ал эми чыгыштан батышка карай багыт алган көчөлөрдүн түштүк тарабына берилет. Так номерлер ушундай эле ирээтте көчөлөрдүн чыгыш жана түндүк тарабына берилет.

Көчөлөрдүн кесилиштериндеги имараттарга эки номер белгиси жана көчөлөрдүн аттары жазылган тактачалар берилип, алардын бири имараттын кире беришине тагылса, экинчиси имараттын башка жагына тагылат. Калган имараттарга бирден эле номер берилет. Кварталдын ичиндеги имараттар жарыяга ээ эмес.

Кварталдын ичиндеги имараттардын кире беришиндеги номер белгилери жерден 3 м бийиктикте жана бурчтан 20 см алыстыкта, номерлердин өсүү тарабын карай илинет. Чатырына чейин 3,5 метрден кем имараттарда номер белгилери чатырдын алдынан 20 см, же чатырдын айырмачтарынан 40 см төмөндүктө илинет.

Жарыялар (аншлаг) бурчтан 20 см алыстыктагы номер белгилеринин алдына илинет.

Жаңы жарыяларды (аншлагдарды) жана номерлерди имараттарга илүү учурунда алардын эскилери алынып ташталат.

6.6.Навигациялык модулдар – жер участокторундагы жана калктуу конуштун аймагын пландоону уюштуруу жөнүндө маалыматты камтыган, инфраструктура, маданий жана тарыхый эстеликтердин, шаардык мекемелер менен уюмдардын, аймактык жана муниципалдык маанидеги (менчик мамыларына, шаардык жарык берүүчү мамыларга, байланыш тармагынын мамыларына) пайдалануу рыногунун ишканалары менен объекттеринин жер тилкелеринде жайгашкан түркүктөргө орнотулуучу эки тараптуу түзүм.

6.7.Маалыматтык такта – өзүнчө турган менчик түркүгүнө орнотулган көрктөндүрүүнүн маалыматтык жалпак элементи.

 Маалыматтык такталар көп кабаттуу үйлөрдүн, турак үйлөрдүн, мекемелер менен ишканалардын имараттарынын кире бериштеринде, ошондой эле Кара-Суу шаарынын калкын маалымдоо үчүн багытталган муниципалдык менчик жерлеринде жайгаштырылат. Маалымат такталарынын эң чоң өлчөмү түзүүгө тийиш:

-бийиктиги – 1,05 м;

-узундугу – 0,75 м.

 

V. Жарнамалык түзүмдөр. Жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруунун

түрлөрү жана талаптары

7.Жарнамалык түзүмдөр – Кара-Суу шаарынын аймагында жарнаманы таркатуу максатында орнотулган такталар, плакаттар, кермелер, жарык жана электрондук таблолор, ар кандай нерселерге, аба шарларына, аэростаттарга ж.б. техникалык каражаттарга сырткы жарнаманы көрсөтүүгө багытталган проекциялык ж.б. жабдуулар.

8.Жарнама түзүмдөрү жайгаштырылышынын түрлөрү боюнча төмөндөгүдөй бөлүнөт:

-өзүнчө турган (менчигинин түрүнө карабастан жер тилкелеринде жайгаштырылган);

 -менчигинин түрүнө карабастан кыймылсыз мүлк объектилерине (имараттар, курулмалар ж.б.) кошулуучу каражаттар;

 -жеке долбоорлор боюнча талаптан тышкары аткарылгандар ( аба шарлары, аэростаттар ж.б. түрлөрү).

9.Өзүнчө турган жарнамалык түзүмдөр төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: чакан форматтуу, орто форматту, чоң форматтуу жана ири форматтуу.

   10.Чакан форматтууга 6 чарчы метр жарнама аянты бар төмөндөгүдөй жарнама түзүмдөрү кирет:

10.1.Туунун сабы – мамлекеттик жана фирмалык тууларды илүүчү түзүм, имараттар менен курулмалардын дубалдарына атайын кронштейндерге, ошондой эле жер тилкелериндеги өзүнчө турган түркүктөргө орнотулат.

Өзүнчө турган жарнама түзүмү пайдубалдан, таканчык рамасынан, тике түркүктөрдөн жана жумшак кездемеден турат жана тууну көтөрүү үчүн бийиктигин жөнгө салуучу жабдуу менен жабдылган.

Пайдубал эки түрдө жасалышы мүмкүн: бетондун негизинде, же асылма салмагы бар рама менен.

Жарнама аянты айрым турган туулардын баардык тараптарынын курамы менен аныкталат.

Мамлекеттик жана фирмалык туулар туруктуу илинип турушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу менен кездеменин өлчөмү боюнча орнотуу бийиктиги боюнча башка туулардан кичине жана төмөн болуусу мүмкүн эмес. Туулар эскилиги боюнча жаңыланууга же алынып коюуга тийиш.

Жарнамалык сүрөттүн (кездеме) өлчөмү 1,2 м х 0,6 м ашпоого тийиш. Туунун саптарынын саны 5 даанадан ашпоого тийиш.

10.2. Көчө баннери (стрит баннери)  – Шаардын көчөлөрүн жарыктандыруучу түркүктөргө орнотулуучу баннерлерди илүүгө ылайыкталган түзүм. Жарнама түзүмү жарнаманы жайгаштырууга багытталган жумшак кездемеден жасалган керме элементтеринен турат жана жарыктандырылбайт.

Жарнама аянты пайдаланылган тараптардын аянты менен аныкталат.

Стрит толугу менен же жарым жартылай жолдун үстүнкү бөлүгүнө жайгашбоого тийиш.

Стрит баннердин төмөнкү жагы жерден 2,5 метрден ылдый болбоого тийиш.

Жолду бөлгөн түркүктөн башка, бир түркүктө бирден ашык стрит баннерди орнотууга жол берилбейт.

Стрит баннердин өлчөмү 1,0 м х 3,0 м ашпоого тийиш

10.3.Сити-формат (шаардык формат) - тротуарларга жайгаштырылган, ички жарыктандыруусу бар, жарнамалык эки тараптуу обочо турган жарнамалык түзүм.

Жарнамалык сүрөттүн өлчөмү (бир тарабы): 1,2 м х 1,8 м.

 Сити-форматтын жарнамалык аянты анын эки тарабынын жалпы аянты менен аныкталат.

10.4.Пиллар – үч же төрт кырдан турган, ички жарыктандыруусу бар, обочо турган жарнамалык түзүм. Анын ар бир тикелей кеткен жарнамалык аянты 1,4 м х 3,0 м өлчөмүндө болууга тийиш.

Жарнамалык аянт пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.

10.5.Тумба – түтүк түрүндөгү, ички жарыктандыруусу бар, обочо турган жарнама түзүмү, жарнамалык аянты 3,0 метрге чейин бийиктикте болот.

Жарнамалык аянт пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.

10.6.Панель-кронштейн – имараттар менен курулмаларга туурасынан, ошондой эле шаардын көчөлөрүн жарыктандырган түркүктөргө тикесинен орнотулган ички, же сырткы жарыктандыруусу бар, эки тараптуу жарнамалык түзүм.

Жарнамалык аянт пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.

Панель-кронштейн ишкананын көрнөгү менен бир деңгээлде орнотулуп, өчүп күйүүчү булактары жок болууга тийиш. Бир тараптуу панель-кронштейндерди орнотууга жол берилбейт.

Панель-кронштейнди орнотуучу ишкананын кире бериш тарабынын узундугу 20 метрден кем болсо бирден ашык панель-кронштейн орнотууга жол берилбейт. Эгерде ишкананын кире бериш тарабынын узундугу 20 метрден ашык болсо кошумча панель кронштейн орнотууга уруксат берилет (кире бериш тарабынын ар бир 15 метр узундугунда).

Панель-кронштейндин төмөнкү бөлүгү жерден 2,5 метр бийиктиктен кем болбоого тийиш. Панель-кронштейн толугу менен, же жарым жартылай 2- кабаттын терезелеринин төмөнкү бөлүгүнөн жогору орнотулууга тийиш эмес.

 Өлчөмү 1,2 м х 0,8 м, калыңдыгы 5 см кем эмес жана 20 см ашык эмес болууга тийиш.

10.7.Жарыя тактасы (афишалык такта) – тротуарларга жайгаштырылган 1 же 2 маалымат аянттары бар жарнамалык түзүм.

Жарыя такталары театрлардын, кино театрлардын репертуарлары, спорттук ж.б. массалык иш-чаралар коомдогу окуялар, маданий оюн-зоок, спорттук ден соолукту чыңдоочу мүнөздөгү маалыматтар менен жарнаманы жайгаштырууга багытталган атайын жарыя тактасы.

Жарыя такталарында жарыя материалдарынан тышкары тиешелүү иш-чаралардын демөөрчүлөрү жөнүндө маалымат камтылышы мүмкүн.

Жарыя тактасынын бир тарабындагы маалымат аянтынын өлчөмү 1,8 м х 1,75 м түзөт. Жарыя тактасынын маалымат аянты анын тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.

Жарыя тактасынын пайдубалы эки түрдө болуусу мүмкүн: жер менен тең жана жерден жогорку. Жерден жогорку пайдубалды пайдаланган учурда пайдубал милдеттүү түрдө жарыя тактасынын дизайнына төп келген атайын форма боюнча декоративдүү материал менен беттелет.

10.8. Чакан форматтагы жарнама түзүмдөрүнө талаптар:

Пайдубалы эки түрдө болуусу мүмкүн: жер менен тең жана жерден жогорку.

Түзүм жогорку сапатта аткарылууга, узакка пайдаланууга, чогултуп кайра бузууда жөнөкөй, дат баспаган, бөөдө сындыруудан корголгон материалдардан болууга тийиш.

Айнек беттери коопсуз айнекти колдонуу менен жасалат.

Түзүмдүн металл элементтери дат басуудан 5 жылдан кем эмес мөөнөткө ченемдик кепилдиги бар мезгил-мезгили менен сырдоону талап кылбаган, ысытылган цинк порошогун колдонуу менен сырдалуусу тийиш.

Чакан форматтагы каражаттардын шайкештик сертификаты болууга тийиш.

11.Орто форматтагы жарнама түзүмдөрүнө жарнамалык аянты 12 чарчы метрге чейинки төмөнкү жарнама түзүмдөрү кирет:

Жарнамалык аянт пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.

12.1.Суперборд – жарнаманы жайгаштыруу үчүн атайын багытталган,  сырткы аянты бар, обочо турган жарнама түзүмү.

Суперборддун  бир тарабынын жарнамалык аянттын өлчөмү 12,0 м х 4,0 м түзөт.

Жарнамалык аянты пайдаланылган тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.

12.2 Мегаборд (суперсайт) - жарнама жайгаштырууга атайын багытталган сырткы аянты бар, обочо такта тузүмү.

     Суперсайттын маалымат талаасынын бир татабынан өлчомү 15,0 м х 5,0 м

      Жарнама аянты  пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен  аныкталат.

11.3.Жарык кутусу (лайтбокс) – имараттар менен курулмалардын кире бериш тарабына орнотулуучу, ички жарыктандыруусу бар жарнама түзүмү. Жарык кутучасы рама түрүндөгү конструкциядан турат жана маңдайкы бети жарнама алып жүрүүчү болуп эсептелет.

Жарнамалык аянты пайдаланылган аянт менен эсептелет.

 Жарык кутусу имараттын кире бериш тарабынын үстүнө орнотулат жана 25 см жогору чыкпоого тийиш.

11.4.Маркиздер – бастырманын кырлары түрүндө жасалып, жарнамалык маалымат жайгаштырылуусу менен имараттар менен курулмалардын витриналарынын кире бериш тарабына, же оюкчаларынын үстүнө орнотулган сырткы жарнама жана маалымат каражаты. Маркиздер жумшак жана катуу негизде жасалуу менен имаратка бекитилүүчү элементтерден, маалыматтык аянттан турат.

 Маркиздердин маалымат аянты тартылган сүрөттөрдүн өлчөмдөрү менен аныкталат.

Маркиздер биринчи жана экинчи кабаттын аралыгында, биринчи кабаттагы терезелердин үстүндө туурасынан жайгаштырылат. Маркиздер бир түзүмдүн өз ара байланышкан элементтери бар комплекс түрүндө жайгаштырылышы зарыл.

11.5.Орто форматтагы жарнамалык каражаттарга талаптар:

Пайдубалы жер бетинен чыкпай, жол бетинен ашпоого, газондон 150 мм ашыгыраак болбоосу тийиш.

Бурулуштун жалпы бийиктиги жол бетинин деңгээлинен 1,2 метрден жогору болбоого тийиш.

Ситибордду айнектөө үчүн материалдар коопсуздукту эске алуу менен колдонулуусу тийиш.

     12.Чоң форматтагы жарнама түзүмдөрүнө жарнамалык аянты 36 чарчы метрге чейинки төмөнкү жарнама түзүмдөрү кирет:

12.1.Билборд (жарнама тактасы) – жарнама жайгаштырууга атайын багытталган сырткы аянты бар, обочо турган такта түзүмү.

Жарнама аянтынын өлчөму: 6,0 м х 3,0 м, 4,0 м х 9,0 м.

Тактанын жарнамалык аянты анын пайдаланылган тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.

12.2.Чон форматтагы жарнама каражаттарына талаптар:

 Жарнамалык түзүмдүн пайдубалы жол бетинен ашпоого, газондон 150 мм ашыгыраак болбоосу тийиш.

Бир тараптуу жасалган түзүмдүн арткы бети декоративдүү жасалгаланууга жана ички, же сырткы жарыктануусу болууга тийиш.

Өлчөмү 4,0 м х 9,0 м болгон түзүмдөр көчөлөрдү бөлүүчү тилкелерде гана жайгаштырылат.

Жер тилкелеринде орнотулган чон форматтагы түзүмдөр бир жылда бир жолудан кем эмес тиешелүү иштерди жүргүзүүгө лицензиясы бар адистештирилген уюмдардан техникалык кароодон өтүшү керек.

{C}13. {C}Ири форматтагы жарнама түзүмдөрүнө жарнамалык аянты 36 чарчы метр, же андан жогору жарнама түзүмдөрү кирет:

13.1 Арка - жарнаманы жайгаштыруу үчүн сырткы аянты бар, пайдубалдан, рамкадан жана жарнамалык аянттан түзүлгөн, обочо турган жарнама түзүмү.

Жарнама түзүмүнүн орнотулган жериндеги мамылардын аралыктары тиги же бул технологиялык, инженердик шарттарга жана жайгашкан жеринин көрүнүшүнө жараша өзгөрүлүп туруусу мүмкүн жана бул учурда түзүмдүн ушул түрүндөгү жарнама аянтынын өлчөмдөрүнө ири форматтагы жарнама каражаттарынын баардык талаптары таркатылат.

Арканын жарнамалык аянты анын пайдаланылган тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.

13.4.Брандмауэрное панно (дубал паннолору) – терезе тешиктери, витриналары, архитектуралык деталдары, декоративдик дизайны жок имараттардын жана курулмалардын бош каптал бетине жайгаштырылган жарнама түзүмү, түрү:

 -сүрөт, түздөн-түз дубалга тартылган;

-бекитүүчү элементтен, рамкадан жана жарнама аянтынан турган түзүм.

Дубал панносунун жарнама талаасынын аянты түзүмдүн, же түздөн-түз тартылган сүрөттүн өлчөмдөрү менен аныкталат.

Ташуу учурунда коопсуздукту сактоо максатында бекитүүчү элементтери бар брандмауэр паннолору үчүн түзүмдү бекитүүгө долбоор иштеп чыгуу милдеттүү болуп саналат.

Брандмауэр паннолору жарыктандырылышы керек.

13.5.Медиа-фасаддар – жарнамалык материалдарды көрсөтүүгө декоративдик архитектуралык деталдары жок имараттардын, курулмалардын дубалдарынын бетине, же дубалдын пластикасын кайталаган металл рамкага түздөн-түз жайгаштырылган ири форматтагы жарык өткөрүүчү жарнама түзүмү (дисплей).

Медиа-фасаддын конструкциясы металл, же полимердик тордон турат, ага интегралдык, светодиоддук аппараттар орнотулуп, сүрөттү көрсөтөт.

Медиа-фасаддын жарнама талаасынын аянты жарнама талаасынын өлчөмүнө жана көрсөтүлгөн сүрөттөрдүн санына жараша жекече аныкталат.

Жарнамалык түзүмдү медиа-фасад түрүндө жайгаштырууда терезелердин табигый жарыктандыруусу жана нормативдик инсоляциясы бузулбашы керек.

Конкреттүү имаратка медиа-фасадды жайгаштыруу үчүн аны ташуу учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында бүтүндөй имараттын жарнама жасалгалоосунун комплекстүү дизайн-долбоору (эскизи) жана түзүмдүн (тордун) техникалык документтери иштелип чыгат.

Медиа-фасаддар авариялык өчүрүү системасы менен жабдылышы жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.

Күндүзгү убакта медиа-фасаддардагы сүрөттөрдү көрсөтүү динамикалык эффектерди колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Бирок түнкүсүн динамикалык эффектерди колдонуу менен медиа-фасаддарда сүрөттөрдү көрсөтүүгө тыюу салынат. 

Түнкүсүн медиа-фасадтарындагы сүрөттү өзгөртүү 1 мүнөттө бир жолудан ашык эмес жүргүзүлүшү керек, сүрөттү өзгөртүүнүн узактыгы 10 секунддан ашык болушу керек жана жарыкты нөлгө чейин акырын азайтуу жана андан кийин жарыкты акырындык менен жогорулатуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

13.6.Стелы – юридикалык жактарды, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекелештирүү үчүн пайдаланылуучу, көп ишти аткарган комплекстерди, соода жана оюн-зоок борборлорун жайгаштыруу жана иштетүү үчүн юридикалык жактар жайгашкан жерден тышкары жер тилкелерине же аларга жанаша жайгашкан аймактарга орнотулган, жарнаманы жайгаштыруу үчүн сырткы аянты бар, обочо турган жарнама түзүмү.

Стелалар пайдубалдан, түркөктөн, рамкадан, маалымат талаасынан турат жана ички, же тышкы жарыктандырууга ээ. Стеланын капталдарынын саны төрттөн ашпоого тийиш.

Стеланын төмөнкү түрлөрүн орнотууга уруксат берилет:

 - чоң (бийиктиги 30 м);

- орто (бийиктиги 20 м);

- кичинекей (бийиктиги 15 м)

 Стеланын пайдубалы тротуардын деңгээлинен же жер деңгээлинен чыгып кете албайт. Стела авариялык өчүрүү тармагы менен жабдылышы жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.

Жарнамалык аянты анын пайдаланылган тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.

13.7.Ири форматтагы жарнама каражаттарына талаптар:

 Ири форматтагы түзүмдөр сырткы жана ички жарыктандыруусу менен болууга тийиш.

Жер тилкелерине жайгаштырылуучу ири форматтагы тузүмдөргө белгиленген тартипте экспертизадан өтүүгө тийиш болгон долбоордук документация иштелип чыгат.

Жер тилкелерине жайгаштырылуучу ири форматтагы түзүмдөр тиешелүү иштерди өткөрүүгө лицензиясы бар адистештирилген уюмдарда жылына бир жолудан көп эмес техникалык кароодон өтүүгө тийиш.

14.Имараттын кире бериш тарабына, же чатырга орнотулуучу жеке долбоор боюнча даярдалган жарнама түзүмдөрү төмөндөгүдөй элементтерден турууга тийиш:

-жарнамалык аянт (тексттин бөлүгү) – ариптер, арип символдору, аббревиатуралар, сандар;

 -көркөм элементтер (логотиптер, белгилер ж.б.);

     -бекитилүүчү элементтери (мейкиндик торчолору).

Жарнамалык аянт жана көркөм элементтер, ички жарыктандыруу менен гана жабдылуусу тийиш.

Жарнама түзүмүнүн жарнамалык аянты түзүмдүн өлчөмдөрү менен аныкталат.

Имараттардын кире бериш тарабына же чатырына жайгаштырылуучу жарнамалык түзүмүндөгү өзүнчө ариптер менен логотиптерди орнотууда анын сүрөтүн алмаштыруу технологиясынын, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүлөрдүн, кыймылдуу бөлүктүн жардамы, ошондой эле медиалык технологияларды пайдаланууга жол берилбейт.

Жарнамалык түзүмдүн бийиктиги:

-1жана 2 кабаттуу объектилер үчүн 0,8 метрден ашпоого;

-3жана 5 кабаттуу объектилер үчүн 1,20 метрден ашпоого;

-6жана 9 кабаттуу объектилер үчүн 1,80 метрден ашпоого тийиш.

Эгерде жарнамалык түзүмдө товардык белги менен тейлөө белгисинин сүрөтү бар болсо айрым маалымат аянтынын, же чатырдагы жарнамалык түзүмдүн көрсөтүлгөн товардык белгилери, тейлөө белгилеринин сүрөтү кирген болсо анын бийиктиги пункта көрсөтүлгөн өлчөмдөрдөн ашуусу мүмкүн, бирок 1/5 эседен көп эмес.

Объектинин чатырына орнотулуучу жарнама каражатынын узундугу ал орнотулуучу кире бериш тарабынын узундугунун 70% нан ашпоого тийиш.

Жарнамалык түзүмдүн бекитүүчү элементтери түзүмдүн капталы жана үстү боюнча периметринен чыкпоого тийиш. Чатырдагы жарнама түзүмүнүн маалыматтык аянтынын аралыгы парапеттен төмөнкү жагына чейин 1 метрден ашпоого тийиш. Өзүнчө ариптер жана логотиптер түрүндөгү жарнама түзүмдөрү үчүн орнотуу, чогултууда жана пайдаланууда коопсуздукту камсыз кылуу максатында милдеттүү түрдө жумушчу долбоордук документациясы иштелип чыгат.

     Айрым ариптер жана логотиптер түрүндөгү жарнама түзүмдөрү электр тармагынан авариялык өчүрүү тармагы менен жабдылууга тийиш жана өрт коопсуздугунун жабдуулары менен жабдылып өрт коопсуздугунун башка талаптарына шайкеш келүүсү керек.

15.Жеке долбоор боюнча даярдалган стандарттык эмес жарнама түзүмдөрү – ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн башка форматтардан өзгөчө форматка ээ болгон жарнама түзүмү.

Жеке долбоорлор боюнча даярдалган стандарттык эмес жарнамалык түзүмгө көлөмдүү мейкиндик түзүмү кирет, андай жарнамалык түзүмдө жарнама маалыматын таркатуу үчүн объектинин көлөмү менен үстүнкү аянты пайдаланылат (анын ичинде аба шарлары, аэростаттар, көлөмдүү мейкиндик моделдери ж.б.). Көлөмдүү мейкиндик түзүмдөрүнүн маалыматтык аянты эсептөө жолу менен аныкталат.

15.1.Көтөрүп жүрүүчү жарнама түзүмдөрү – техникалык каражаттарды пайдаланбастан адамдар тарабынан бир орундан экинчи орунга которулуучу тышкы жарнама менен маалыматтын убактылуу каражаттары.

Жарнамалык аянт көтөрүп жүрүүчү түзүмдүн жарнамалык аянтынын өлчөмүнө байланыштуу болот.

Көтөрүп жүрүүчү жарнама түзүмдөрү жөө жүрүүчү аймактарда жана жөө жүрүүчү жолдордо пайдаланууга жол берилет. Көтөрүп жүрүүчү жарнама түзүмдөрүн жөө жүрүүчүлөргө жолтоо жаратып, жолдун бөлүгүн көрүүгө жолтоо болсо пайдаланууга тыюу салынат.

15.2.Проекциялык жабдуу – сүрөттөрдү жерде, дубалдардын боорунда, же башка көлөмдө жарнама сүрөтүн калыптандырууга багытталган сүрөттөрдү чагылдырылуучу жарнама түзүмдөрү.

Жердеги, же дубал боорундагы маалымат аянты проекциялык беттин өлчөмдөрү менен ал эми көлөмдүү сүрөттөдүн аянты эсептөө жолу менен аныкталат.

Проекциялык жабдууларды жайгаштырууга жер тилкелери сыяктуу эле имараттарга жана курулмаларга жайгаштырууга жол берилет.

 15.3.Электрондук экрандар (электрондук табло) – жарык берүүчү диоддордун, лампочкалар менен жарыктын башка булактары же жарык чагылдырылуучу элементтердин эсебинен экрандын бетине сүрөттү чагылдырууга багытталган түзүм.

Экрандар обочо турган түзүм, же болбосо имараттар менен курулмалардын дубалдарына жана чатырларына жайгаштырылуучу түзүм катары жайгаштырылышы мүмкүн.

Электрондук таблонун жарнамалык аянты берилип жаткан сүрөттөрдүн саны, же жарнамалык аянттын өлчөмү менен өзүнчө эсептөө жолу аркылуу аныкталат.

Электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү сүрөттөрдү көрсөтүү динамикалык таасирлерди, аудио чыгармалар камтылган сүрөттөрдү пайдаланбай статикалык сүрөттөрдүн технологияларын пайдалануу менен жүргүзүлүүгө тийиш (медиафасаддардан тышкары). Жарык мезгилде сүрөттөрдүн алмашуусу 5 секунддан кем болбоого, сүрөттү алмаштыруунун узактыгы 2 секундадан көбүрөөк болуусу жана анын жарыктыгын нөл маанисине чейин пландуу төмөндөтүү жана жарыкты кийинки пландуу жогорулатуу жолу аркылуу жүргүзүлөт.

Сүрөттү караңгы мезгилде алмаштыруу 5 секунддан кем болбоого, сүрөттү алмаштыруунун узактыгы 2 секундадан көбүрөөк болуусу жана анын жарыктыгын нөл маанисине чейин пландуу төмөндөтүү жана жарыкты кийинки пландуу жогорулатуу жолу аркылуу жүргүзүлөт.

Электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү сүрөттөрдү караңгы мезгилде көрсөтүү учурунда ак түстү (фонду) пайдаланууга жол берилбейт.

15.4.Курулуш объектилериндеги жарнама – курулуш, же реконструкцияланып жаткан объектилердин убактылуу тосмолорунда, же курулуп, реконстркуцияланып жаткан имараттын маңдайкы бетине жайгаштырылуучу жарнама.

Жарнаманын аянты түзүмдүн өлчөмдөрү же тартылган сүрөттүн өлчөмдөрү менен аныкталат.

Кошумча жасалгалоо иретинде жүргүзүлүп жаткан курулушта анын мурдагы тарыхый орду жөнүндөгү графикалык сүрөттөр менен фото документтер пайдаланылышы мүмкүн.

Курулуш аянтынын тосмосуна жайгаштырылуусу мүмкүн: жер бетинен 0,3 метрден кем эмес бийиктиктеги бир бүтүн лента орнотулган көркөм жасалгалоо, жарнама, социалдык плакат, ж.б. маалымат. Жарнама түзүмүнүн бийиктиги долбоор менен аныкталып, объектини куруу учурунда жолтоо болбошу керек.

15.5. Стандарттуу эмес жарнама түзүмдөрүнө талаптар архитектуралыктехникалык документация менен бекемделет.

VI. Жалпы талап жарнамалык иш-кагаздыр алуу боюнча

16. Архитектуралык-техникалык кортунду (АТК) жарнамалык каражаттарын орнотуу иш-кагаздарын архитектура органы, тагыраак айтканда Кара-Суу шаарынын шаар куру жана архитектура боюнча башкармалыгы, тарабынан берилет.

16.1. Жеке же юридикалык жактар жарнамалык обьектисин орнотуу боюнча ишкагаздарын (АТК) алуу үчүн “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча Кара-Суу шаарынын шаар куру жана архитектура боюнча башкармалыгына кайрылат.

17. Эгерде орнотулуучу жарнак каражаты Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндөгү”, “Шаар курулушу жана архитектура жөнүндөгү” мыйзамдарга жана нормативдик укуктук актылардын ылайык келген учурда Кара-Суу шаарынын шаар куру жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 14 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө архитектуралык-техникалык кортунду (АТК) иш-кагаздары даярдалып берилет.

18. Архитектуралык-техникалык кортунду (АТК) 1 (бир) жылдык мөөнөт менен мөөнөтүн узартуу шартында берилет.

VII. Маалыматтык жана жарнамалык жалпы түзүмдөргө талаптар

19. Манас айыл аймагында жайгаштырылган маалыматтык-жарнамалык курулмалар техникалык регламенттердин, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин, мамлекеттик стандарттардын, архитектуралык-техникалык документтердин талаптарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарына жана башка талаптарга ылайык даярдалган жана орнотулушу керек. Кара-Суу шаарынын тышкы архитектуралык-көркөм көрүнүшүн бузбоого жана маалыматтык-жарнамалык конструкциялардын эстетикалык мүнөздөмөлөрү алар жайгашкан объекттин стилине ылайык келишин камсыз кылууга тийиш.

Түзүмдөрдү даярдоодо колдонулуучу материалдар заманбап сапат талаптарына жооп бериши керек.

19.1 Манас айыл аймагында социалдык объектилердин маалыматтык түзүмдөрү азиз жана көрүүсү начар адамдар маалыматка жетүү үчүн Брайл шрифти менен кайталанышы зарыл.

20. Манас айыл аймагында маалыматтык-жарналык түзүмдөрүн жайгаштырууга жана маалыматты жана жарнактарды жайылтууга архитектуралыктехникалык документтер жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксат болгон учурда гана жол берилет.

21. Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүнүн сырткы көрүнүшү бүтүндүккө ээ болууга тийиш; тыкан боѐлгон рамкалар; кечки убакта жарыктануусу бар түзүмдөр. Мындан тышкары түзүмдүк элементтерде боштуктар, дат жана кир, ашыкча элементтер (аркан ж.б.), чапталган жарнактар жана башка маалымат билдирүүлөр, механикалык бузулуулар, жарнама полотносунун айрылышына, ошондой эле бардык болүктөрүндө жана түзүмдүк элементтеринде бөтөн жазуулардын жана сүрөттөрдүн болушуна жол берилбейт. Түзүмдүк элементтери жашырылган же эстетикалык жактан иштелип чыккан көрүнүшкө ээ болушу керек.

22.Түзүмдөрдү тийиштүү формага келтирүү муктаждыгына жараша менчик ээлери тарабынан туруктуу негизде жүзөгө ашырылат.

23.Көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында тышкы жарнама каражаттарында жарнама жок болгон учурда жарнаманы таратуучу социалдык жарнаманы жайгаштырууга милдеттүү.

24.Манас айыл аймагында  айрым түзүмдөрдө маалыматты же жарнаманы жайгаштыруу, алмаштыруу түн ичинде (саат 22:00дөн 06:00гө чейин) жүргүзүлүшү керек.

25.Коомдук жайларда жарнама түзүмдөрүнүн иштеши жөө жүргүнчүлөрдүн эркин өтүшүн, көчөлөрдү жана тротуарларды тазалоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

26.Жарнама түзүмдөрүнүн конструкциялык бекемдөөчү жана бекитүүчү элементтери (болттуу байланыштар, таяныч элементтери, технологиялык жоолуктар ж.б.) жасалгалоочу элементтер менен жабылууга тийиш.

27.Тышкы жарнаманын жана маалымат каражаттарынын ээлери Кара-Суу шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында, анын ичинде электрондук сүрөтү бар жарнама түзүмдөрү өзгөргөн учурда, Кара-Суу шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын талаптарына ыкчам чара көрүүгө милдеттүү. Турак жай жана коомдук имараттарды табигый, жасалма жана айкалыштырылган жарыктандыруу талаптарын бузуу менен технология аныкталган, эксплуатацияланган, жарнама түзүмдөрүнүн менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси аныкталган бузууларды жоюу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү. Эгерде аныкталган бузууларды четтетүү мүмкүн болбосо, жарнама түзүмүнүн менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси сүрөттү өзгөртүү технологиясын өзгөртүүгө милдеттүү.

28.Жол кыймылынын коопсуздугунун талаптары

28.1.Жарнама түзүмдөрү тийиш эмес:

-жол кыймылын уюштуруучу техникалык каражаттардын көрүнүшүн далдаалап чектеши, же кыймылдын катышуучуларынын кабылдашына таасир этип, жолтоо болууга;

-жол кыймылынын катышуучуларын жарыгы менен, анын ичинде түзүмдөн чагылышуу аркылуу көздү тайгылдырууга;

 -инженердик курулмалардын асма курамына жайгаштырууда алардын өлчөмдөрүн кичирейтүүгө;

-жөө адамдардын кабылдашы үчүн, тактап айтканда алар сүрөттү көрүү үчүн жолго чыгууга мажбур болгудай жайгаштырылууга;

-угуусу жакшы адамдарга автомобиль жолдорунун чектеринде угулушу мүмкүн болгон үндү чыгарууга.

28.2.Жарнама аянтына жараша жолдун бир капталына жайгашкан жарнама түзүмдөрүнүн аралыктары кем болбоого тийиш:

-6 чарчы метрге чейин – 20 метр;

-12 чарчы метрге чейин – 60 метр;

-12 чарчы метрден 18 чарчы метрге чейин – 100 метр

 -18 чарчы метрден жогору – 150 метр.

28.3.Жарнама түзүмдөрүн жол боюнда жайгаштырууда жолдун четине чейинки аралык 3 метрден кем болгон учурда түзүмгө автоунаалардын урунушунун алдын алуу үчүн жол тосмолору орнотулушу тийиш.

28.4.Жарнамалык, же маалыматтык тактанын жол бетинен, болбосо жер бетинен бийиктиги 2,5 метр, ал эми жолдун үстүнө орнотула турган болсо 4,5 метрден кем болбоосу тийиш.

28.5.Жарнаманы ички, же сырткы жарыктандырууда жарык берүүчү жабдуулар жарыктын жол бетине тикелей тийишине мүмкүндүк бербегидей болуп орнотулууга тийиш.

28.6.Жарнама түзүмдөрү менен светофорго чейинки аралык таблицада көрсөтүлгөндөн кем болбоого тийиш:

Кыймылдын ылдамдыгы

Жарнама түзүмдүн аянты (чарчы метр)

 

18ден жогору

12ден 18ге чейин

6дан 12ге чейин

6дан аз

60

100

60

40

25

 

 

 

 

 

29.Түрлөрү боюнча жарнама түзүмдөрүн аймактык жайгаштырууга талаптар.

29.1.Манас айыл аймагында түрлөрү боюнча жарнама түзүмдөрүн жайгаштырууга талаптар жарнама түзүмүнүн, же кыймылсыз мүлк ээсинин ээлик кылууларынын түрлөрүнө карабастан шаардын аймагына орнотулган жарнама түзүмдөрүнүн баардыгына колдонулат.

29.2.Ушул Эрежеде көрсөтүлгөн тиешелүү аймактарга анда жайгашкан жалпы пайдаланылуучу жолдун бөлүктөрү, кыймылсыз мүлк (имараттар, курулмалар), стационардык эмес объектилер кирет.

29.3.Ушул Эрежеге ылайык ар бир аймактар үчүн айрым түзүмдөрдү ошол аймактарга жайгаштырууда шарттуу бөлүүлөргө жол берилет:

{C}30.  {C}Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн чогултуу, бузуу жана пайдалануу учурундагы талаптар.

30.1.Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн чогултуу, бузуу жана пайдалануу боюнча иштер архитектуралык-техникалык документацияга ылайык аткарылууга тийиш.

30.2.Жер тилкелерине жайгаштырылуучу маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүнүн пайдубалы жана аларды орнотуудагы башка жер иштерин өткөрүү белгиленген тартипте иштелип чыккан жер иштеринин өндүрүшүнө ордердин негизинде жүргүзүлөт.

30.3.Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн чогултуу учурунда жолдун, же көчөнүн бир бөлүгүн ээлөө үчүн убактылуу тосуу жөнүндөгү маалымат жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү аймактык бөлүмгө иш башталганга чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш.

30.4.Түзүмдүн ээси, же мыйзамдуу ээси жарнама түзүмдөрүн чогултуп, же бузуп бүткөндөн кийин 4 суткадан ашык эмес мөөнөттө аймакты көрктөндүрүп жана объектини калыбына келтирүүгө милдеттүү:

 30.5.Түзүмдүн ээси, же мыйзамдуу ээси маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн чогултууда, бузууда жана пайдаланууда шарттарды бузуунун негизинде пайда болгон баардык коопсуздук эрежелерине, ошондой эле бузулуу жана авариялык кырдаалдар үчүн жоопкерчиликтүү.

30.6. Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн чогултуу боюнча иштер аяктагандан кийин түзүмдүн ээси, же мыйзамдуу ээси үч күн аралыгында ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.

 

VIII.Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн жайгаштырууга байланышкан чектөөлөр.

31.Манас айыл  аймагында маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн жайгаштырууга жана пайдаланууга тыюу салынат:

 Жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары менен атайын белгилери, ошондой эле жолдо бараткан жөө адамдарга, унаа каражаттарына жаныбарлардын ж.б. нерселерге, объектилерге окшоштугу бар (сырткы көрүнүшү, сүрөтү, же үн белгилери боюнча) жол-унаа кырдаалын баалоону кыйыңдаткан кырдаалда; 

Жол кыймылын жөнгө салууга багытталган жол белгилери, светофор түркүктөрү, же башка ар кандай жабдуулардын бир түркүктө жайгашышына;

Жолдордун авариялык коопту тилкелеринде;

-темир жол өткөөлдөрүндө жана ага 50 метрден жакыныраак жайгашкан белгилерди. Бул учурда темир жол өткөөлдөрүнө белгилерди жакын жайгаштыруу темир жол башкармалыгынын тиешелүү органы менен макулдашкан учурда мүмкүн;

 -ар кандай деңгээлдеги унаа түйүндөрүнүн, көпүрөлөрдүн, темир жол көпүрөлөрүнүн чектеринде, ошондой эле алардан 50 метрден кем аралыкта жайгаштырууга;

-учурдагы колдонулуп жаткан мамлекеттик стандарттар менен ченемдик актыларга ылайык аныкталган “Трансорт-транспорт” жана “Транспорт-жөө адам” үч бурчтуктарынын көрүнүшүнүн чектеринде;

-жол тосмолорунда жана багыттоочу жабдуларда;

 -көчөлөр менен жолдордун 4% эңкейиши бар бөлүктөрүндө;

-каттам унаа каражаттарынын аялдамаларына 25 метрден жакын;

-өзүнө кыймылдуу элементтерди, сүрөттөрдү камтыган, айрыкча бүтүндөй жарнама, же маалымат бир убакта толугу менен көрүнбөй жол кыймылынын катышуучуларына окулуу убактысы созулуу менен пайдаланууга тыю салынат;

-автомобиль жолдорунун жөө адамдар басуучу жолдордун, унаа каражаттарынын токтоочу аянттарынын, имараттан тышкаркы жөө адамдар басуучу башка жайлардын үстүнө, чарба жүргүзүүчү субъектер, товарлар, иштер, тейлөөлөр, соода объектилери ж.б. ушул сыяктуу маалымат жөнүндө курулуш материалдарын, сырларды, жол белгилерин пайдалануу менен чачыратуу аркылуу жарнамаларга жана сүрөттөргө жазууга;

-шаарды гүлдөр менен жасалгалоо үчүн пайдаланылуучу аймактарда, ошондой эле жөө адамдар жүрүүчү жолдорго орнотуудан, ошондой эле аларды механикалаштыруу жолу менен тазалоо үчүн 2 метрден кем болбогон учурда;

-сырткы (көчөлөрдөгү) жер алдындагы жана жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү түзүмдөрдө; -алмаштырылып туруучу жарнама билдирүүлөрүн жайгаштырууга багытталган имараттардын кире бериштеринде;

 -турак жайлардын терезелерине тикелей багытталган нурлары өтө жарык, же өчүп күйүп турган жарыктандырууну орнотууга;

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген текстти, маалыматты камтыган сүрөттөрдү;

-жер алдындагы коммуникациялардын үстүнө;

-жөө адамдардын жүрүшүнө, көчөлөрдү жана жөө адамдар басуучу жолдордо тоскоолдуктарды түзүүгө электр жарыгын берүүчү мамылар менен түркүктөргө, тосмолорго, дубалдарга, жөлөнгүчтөргө, дарбазаларга жана бак-дарактарга жарнама менен маалыматты, ошондой эле плакаттарды, башка сүрөттөрдү мүмкүн болгон жеткиликтүү ыкма менен чаптоого, же бекитүүгө;

-жарык берүүчү коробкалар менен айнектелген витриналарды алмаштыруу;

-электрондук алып жүрүүчүлөрдү- экрандарды айнектелген витринанын баардык бийиктигинде жана узундугунда витрина түзүмдөрүндө башка жабдуулар менен алмаштырууга;

-көлөмдүү тамгалар менен логотиптерди жайгаштыруудан башка учурларда терезе, эшиктерди, витриналарды, витраждарды сыртынан толук, же айрым жабылуусуна;

-объектилердин кире беришиндеги архитектуралык бөлүктөргө (анын ичинде лоджияларда, балкондордо, түркүктөрдө, тепкичтердеги жөлөнгүчтөргө, оймолорго;

-мемориалдык такталардан 10 метрден кем аралыкта; -көчөлөрдүн жана үйлөрдүн номерлеринин аталыштарынын көрнөктөрүнүн жабылышына;

-үйдүн, имараттын кире беришине декоративдүү-көркөм жана тексттин сүрөтүн көрнөк түрүндө тартууга(ушул эрежелерде каралбаган башка ыкмалар менен сырдоого);

 -сүрөттөрдү алмаштыруунун динамикалык тармактарындагы постерлерди көрсөтүүнүн (роллердик тармактар, призматрондор ж.б.), же электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү көрсөтүлүп жаткан сүрөттөрдүн жардамы аркылуу көрнөктөрдү көрсөтүүгө (экран, жүгүртмө саптар ж.б.);

-текст, товардык белги, ушул жазылышта катталган тейлөө фирмасынын логотиби, же белгиси бар кирилица менен жазылган кыргыз орус тилдериндеги тексттер жазылган учурдан тышкаркы учурларда чет элдик аталыштардын латын тамгасы менен жазылышы;

-жумшак негизде жасалып, пайдалануудагы электр түркүктөрүнө жолдун үстүнө тартылган транспаранттар, кермелер;

-маалымат менен жарнама жайгаштырылбаган түзүмдөргө, сүрөттөрдү алмаштыруу боюнча иштерди өткөрүүгө кеткен убакыттан тышкары, бирок 3 сааттан ашык эмес;

-геометриялык өлчөмдөрүн бузуу менен; -белгиленген талаптарды бузуу менен; -маалымат аянтында тамгаларды тикелей жайгаштыруу менен;

-чатырын кошо алганда биринчи жана экинчи кабаттын ортосунан жогору эмес; -имараттардын чатырынын кырларына;

-эшик-терезелерди, ошондой эле витраждар менен витриналарды толук жабуу (калкалоо); -чатырларда, лоджиялардын, балкондордун чатырында жана алардын өзүндө;

 -дубалдагы көрнөктөрдүн биринин үстүнө бирин;

 -айнектелген витриналардын бетин сырдоо, же аларга декоративдүү пленкаларды чаптоо;

-картонду, кездемени, баннердик кездемени пайдалануу менен жасалган көрнөктөрдү (афишадан тышкары);

-обочодо турган чогултулуп-бузула турган (жыйналуучу) түзүм – штендер түрүндөгү көрнөктөрдү;

-курулушу бүтпөгөн объектилердин сырткы беттериндеги көрнөктөрдү.

IХ. Маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү бузуу

32.1.Белгиленген талаптарга ылайык келбеген маалыматтык жана жарнамалык түзүм аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган аныкталган түзүм жөнүндө маалыматты Кара-Суу шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы Муниципалдык менчик башкармалыгына жөнөтөт.

32.2.Түзүмдү белгиленген талаптарга ылайык келтирүү анын ээсинин жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Ыктыярдуу түрдө түзүмдү бузуу анын ээси тарабынан объектинин жайгашуучу орду объект жайгаштырылганга чейин кандай абалда болсо, түзүм бузулгандан кийин ал орунду алгачкы көрүнүшүндөгү калыбына келтирүү жолу менен ишке ашырылат.

32.3.Эгерде түзүм анын ээси тарабынан ыктыярдуу түрдө белгиленген мөөнөттө бузулбаган болсо, маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү бузууну  жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.

32.4. Ыйгарым укуктуу орган болгон Кара-Суу шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы бузууну, сактоо үчүн атайын уюштурулган жайга жөнөтүүнү жана сактоону уюштурат.

Ыйгарым укуктуу орган болгон Кара-Суу шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү бузуу иштерин аткаргандан кийин аткарылган иштер жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга жиберет.

32.5.Бузулган маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү сактоо үчүн атайын уюштурулган жайга жөнөтүү иштери ага бузулган күнү, материалдык баалуулугу жана өткөрүп берүү, өткөрүп алуу актысын түзүү менен 30 жумушчу күндөн ашпаган убакытка сактоону ишке ашырат.

Бузуу жана сактоо боюнча аткарылган иштердин чыгымдары Кара-Суу шаарынын ыйгарым укуктуу органы болгон Муниципалдык менчик башкармалыгынын талабы боюнча маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн ээсинин, же башка мыйзамдуу ээсинин эсебинен толукталат.

Түзүмдүн ээси, же башка мыйзамдуу ээси тарабынан мажбурлоо иретинде түзүмдү бузуу, сактоо үчүн атайын уюштурулган жайга жөнөтүү иштерине кеткен чыгымдардын орду толтурулгандан кийин түзүм белгиленген тартипте ээсине кайтарылат.

32.6.Эгерде маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн бузулган күнүнөн 30 жумушчу күндөн ашык убакыт өткөндөн кийин маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн мыйзамдуу ээси сактоочу жайдан түзүмдү алып кетпесе Кара-Суу шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы болгон Муниципалдык менчик башкармалыгы түзүмдү ээсиз деп табуу жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.

Эгерде алынып кетпеген маалыматтык жана жарнамалык түзүм сот тарабынан ээсиз деп табылса, ал муниципалдык менчикке өтөт.

32.7.Мажбурлоо иретинде бузуу, сактоо үчүн атайын уюштурулган жайга жөнөтүү учурунда жергиликтүү оз алдынча башкаруу органы  түзүмдүн сакталышына, андагы жабдуулар менен башка мүлктүн абалына жоопкерчиликтүү эмес.

 

X. Ушул Эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик

33. Маалыматтык жана жарнамалык түзүмгө уруксаты жок, же техникалык жөнгө салуу

чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузуу менен маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыргандыгы үчүн түзүмдүн ээлери Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.

33.1. Маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жакшы абалда кармоого, түзүмдөрдүн сырткы көрүнүшүнө талаптардын бузулгандыгы жана башка ушул Эрежелердин бузулушуна жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске, башка ченемдик-укуктук актыларга жана Кара-Суу шаарынын муниципалдык мүлкү болгон жарнама түзүмүнө жайгаштырууга жана пайдаланууга ылайык жоопкерчилик түзүмдүн ээлерине (юридикалык тараптар, кызмат адамдары жана жеке адамдар) жүктөлөт.

Жоопкерчилик чараларын колдонуу бузуучулардын кетирилген кемчиликтерди жоюу милдеттенмелеринен бошотпойт.

 

“Манас айыл аймагынын 2023- жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылдын 1-январына калган калдыкты бекитүү жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№24/4
19.04.2024-жыл
“Манас айыл аймагынын 2023- жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылдын 1-январына калган калдыкты бекитүү жөнүндө”

Манас айыл аймагынын 2023-жылга кабыл алынган бюджеттин аткарылышы жана 2024 жылдын 1-январына калган 10127,9 миң сом акча каржаты калдыгы боюнча айыл өкмөтүнүн финансы –экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Сайдазимовдун докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, сүйлөшкөн депутаттардын сын пикирлерин негизинде 2023-жылда калган калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.  Манас айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда калган 10127,9 миң сом калдык акча айыл өкмөтү тарбынан берилген сметага ылайык максаттуу жумшалсын. 2023-жылда жер салыктары үчүн республикалык бюджеттен жоготууларга берилген акча каражаттары Буйрук №292 22.08.2023-жылда, Буйрук №258 20.09.2023-жылда, Буйрук №244 23.08.2023-жылдагы жоготууларга берилген акча каражаттары кошо бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Манас айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык, соцфонд, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Манас айылдык кеңеши тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссия курамын түзүү жана бекитип берүү жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№24/5
19.04.2024-жыл
“Манас айылдык кеңеши тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссия курамын түзүү жана бекитип берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21/8 Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү Мыйзамынын 8-беренесине ылайык иш алып барууда Манас айылдык кеңеши тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссия курамын түзүү жана бекитип берүү жөнүндө Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.Манас айылдык кеңеши тарабынан төмөндөгүчө комиссия курамы бекитилсин:

1.    Х.Артыкова - Манас  айылдык кеңешинин  төрайымы

2.    Р.Нурматов - Манас айылдык кеңешинин депутаты

3.    Ф.Базарбаев - Манас айылдык кеңешинин депутаты

4.    У.Уринбаев – Манас  айыл ъкмът\н\н жер адиси

5.    Л.Нишанова- Манас  айылдык кеңешинин депутаты

6.    П.Саидов     - Манас  айылдык кеңешинин депутаты

7.    И.Масадиков –Манас айыл өкмөтүнүн жер адиси

8.    Г.Жанболотова- Манас айылдык кеңешинин депутаты

9.    Абдуваит уулу Кабулжан- Манас айылдык кеңешинин депутаты убактылуу комиссия курамы түзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Манас айыл аймагынын Каратай  айылынын Каратай-3, Каратай-4 көчөлөрүнө ат ыйгаруу  жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№24/6
19.04.2024-жыл
“Манас айыл аймагынын Каратай айылынын Каратай-3, Каратай-4 көчөлөрүнө ат ыйгаруу жөнүндө”

Каратай айылынын тургундарынын Каратай-3, Каратай-4 көчөлөрүнө ат ыйгаруу жөнүндөгү арызы депутаттар тарабынан кеңири ой пикирлер менен талкууга коюлуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алып Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы Каратай-3 көчөсүнө Кайкиев Сайдибектин аты ыйгарылсын.

2. Каратай-4 көчөсүнө Эмилов Жоробайдын аты ыйгарылсын.

3. Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы Каратай-3, Каратай-4 көчөлөрүнө ат ыйгаруу иш кагаздарын даярдоо, тиешелүү органдарга жөнөтүү жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Манас айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн документтер мене иштөөнүн Регламентин бекитүү жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№24/7
19.04.2024-жыл
“Манас айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн документтер мене иштөөнүн Регламентин бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтому менен бекитилген Пилоттук оежимде административдик аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуру жөнүндө жобоо ылайык Манас айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн документтер менен иштөөнүн Регламентин бекитүү максатында Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Манас айыл өкмөтүнүн документтер менен иштөө регламенти, тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
  2. Токтомдун аткарылуусу Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


Манас айылдык кеңешинин 

19.04.2024- жылдагы

                                                                                                   № 24/7 токтомуна № 1 тиркеме

 

 

 

 Манас айыл өкмөтүнүн Регламенти

 

 

I Бөлүм. Жалпы жоболор

II Бөлүм. Тикелей катышуу жана отчеттуулук формалары

III Бөлүм. Пландоо

IV Бөлүм. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби

V Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн чечими жана иш кагаздарын жүргүзүү

VI Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн комиссиялары, кеңешмелер жана текшерүүлөрдү жүргүзүү

тартиби

VII Бөлүм. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө

VIII Бөлүм. Маалыматтка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу

IX Бөлүм. Муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчиликтери

X Бөлүм. Жумуш убактысын уюштуруу

 

I Бөлүм. Жалпы жоболор

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1.1. Манас айыл өкмөтүнүн Регламенти (мындан ары – Регламент) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага жүктөлгөн милдеттерди жана иш-милдеттерди ишке ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн иштерин уюштуруунун тартибин аныктайт.

1.2. Регламент “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасына, Манас  айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-февралындагы №23/2 токтому менен бекитилген Манас  айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык даярдалган.

1.3. Ушул Регламент айыл өкмөтүнүн иштерин пландоого жана уюштурууга карата бирдиктүү    талаптарды     жөндөөчү      негизги     принциптерди    жана    эрежелерди,     айыл

өкмөтүнүн документтер    менен    иштөө    тартибин     карайт,     жарандардын    кайралууларын

 

кароонун, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун тартибин жана айыл өкмөтүнүн ишине тийиштүү жана башка маселелерди жөндөйт.

1.4. Айыл өкмөтүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү айыл өкмөтүнүн аппаратынын, анын түзүмдөрүнүн, аймактык бөлүмдөрүнүн иштери, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын иштеринин натыйжалары менен, ошондой эле айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеш, тийиштүү мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттешүүсү аркылуу, жергиликтүү жамааттарды жана алардын бирикмелеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жүзөгө ашырууга түздөн-түз тартылуулары жана катышуулары аркылуу камсыз кылынат.

 

2лава. Айыл өкмөтүнүн ишинин жалпы принциптери

 

 

Айыл өкмөтүнүн иши төмөнкү принциптерге негезденет:

1) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;

2) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо;

3) муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү жана демилгелүүлүгү;

4) өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашыруу жана өзүнүн ишинин натыйжалары үчүн жерлигиктүү жамаат алдында жоопкерчилиги;

5) ачык-айкындык жана коомдук пикирди эске алуу;

6) кызматкерлердин тартип жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн жекече жоопкерчилиги;

7) жетекчи алмашканда  кадрлардын ишин улануучулугун сактоо.

8) ачык-айкындуулук, коомчулуктун катышуусу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамаатка отчеттуулугу;

9) коомдун турмуш тиричилигинин бардык чөйрөлөрүндө аялдар менен эркектердин тең абалы.

 

3-глава. Айыл өкмөтүнүн штаттык саны 

 

3.1. Манас айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын  50-беренесинин жана  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 Токтомуна ылайык  төмөнкүдөй:

Түзүмү: Манас айыл өкмөтү.

Штаттык саны: 13 киши

3.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн алдында турган милдеттерди толук кандуу жана натыйжалуу аткаруу үчүн, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана артыкчылыктуулактарына жараша, ошондой эле өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча айыл өкмөтүнүн милдеттенмелерин эске алуу менен, айыл өкмөтүнүн кызмат орундарынын арасында кызмат орундук милдеттерди бөлуштүрөт.

3.3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги №189 Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарынын негизинде Айыл өкмөтүнүн  штаттык ырааттамасында каралган  ар бир административдик кызмат ордуна  орунбасар-жоопту катчы квалификациялык талаптарды иштеп чыгат жана аны айыл өкмөтүнүн башчысы бекитет.

3.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы муниципалдык кызматчылардын квалификациялык талаптарын, кызматчынын жеке сапаттарын, кызматчынын кызматтык милдеттерин жана мыйзамдарга ылайык башка кызматтык нускамаларын бекитет.

3.5. Муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы No 266 « Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө » Жарлыгына ылайык аныкталат.

3.6. Айыл өкмөтү кызматчылардын карьералык өсүшүнө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгат.

3.7. Карьералык пландоону уюштуруу муниципалдык кызматтын кадрлар резервинин иштеши, конкурстук тандоону, аттестациялоону, ротациялоо системасын жүргүзүү жол-жоболорун сактоо, кызматчынын квалификациясын жогорулатуу, кызматчынын материалдык жана материалдык эмес мотивациялоо менен камсыз кылынат.

 

4-глава. Муниципалдык кызматтын кадрлар резерви, кадрларды дайындоо жана муниципалдык кызматчылардын апелляциясы

 

4.1. Айыл өкмөтү муниципалдык кызматтын кадрлар резервин өз алдынча түзөт, ал муниципалдык кадрлардын резервине киргизүү үчүн өткөрүлгөн ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин тобунан турат.

4.2. Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурсту өткөрүү тартиби жөнүндө Жобо менен аныкталат.

4.3. Муниципалдык кызматка кирүү бош кызмат ордуна талапкерди кадрлар резервинен дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

4.4. Ротация тартибинде бош кызмат ордун ээлөөгө жол берилет.

4.5. АӨ башчысы муниципалдык кызматчынын кадрлар резервинде турган адамды мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык ротация тартибинде бош кызмат ордуна дайындоого укуктуу.

4.6.  Ротациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №61 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо менен аныкталат.

4.7. Кызматка биринчи жолу кирген кызматчынын кесиптик сапаттарын текшерүү үчүн АӨ башчысы ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акы төлөө менен, аны кызмат ордуна милдеттүү тартипте 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындайт. Сыноо мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили жана кызматчы жөндүү себептер боюнча жумушта болбогон башка мезгил киргизилбейт.

 4.8. Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин айыл өкмөт башысы кызматчы менен маектешүү өткөрөт, анын негизинде кызматчынын ээлеген кызмат ордуна шайкештиги жөнүндө чечим кабыл алынат. Эгер маектешүүнүн жыйынтыгы канааттандырарлык эмес деп таанылса, анда кызматчы ээлеген кызмат ордунан бошотулат.

4.9. Кызматчынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эмгектик жана кызматтык мамилелерине тиешелүү бардык маалыматтар, материалдар жана документтер кызматчынын өздүк ишинде камтылат.

4.10. Айыл өкмөтүндө муниципалдык кызматчынын өздүк ишин кадр маселелери боюнча милдет жүктөлгөн адис жүргүзөт.

4.11. Кызматчы башка мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жумушка которулганда, анын өздүк иши көрсөтүлгөн жаңы жумуш орду боюнча берилет. Бир кызматчыга бир нече өздүк иш жүргүзүүгө жол берилбейт.

4.12. Өздүк иштер  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 316 токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

4.13. Кызматчынын муниципалдык кызматта туруусунун чектүү курагы 65 жашты түзөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын демилгеси боюнча кызматчы чектүү куракка жеткенде ээлеген кызматынан бошотулушу ыктымал же болбосо анын кызмат мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

      4.14. Муниципалдык кызматчыларды аттестациялоо.

4.14.1. Муниципалдык кызматчы анын ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгын, кесиптик даярдыгынын деңгээлин жана карьералык өсүшүнүн перспективаларын аныктоо үчүн эки жылда бир жолудан көп эмес аттестацияланууга тийиш.

4.14.2. Муниципалдык кызматчыларды аттестациялоонун тартиби, шарттары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №169 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо менен аныкталат.

4.14.3. Аттестациялоону уюштуруу жана өткөрүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жана аттестациялык комиссияга жүктөлөт. Комиссиянын сандык жана жеке курамын, анын иштөө мөөнөтүн жана тартибин айыл өкмөтүнүн башчысы бекитет. Комиссиянын курамы 9 адамдан ашпоого тийиш.

4.14.4. Аттестациядан өткөрүү жөнүндө чечим айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу (башка тескөөчү документ) менен таризделет,  аны менен төмөнкүлөр бекитилет:

1) аттестациялоого тийиш болгон кызматчылардын тизмеси;

2) аттестация өткөрүүнүн графиги;

4.14.5. Аттестация төмөнкү этаптарды камтыйт:

1) аттестация өткөрүүгө даярдык;

2) кызматчыларды компьютердик тестирлөө;

3) аттестациялык комиссия тарабынан кызматчы менен өткөрүлгөн аңгемелешүү;

4) аттестациялык комиссиянын чечим чыгаруусу.

4.14.6. Айыл өкмөтүнүн башчысы комиссиянын чечимин жокко чыгарууга жана аттестациялоонун жол-жоболорун бузуу факты болгон учурда кайра аттестациялоону дайындоого укуктуу.

 

5-глава. Өргүү берүүнүн жана ордунда болбогон кызматчыны алмаштыруунун тартиби

 

5.1. А/Өнүн кызматчыларына жана кызматкерлерине иштеген жерин (кызмат ордун) жана орточо эмгек акысын сактоо менен жыл сайын өргүү берилет. Келишим боюнча жалданган кызматкерлерге Эмгек кодексине ылайык өргүү берилет.

5.2. Акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүүнүн кезектүүлүгү АӨ башчысы жыл сайын календардык жыл жаңыраарына 2 жумадан кечиктирилбестен бекитилүүчү өргүүлөрдүн графигине ылайык аныкталат.

5.3. Кызматкерге өргүүнүн баштаган убактысы жөнүндө 2 жумадан кечиктирбестен билдириш керек. Өргүү акысы кызматкерге өргүү башталаарына 3 күн калгандан кечиктирбестен берилүүгө тийиш.

5.4. Эмгек өргүүсүн берүүнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 11-главасына жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык аныкталат.

5.5. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орду саясий муниципалдык кызматка кирет жана айыл өкмөтүнүн башчысына 28 календардык күнгө созулган ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык берилет.

5.7. Айыл өкмөтүнүн башчысы иште болбогон мезгилде анын орун басары башчынын ордун алмаштырат жана айыл өкмөтүнүн башчысы жүктөгөн милдеттерди аткарат.

5.8. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызматы жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлөт.

5.9. Убактылуу жок болгон кызматчыны алмаштыруу боюнча эмгектик иш муниципалдык кызматтагы стажга эсептелинет. Мында убактылуу жок болгон кызматчыны алмаштыруу үчүн кадрлар резервинде турган адам чакырылат же жок болгон кызматчынын функциялык милдеттери бир же бир нече кызматкерге милдеттүү түрдө жүктөлөт жана аларга кызматтык маянасынын 25 пайызынан кем эмес өлчөмдө үстөк төлөп берилет. Функциялык милдеттерди убактылуу жүктөө жөнүндө органдын жетекчисинин буйругу чыгарылат.

5.10. Бош кызмат ордун ээлөөгө жол берилбейт.

5.11. Эмгек мамилелерин жана алар менен түздөн-түз байланышкан башка мамилелерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана эмгек чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар менен жүзөгө ашырылат.

 

II Бөлүм. Жергиликтүү жамааттын тикелей катышуу формасы  жана айыл өкмөтүн   отчеттуулуугу

 

 

6-глава. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаат менен өз ара аракеттенүүсү

 

6.1. Айыл өкмөтү өз компетенциясынын чегинде жергиликтүү жамаат менен төмөнкү механимздер аркылуу өз ара аракеттенет:

- калктын муктаждыктарын биргелешип аныктоо;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү;

- жергиликтүү демилгелерди каржылоо;

- жыйындарды (чогулуштарды), курултайларды, коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу жана жамаат менен иштөө аркылуу.

6.2. Айылдын муктаждыктарын биргелешип изилдөө.

Айылдын муктаждыктарын биргелешип изилдөө – бул маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо, калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу процесси. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип изилдөө үчүн айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен чогуу айылдын муктаждыктарын изилдөөгө багытталган иш-чаралардын комплексин демилгелейт жана жүзөгө ашырат.

6.3. Ишке мониторинг жана баалоо жүргүзүү.

6.3.1. Жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүү “биргелешкен мониторинг жана баалоо” деп аталат.

6.3.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешкен мониторингдин жана баалоонун уюштуруучулары болуп саналат. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жергиликтүү кеңештин чечими боюнча түзүлгөн, курамына жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн камтыган биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары – БМжБ тобу) тарабынан жүргүзүлөт.

6.3.3. БМжБ тобунун ишин уюштурууну-техникалык жактан камсыз кылууну жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен айыл өкмөтү жүзөгө ашырат. БМжБ тобу өз иши үчүн зарыл шарттар менен камсыз болууга тийиш (биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүлчү объекттер жайгашкан жерлерге баруу үчүн шарттар, жыйындарды өткөрүү үчүн жайлар болууга тийиш, керектүү кеңсе товарлары менен камсыз болуу үчүн, документтерди даярдоо, мониторинг жана баалоонун жыйынтыктарын иштетүү үчүн кеңсе жабдууларына жана башка шарттарга ээ болуш керек).

6.3.4. Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн укуктук негиздери жана жалпы типтүү шарттары Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБ органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Типтүү жобо менен аныкталган. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 буйругу менен бекитилген.

6.4. Жергиликтүү демилгелер.

6.4.1. Жергиликтүү демилгелер дегенде жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселени чечүүгө багытталган жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан демилгеленген долбоор, идея жана башка демилгелер түшүнүлөт.

6.4.2. Жергиликтүү демилгени жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы каржылайт. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү демилгелерди тандоо конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.

6.4.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Типтүү жобо менен белгиленет. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 буйругу менен бекитилген.

6.4.4. Жергиликтүү демилгени ишке ашырууну контролдоону, мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү айыл өкмөтү өз алдынча жүзөгө ашырат жана жергиликтүү демилгени ишке ашырууга тоскоолдук кылбашы керек.

6.5. Айыл өкмөтү жергиликтүү жамааттын жыйындарын (чогулуштарын), курултайларын, коомдук жана бюджеттик угууларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышат.

 

7-глава. Айыл өкмөтүнүн отчеттуулугу

 

7.1. Айыл өкмөтү өз иштеринде айылдык кенешке отчёт берет

7.2. Айыл өкмөтү өз ишинде бюджеттин аткарылышынын жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышынын жүрүшү жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес айылдык кеңешке отчет берет.

7.3. Айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жөнүндө маалыматты жергиликтүү жамаатка жылына бир жолу берет.

7.4. Айыл өкмөтү өзүнө мыйзамдын же келишимдин негизинде өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы боюнча тешелүү мамлекеттик органдардын алдында отчет берет.

7.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын же аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

 

III Бөлүм. Пландоо

 

6-глава. Айылдык аймактын социалдык-эконимикалык

өнүктүрүү программасы

 

8.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыккан айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программасынын долбоорун айылдык кеңешке бекитүүгө берет, ал кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен айылдык кеңеш тарабынан бекитилет. Айыл өкмөтү аны бекиткенге чейин социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт.

8.2. Зарыл болгондо, айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына, мыйзамда белгиленген тартипте, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.  

8.3. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы 5 жылга иштелип чыкса болот.

8.4. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын үч жылдык мезгилинин биринчи жылы кезектеги бюджеттик жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн негиз болуп саналат. Экинчи жана үчүнчү жылдар кезектеги үч жылдык мезгилге социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдонгон программасынын ориентири болуп саналат.

8.5. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программамы төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун эске алуу менен өнүгүүнүн социалдык-экономикалык болжолун;

2) алдыдагы мезгилге орто мөөнөттүү бюджеттин долбоорун, ал төмөнкүлөр боюнча ирилештирилген көрсөткүчтөрдү камтыйт:

а) алардын түрлөрүнүн жана булактарынын чегинде бюджеттин ресурстары;

б) бюджеттин чыгашалары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик программаларынын чеги;

в) бюджеттин теңдештирилгендиги;

г) муниципалдык карыз;

3) социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына карата түшүндүрмө кат;

4) мүмкүн болуучу бюджеттик тобокелдиктерди жана милдеттенмелерди баалоо.

 8.6. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү божомолу өзгөрүлгөн учурда, өнүктүрүү программасы жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планы, жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүү, кароо, бекитүү жана аларга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн процессинде ресурстардын жана чыгымдардын божомолдору такталууга жатат.

8.7.  Жергиликтүү жамааттын калкын социалдык коргоо программасы айылдык аймактын социалдык экономикалык өнүктүрүү программасына өзүнчө бөлүм менен киргизилиши мүмкүн.

8.8. Айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда Шаарларды жана айылдык аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн Методикалык колдонмону жетекчиликке алуу сунушталат. Бул Методикалык колдонмо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги 2018-жылдын 15-августундагы № 63-А биргелешкен буйругу менен бекитилген.

8.9. Айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу процессинде индикаторлорго жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу иш-чараларына мониторинг жүргүзүү зарыл. Бул максатта айылдык аймактарда биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору түзүлөт. Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 буйругу менен бекитилген.

8.10. Айыл өкмөтү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоонун башка аспаптарын да колдонууга укуктуу.

 

9-глава. Айыл өкмөтүнүн ишин пландоо

 

9.1. Айыл өкмөтүнүн иш планы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн, төмөнкү бекитилген документтердин негизинде түзүлөт:

1) мамлекеттик стратегияларынын, программаларынын жана өнүктүрүү пландарынын;

2) социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо;

3) жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен иш-аракеттеринин пландарынын;

4) жергиликтүү кеңештин иш планынын.

9.2. Айыл өкмөтүнүн иш планы алдыда турган жылга бюджеттин долбоору жана кийинки жылдарга болжолу менен өз ара байланышта, ошондой эле каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын эсепке алуу менен иштелип чыгат.

9.3. Айыл өкмөтүнүн иш планы айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан алдыда турган жыл башталганга чейин 20 жумушчу күн калгандан кечиктирилбестен бекитилет.

9.4. Иш планынын алдыда турган жыл башталганга чейин бекитилиши жыл ичинде ага иш планына кошулбай калган кошумча маселелерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

9.5. Бекитилген иш планы 10 календардык күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланууга жатат. Айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайты болбогон учурда, иш планы айылдык кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнө жерлерде (доскларда, маалымат такталарында), же белгиленген тартипте каттоодон өткөн, айылдык аймактын, шаардын, райондун, облустун аймагында кыйла кеңири таралган, айылдык кеңеш тарабынан аныкталган тийиштүү басылмаларда жарыяланат.

 

 

 

 

 

IV бөлүм. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн тартиби

 

10-глава. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри

 

10.1. Айыл өкмөтүнө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине (муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги реестри жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси) кирген кызматтар гана көрсөтүлөт.

10.2. Айыл өкмөтү айылдык кеңеште муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү, өзгөртүү жана толуктоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгат.

10.3. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинин, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин долбоорлорун иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Респупликасынын 2015-жылдын 14-январындагы № 6  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 16.11.2022-жылдагы №632 токтомуна ылайык  жүргүзүлөт.

10.4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим жергиликтүү кеңештин тиешелүү чечими менен кабыл алынат. Акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине киргизүү жөнүндө чечим ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусу алынгандан кийин кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык муниципалдык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акча жергиликтүү бюджетке жиберилет.

 

11-глава. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүк

 

11.1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк пункттары же болбосо электрондук формада Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу көрсөтүлөт.

11.2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттарынын башпааналары стандарттын талаптарына жооп берүүгө тийиш.

11.3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу тарабынан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү башкалар менен тең шарттарда алуу үчүн зарыл шарттар түзүлөт.

11.4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында айыл өкмөтү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун каражаттарын жана булактарын өткөрүп берүү менен жеке юридикалык жана жеке жактарга аткарууга өткөрүп бере алышат.

11.5. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык керектөөчүлөрүнө мамлекеттик жана расмий тилде берилиши керек.

11.6. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана алардын стандарттары тууралуу маалыматтарды башкалар менен тең шарттарда алуу үчүн зарыл шарттарды түзөт.

11.7. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө коомчулукту үзгүлтүксүз негизде маалымдап турууга тийиш.     

11.8. Кызмат көрсөтүлгөн жерде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат.

11.9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш графиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайттарында жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.

11.10. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана экономикалык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттары;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат такталары, буклеттери жана брошюралары;

- жарандардын жеке кайрылуулары жана телефон боюнча байланышуу (телефон номерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайттарында жайгаштырылат).

11.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ушул кызматты көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн эшиктеринде маалыматтык такталар илинип турушу керек.

11.12. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек.

11.13. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (кыймыл-таяныч аппараты бузулган, угуу жана көрүү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен маектешүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет.

11.14. Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигине кайрылууга укуктуу.

 

V Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн чечими жана иш кагаздарын жүргүзүү

 

12-глава. Айыл өкмөтүнүн чечими

 

12.1. Анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн чечимдери токтомдор жана тескемелер формасында кабыл алынат, алар эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, аларга айыл өкмөтүнүн башчысы кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

12.2. Айыл өкмөтүнүн токтому – ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн, айыл өкмөтүнүн компетенциясына киргизилген маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынуучу укуктук акт.

12.3. Айыл өкмөтүнүн тескемеси – ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынуучу, уюштуруучулук-тескемелик мунөздөгү укуктук акт.

12.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы кол койгон актылар айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан күчүн жоготту деп таанылышы, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан анык эмес деп таанылышы мүмкүн.

12.5. Анын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган айыл өкмөтүнүн актлары айылдык аймагынын аймактарында аткаруу үчүн милдеттүү.

 

Глава 13. Иш кагаздарында мамлекеттик (расмий) тилди колдонуу

 

13.1. Айыл өкмөтүндө иш кагаздары мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүзөгө ашырылат. Эсептик-статистикалык, финансылык жана техникалык документтерди жүргүзүү мамлекеттик же расмий тилде камсыз кылынат. Айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнүн кызматчыларына мамлекеттик тилди окуп үйрөнүүлөрүү үчүн шарттарды түзөт.

13.2. Айылдык аймактагы расмий иш чаралар: жергиликтүү курултайлар, жыйындар (чогулуштар), коомдук угуулар, айыл өкмөтүнүнотурумдары жана кеңешмелери, сүйлөшүүлөр жана башка иш чаралар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүргүзүлөт, зарыл болгондо жарыш котормо менен камсыз кылынат.

13.3. Жарандар айыл өкмөтүнө мамлекеттик, расмий тилдерде же Кыргыз Республикасынын элдеринин кандай болбосун башка тилинде кайрылууга укуктуу. Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларына жооптор кайрылуулардын тилинде берилет. Кайрылуунун тилинде жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тили пайдаланылат.

13.4. Анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн чечимдери (токтом, тескеме) мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурларда – расмий тилде кабыл алынат. Мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп эсептелет.

13.5. Мекемелер, уюмдар жана жарандар менен кат жазышуулар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүргүзүлөт.

 

Глава 14. Иш кагаздарын жүргүзүүнүн жана айыл өкмөтүнүн документтери менен иштөөнүн тартиби

14.1. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасынын жана ушул Регламенттин негизинде иш кагаздарын уюштурат жана жүргүзөт.

14.2. Айыл өкмөтүндө иш кагаздарын штаттык ырааттамага ылайык айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүүчү функциясы жүктөлгөн адис (мындан ары – иш кагаздарын жүргүзүүчү) жүргүзөт. Иш кагаздарын жүргүзүүчү кызмат орду каралбаган айыл өкмөтүндө иш кагаздарын жүргүзүү милдети жооптуу катчыга жүктөлөт.

14.3. Муниципалдык кызматкер алмашканда, айыл өкмөтүнүн документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт жана документтер кызматты укуктуу улантуучуга акты боюнча өткөрүлүп берилет. Документтердин жетпей калуусу табылган учурда, аларды издеп табуу чаралары көрүлөт.

 

15-глава. ЭДСте электрондук документтер менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү

 

15.1. Кирген электрондук документтерди каттоонун жана аткарууну уюштуруунун тартиби.

15.2. Айыл өкмөтү ведомстволор аралык документтерди электрондук форматта жүгүртүүнү Типтүү нускамага жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы №526 «“Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык ишке ашырат.

15.3. Электрондук документтер ЭДСте түзүлөт, иштелип чыгат жана сакталат. Эсепке алуу бирдиги болуп ЭДСте катталган электрондук документ саналат.

15.4. Айыл өкмөтүндө электрондук документтерди кабыл алуу, иштетүү, алдын ала кароо жана каттоо иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан ишке ашырылат.

15.5. ЭДС аркылуу айыл өкмөтүнө түшкөн электрондук документтер автоматташтырылган режимде баштапкы иштеп чыгуудан өтөт жана ал түшкөн электрондук документтин реквизиттерин: каттоо датасын, электрондук документти жиберген мекеменин аталышын, электрондук документтин кыскача мазмунун, электрондук документке кол койгон адамдын фамилиясын, инициалдарын, электрондук документке коюлган электрондук колтамганы текшерүүнү камтыйт.

15.6. Кагаз түрүндө түшкөн документтер сканерлөөчү түзүлүштү колдонуу менен сканерленүүгө тийиш жана PDF форматындагы кагаз документтин электрондук сүрөтү болуп кайра түзүлөт, андан кийин ЭДСке жүктөлөт.

15.7. Электрондук документтерди алдын ала кароо алар түшкөн күнү жүргүзүлөт. Электрондук документ иш убактысынан тышкары түшкөн учурда, кийинки иш күнү каралат.

15.8. Алдын ала кароонун жүрүшүндө иш кагаздарын жүргүзүүчү түшкөн электрондук документтерди кароодон төмөнкү учурларда баш тартат:

1) электрондук документ дареги боюнча түшпөгөндө;

2) электрондук документке кол коюуга ыйгарым укуктуу болуп саналбаган адамдын электрондук колтамгасы менен электрондук документке кол коюлганда;

3) документте көрсөтүлгөн тиркемелер жок болгондо;

4) документ туура эмес таризделгенде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын 15-пунктунун 2-пунктчасынын талаптарына шайкеш келбегенде.

15.9. Алдын ала кароону ийгиликтүү жүргүзгөндөн кийин мекеменин иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын кызматкери түшкөн электрондук документти ЭДСте каттайт, андан кийин электрондук документке ЭДСте автоматташтырылган режимде кириш каттоо номери ыйгарылат.

15.10. Электрондук документке кириш каттоо номери ыйгарылгандан кийин ЭДСте электрондук документтин кириш каттоо номерин, каттоо датасын, жөнөтүүчү (аткаруучу/аткаруучулар жана электрондук документке кол койгон адам) жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен автоматташтырылган режимде карточка түзүлөт.

15.11. Электрондук документти кароонун жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы же анын орун басары электрондук резолюцияны жазат, анда айыл өкмөтүндө электрондук документтин аткарылышын уюштурууга жооптуу адам аныкталат жана зарыл болгон учурда кош аткаруучулар, ошондой эле электрондук документти аткаруунун мөөнөтү аныкталат.

15.12. Электрондук документти аткаруунун мөөнөтү кагаз түрүндөгү документтерди аткаруунун мөөнөтүнө окшош белгиленет.

15.13. Аткарууну талап кылбаган маалыматтык-аналитикалык мүнөздөгү электрондук документтер түшкөндө аткаруу мөөнөтү белгиленбеши мүмкүн. Мында кызматкерлер ЭДСте документ менен таанышкандыгы жөнүндө белги коюшат.

15.14. Электрондук резолюция төмөнкүдөй реквизиттерден турат: электрондук документтин аткарылышын уюштурууга жооптуу адамдын фамилиясы, инициалдары, кош аткаруучулардын фамилиясы, инициалдары, электрондук резолюциянын мазмуну, аткаруу мөөнөтү, резолюциянын авторунун кызмат орду, фамилиясы, инициалдары жана электрондук колтамгасы.

15.14. Жыйынтыктоого жооптуу адам жана кош аткаруучулар электрондук документтин талаптагыдай аткарылышы үчүн бирге жооп беришет.

15.15. ЭДСте электрондук документтердин аткарылышын эсепке алуу жана контролдоо жыйынтыктоо үчүн жооптуу адамга жана кош аткаруучуларга тиешелүү түстүү белги берүү аркылуу автоматташтырылган режимде жүргүзүлөт.

15.16. Түшкөн электрондук документке жооп катары даярдалган электрондук документти макулдашуу жана кол коюу үчүн электрондук колтамга колдонулат.

15.17. Чыгыш электрондук документтерди каттоо жана жиберүү тартиби.

15.17.1. ЭДСте төмөнкүдөй чыгыш электрондук документтер катталууга тийиш:

1) келип түшкөн электрондук документтерге жооп катары даярдалган документтер;

2) мекеменин түзүмдүк бөлүмүнүн, мекеменин жетекчисинин же анын орун басарынын демилгеси боюнча даярдалган документтер (демилгеленген).

15.17.2. Автоматташтырылган режимде кол коюлган документке чыгыш каттоо номери ыйгарылат жана кечиктирилбестен дарек ээсине жиберилет.

15.17.3. Аткарылган электрондук документтер көктөмөлөрдүн номенклатурасына ылайык көктөмөлөргө системалаштырылат.

15.17.4. Көктөмөлөрдүн номенклатурасын түзүүдө иш электрондук түрдө жүргүзүлөрү көрсөтүлөт.

15.18. Кызматтык каттарды каттоо тартиби.

15.18.1. Айыл өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү мекеменин ичинде бири-бири менен маалымат алмашуу максатында, ошондой эле милдеттерди, мекеменин жетекчисинин же анын орун басарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча жооп катарында ЭДСте кызматтык каттарды түзөт жана каттайт.

15.18.2. Кызматтык катка кол коюу үчүн электрондук колтамга колдонулат.

15.19. Электрондук документтерди сактоо жана жок кылуу тартиби.

15.19.1. Электрондук документтер алар аткарылгандан кийин кагаз түрүндөгү ушундай документтер үчүн архив иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ведомстволук сактоо мөөнөтүнүн чегинен ашпаган мезгил аралыгында ЭДСте ведомстволук сакталууга тийиш.

15.19.2. Убактылуу сактоо мөөнөтүндөгү электрондук документтер (10 жылга чейин) тийиштүү электрондук документтерде түзүлгөн электрондук колтамгалардын бир убакта сакталышын камсыздоо менен алар түзүлгөн, жиберилген же алынган форматта сакталат.

15.19.3. 10 жылдан ашык сактоо мөөнөтүндөгү, анын ичинде туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү бардык электрондук документтер электрондук документтерди архивдик сактоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн Portable Document Format (PDF/A1, PDF/A2, PDF/А3, PDF/A4) форматында түзүлүүгө тийиш.

15.19.4. Туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү электрондук документтер милдеттүү түрдө кагаз түрүндө кайталанат.

15.19.5. Электрондук документтердин сактоо мөөнөтү аяктагандан кийип аларды жок кылууга бөлүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы бекиткен актынын негизинде аталган электрондук көктөмөлөр (электрондук документтер) сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен башкаруу документтеринин тизмегине ылайык автоматташтырылган режимде жок кылынууга тийиш.

15.19.6. ЭДСте түзүлгөн электрондук документтердин түп нускасынын ведомстводо сактоо мезгилинде сакталышына жана камсыздалышына жоопкерчиликти электрондук документ жүгүртүү системасынын ээси тартат.

 

Глава 16. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын айыл өкмөттүн жана айылдык кеңештин документтери менен иштөөнүн тартиби

 

16.1Айыл кеңештин  жооптуу катчысы төмөнкүлөрдү каттоону жүргүзөт:

- айылдык кеңештин, айыл өкмөттүн  токтомдорун, тескемелерин каттоо журналында – айылдык кеңештин, айыл өкмөттүн токтомдорун, тескемелерин;

- айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларын, чечимдерин жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын каттоо журналында – айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларын, чечимдерин жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын;

- жарандардын, юридикалык жактардын кайрылууларын каттоо журналында – жарандардын, юридикалык жактардын айылдык кеңешке, айыл өкмөткө, айылдык кеңештин депутаттарына жиберилген жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууларын.

16.2. Айылдык кеңештин, айыл өкмөттүн  мекемелерге, уюмдарга суроо-талаптары, ошондой эле айылдык кеңешке же анын депутаттарына, айыл өкмөткө даректелген жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары жөнөтүлгөн же алынган күнү каттоо журналында каттоого алынат.

16.3. Айылдык кеңештин токтому күчүнө кирген (жарыяланган жана ченемдик укуктук актылардын Реестрине киргизилген) күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле айылдык кеңештин тескемеси каттоого алынган күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн жооптуу катчыга, айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларына, айыл өкмөтүнө, же актыда көрсөтүлгөн тийиштүү мамлекеттик органдарга, уюмдарга же мекемелерге жөнөтүлөт.

16.4. Таандыктуулугу боюнча айылдык кеңештин токтомдору, тескемелери аткаруу үчүн жиберилген аткаруучулар, алардын актынын өзүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө аткарылышын камсыз кылышат.

16.5. Айылдык кеңештин актылары, айыл өкмөттүн буйруктары көрсөтүлгөн мөөнөттө жарым-жартылай аткарылган же аткарылбаган учурда, жооптуу аткаруучу тарабынан аралыктык маалымат же документти аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө негиздемеси менен кат даярдалат.

16.6. Тийиштүү тапшырмаларды же суроо-талаптарды караган айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундулары, чечимдери жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулары, каттоого алынган күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн айыл өкмөтүнө же таандыктуулугу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга, уюмдарга же мекемелерге жиберилет.

16.7. Айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундулары, чечимдери жана кайрылуулары таандыктуулугу боюнча аткаруу үчүн жөнөтүлгөн аткаруучулар 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен же корутундуда, чечимде жана кайрылууда белгиленген мөөнөттөрдө алардын аткарылышын камсыз кылышат.

16.8. Айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундусунда, чечиминде же кайрылуусунда көрсөтүлгөн тапшырмалар же суроо-талаптар көрсөтүлгөн мөөнөттө жарым-жартылай аткарылган же аткарылбаган учурда, жооптуу аткаруучу тарабынан аралыктык маалымат же документти аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө негиздемеси менен кат даярдалат.

16.9. Айылдык кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары каттоого алынгандан кийин токтоосуз айылдык кеңештин төрагасына жөнөтүлөт, андан кийин айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясына ылайык, 2 жумушчу күндүн ичинде жооптуу катчы тарабынан тийиштүү уюмдарга, мекемелерге же кызмат адамдарына жөнөтүлөт.

16.10. Суроо-талап жиберилген уюмдар, мекемелер же кызмат адамы, эгерде суроо-талапта башка мөөнөт белгиленбесе, 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен ага жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү. Суроо-талапка жооп айылдык кеңештин сессиясында каралат.

22.1. Жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын айыл өкмөтүнүн (айылдык кеңештин) дарегине келип түшкөн кайрылуулары (сунуштары, арыздары, даттануулары) жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө жооптор каттоого алынуусу тийиш.

22.2. Жарандардын кайрылууларын каттоого алуу автордун алфавитинин биринчи тамгасы жана катар номуру менен жол-жоболоштурулат жана жооп берүүдө ушул эле номур каттын чыгуу номуруна ыйгарылат.

22.3. Каттоого алынган кат резолюциянын формасы менен, айыл өкмөтүнүн башчысына кароо жана аткаруучусун аныктоо үчүн берилет.

22.4. Жарандардын айылдык кеңешке даректелген кайрылуулары, каттоого алынгандан кийин резолюциянын формасы менен айылдык кеңештин төрагасына берилет, ал 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруучуларга – айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларына же жооптуу катчыга берилет.

22.5. Катты кароо бир нече аткаруучуларга тапшырылган учурда, координациялоону резолюцияда биринчи болуп көрсөтүлгөн аткаруучу жүзөгө ашырат. Ошол эле катты кароонун жыйынтыктары боюнча маалыматтарды топтойт жана биротоло акыркы жоопту даярдайт, ал аны кароого катышкан бардык аткаруучулар тарабынан визаланат.

22.6. Кат жүзүндөгү кайрылуу аны каттоого алган күндөн тартып 14 календардык кндн ичинде каралат.

22.7. Эгерде жарандардын кайрылуусу боюнча маселени чечиш үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) өткөрүү зарыл болсо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн кошумча материалдар талап кылынса, жарандардын кайрылууларын кароонун мөөнөттөрү, өзгөчөлүктүү тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы (айылдык кеңештин төрагасы) тарабынан арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүү менен, 30 календардык күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн.

22.8. Жарандардын кайрылууларын аткаруунун мөөнөттөрү боюнча кабыл алуу, каттоо жана көзөмөлдөө иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.

22.9. Эгерде алар каралган, аларда коюлган маселелер боюнча зарыл чаралар кабыл алынган жана жарандарга белгиленген мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө жооптор берилген учурда, жазуу жүзүндөгү кайрылуулар чечилген болуп эсептелет.

22.10. Жамааттык кайрылууга жооп, эгерде текстте башкача эскертмеленбесе, кайрылууда биринчи болуп көрсөтүлгөн жарандын дареги боюнча жөнөтүлөт.

22.11. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө аяктагандан кийин жооптун түп нускасы кайрылуунун авторуна жөнөтүлөт, жооптун көчүрмөсү иш кагаздарын жүргүзүүчүдө калат, зарыл болгондо жооптун бир көчүрмөсү аткаруучуда сакталышы мүмкүн.

22.12. Календардык жылдын ичинде, автор баягы бир эле маселени кайра-кайра козгогон каттар, адегендеги кайрылуунун номуру алдында каттоого алынат жана “кайра кайталоо” деген белги менен маалыматтардын базасына киргизилет.

22.13. Жаңы жүйө-далилдер же жаңыдан ачылган жагдайлар келтирилбеген кайра кайрылуулар (оозеки, жазуу жүзүндөгү же электордук), эгерде алар боюнча толук материалдар болсо жана жарандарга мыйзамда жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жооптор берилсе, кароого жатпайт, бул жөнүндө арыз берүүчүгө билдирилет. Кайталанган кайрылууларды окуп үйрөнүүдө аларга мурунку кайрылууларды короонун материалдары кошулуп тиркелет.

22.14. Эгерде кайрылуунун тексттин окууга болбосо, анда ушул кайрылууну кароочу адам, арыз берүүчүнү (эгерде арыз берүүчүнүн фамилиясын жана почта дарегин окууга мүмкүн болсо), кайрылуунун маңызын жана жүйөөлөрүн тактоо жана ачык түшүнүү үчүн чакырат. Эгерде кайрылууну кароочу адам арыз берүүчү менен байланыша албаса, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул жөнүндө арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.

22.15. Жарандын ал боюнча жооп жөнөтүлүшү керек болгон фамилиясы жана почта дареги (жашаган жери) көрсөтүлбөгөн анын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу тоголок кат деп таанылат жана каралууга жатпайт.

22.16. Календардык жыл аяктагандан кийин, иш кагаздарын жүргүзүүчүдө турган каттардын бардык матераилдары көктөмгө бириктирилет жана архивдик сактоого өткөрүлүп берилет, анда алар 3 жыл боюу сакталат.

22.17. Жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын материалдары жана жарандардын арыздары жана кайрылуулары боюнча жооптор, архивден иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан, алардын суроо-талаптары боюнча берилет.

22.18. Жарандардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароонун белгиленген тартибин бузуулар, ошондой эле кайрылууларды, арыздарды жана даттанууларды беришкенине байланыштуу жарандарды кугунтуктоолор күнөөлүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтерди тартууга алып келет.

 

 

Глава 17. Айылдык кеңештин токтомдорун каттоо жана

жарыялоо (күчүнө кирүү) тартиби

 

17.1. Айылдвк кеңештин жооптуу катчысы, айылдык кеңештин токтому кабыл алынган маселе боюнча баяндамачы менен бирдикте, ал кабыл алган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде аны жол-жоболоштурат.

17.2. Граматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, документти жол-жоболоштурууда ага түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Айылдык кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдун мазмундук бөлүгүнө оңдоолорду киргизген адамдар, документти бурмалашкандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

17.3. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укуксуз жана ал кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде ага кол коёт.

17.4. Айылдык кеңештин токтомдорун каттоого алууну айылдык кеңештин токтомдорун каттоочу журналга төмөнкү дайын-даректерди көрсөтүү менен жазууларды киргизүү аркылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жүзөгө ашырат:

1) актынын түрүнө көрсөтмөнү;

2) ушул токтомдун жөнгө салуучу предметин белгилөөчү аталышын;

3) кабыл алынган жерин жана датасын;

4) каттоо номурун.

17.5. Айылдык кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн төмөнкү расмий булактарынын биринде жарыялануусу тийиш:

1) айылдык аймактын, шаардын, райондун облустун аймактарында бир кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен айылдык кеңештин өзү тарабынан аныкталуучу тийиштүү басылмаларда же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталуучу атайын көрүнүктүү жерлерде (такталарда, стенддерде);

2) тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий веб-сайттарында;

3) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (акимиаттын) расмий веб-сайттарында;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн расмий веб-сайттарында;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий веб-сайтында.

Айылдык кеңештердин токтомдорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий веб-сайтына жайгаштыруу  аталган Агенттиктин 2022-жылдын 14-июнундагы № 155 буйругу менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий веб-сайтына жайгаштыруу Тартибине” ылайык жүргүзүлөт.

17.6. Айылдык кеңештин токтомун расмий жарыялоо мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүргүзүлөт.

17.7. Акт жайгаштырылган басылманын жарыкка чыккан күнү, же токтом расмий веб-сайтка жайгаштырылган күн айылдык кеңештин токтомунун расмий жарыяланган датасы болуп эсептелет.

17.8. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Жеке ишкердикти жөнгө салуучу токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн эрте эмес күчүнө кирет.

17.9. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү, расмий жарыяланган күнү, айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине кошуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана\же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен жөнөтүлөт.

17.10. Мамлекеттик тилде гана кабыл алынган айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү, расмий жарыяланган күнү, айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, кагаз алып жүрүүчүдө жана электрондук түрдө, жарыяланган булагын жана айылдык кеңештин токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алуунун жол берилгендиги жөнүндө айылдык кеңештин тийиштүү чечимин көрсөтүү менен жөнөтүлөт.

17.11. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү күчүнө киргенден кийин элге жарыялоо жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири кабарландырууну камсыз кылуу үчүн маалыматтык керге такталарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайтында милдеттүү түрдө жарыялануусу тийиш.

 

Раздел VI. Айыл өкмөтүнүн комиссиялары, кеңешмелер жана текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби

 

Глава 18. Айыл өкмөтүнүн алдындагы туруктуу (убактылуу) комиссиялар

жана башка комиссиялар

 

18.1. Айыл өкмөтү ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктөлгөн иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкактарында, айыл өкмөтүнүн алдында туруктуу (убактылуу) комиссияларды уюштурат (1-Тиркеме).

18.2. Айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын иш-милдеттери жана милдеттери, айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдык кеңеш, же болбосо тийиштүү ченемдик укуктук акты менен бекитилген бул комиссиялар тууралуу жоболордо аныкталат.

18.3. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишин уюштуруу жана координациялоо, алардын арасында милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы же анын орун басары-жооптуу катчы тарабынан жүзөгө ашырылат.

18.4. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын отурумдарында протокол жүргүзүлөт, коюлган маселелерди кароонун натыйжалары боюнча чечимдер же корутундулар кабыл алынат.

18.5. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын отурумдары, эгерде убактылуу (туруктуу) комиссиялардын жоболорунун өзүндө же башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса, комиссиялардын курамынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү болгондо өткөрүлөт.

18.6. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын протоколдорунан, чечимдеринен, корутундуларынан жазма көчүрмөлөр кызыкдар адамдарга берилет.

18.7. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу үчүн муниципалдык кызматкерди мамлекеттик органдар тарабынан түзүлүүчү комиссиялардын (2-Тиркеме) жумуштарына катышуу үчүн жиберет.

 

Глава 19. Айыл өкмөтүнүн кеңешмеси

 

19.1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын же болбосо анын орун басарынын демилгеси боюнча жумушчу кеңешмелер өткөрүлүшү мүмкүн. Кеңешмени өткөрүүнүн датасы жана убактысы, ошондой эле кеңешменин күн тартиби, кеңешменин демилгечиси болгон адам тарабынан аныкталат.

19.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы пландуу жана пландан тышкары кеңешмелерди өткөрүүгө укуктуу.

19.3. Пландуу кеңешмелер белгиленген мезгилдүүлүк менен, ошол эле бир убакта, кызматкерлердин белгилүү курамы менен, төмөнкүдөй туруктуу күн тартиби менен өткөрүлөт: мезгилдин жыйынтыктары, жасалган жумуштардын натыйжалары жөнүндө угуу, учурдагы иштер жөнүндө маалыматтар менен алмашуу, алдыда турган мезгилге милдеттерди аныктоо, ресурстарды жана тапшырмаларды болуштүрүү, өз ара аракеттенүүлөрдү макулдашуу жана башкалар. 

19.4. Пландан тышкаркы кеңешмелер алдын ала болжоо мүмкүн эмес, өзгөчө жана башка кийинкиге калтырууга болбогон кырдаалдар пайда болгон учурда өткөрүлөт.

19.5. Кеңешмеде айыл өкмөтүнүн башчысы, ал эми ал болбогондо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, же айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орду болбогон учурда жооптуу катчы төрагалык кылат.

19.6. Кеңешмеге айыл өкмөтүнүн бардык кызматкерлери, зарыл болгондо айыл өкмөтүнүн башка кызматчылары дагы катышышат. Айыл өкмөтүнүн бардык кызматкерлеринин жана кызматчыларынын катышуулары зарыл болбогондо, кеңешмеге айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлери гана чакырылат, алардын тизмеги кеңешменин демилгечиси катары чыккан адам тарабынан аныкталат.

Зарыл болгон учурда кеңешмеге каралып жаткан маселелерге карата түздөн-түз тийиштиги бар мамлекеттик органдардын, мекемелердин, ишканалардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери (өкүлдөрү) жана башка адамдар чакырылышы мүмкүн.

19.7. Кеңешмелерди өткөрүү аркылуу төмөнкү милдеттер чечилет:

1) айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин, башка мамлекеттик органдардын жогору турган кызмат адамдарынын чечимдеринин жана тапшырмаларынын, ошондой эле пландуу иш чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө;

2) жыйынтыктарды чыгаруу, кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышынын деңгээлин жана сапатын баалоо, аткаруучулук тартибин сактоо;

3) маалыматтарды жыйноо жана алмашуу, конкреттүү көйгөй боюнча маалыматтарды жалпылоо, аларга карата катышуучулардын жана аткаруучулардын көз караштарын билүү;

4) иштердин абалы жөнүндө, кызматкерлердин тапшырмаларды жана кварталдык иш пландарды аткаруу процесси жөнүндө учурдагы маалыматтарды ыкчам алуу;

5) ыкчам чечимдерди кабыл алуу жана аткаруучуларга жаңы милдеттерди коюу;

6) алардын маалыматтуулугун жана квалификациясын жогорулатуу максатында, алардын алдына коюлган милдеттер боюнча аткаруучулар үчүн түшүндүрүү (нускамалык, тааныштыруу) жумуштарын жүргүзүү;

7) бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенишүүлөрүн координациялоо, камсыз кылуу;

8) талкуулоо, жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн кайрылуулардын аткарылышын көзөмөлдөө;

9) айыл өкмөтүнүн учурлагы иштерине түзөтүүлөрдү киргизүү, жумуш процессин өркүндөтүү.

19.8. Айыл өкмөтүнүн кеңешмесинде кабыл алынган чечимдер жана тапшырмалар протоколго киргизилет, зарыл болгондо тийиштүү айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен жол-жоболоштурулат. Протоколдор жооптуу катчы же аппараттын ыйгарым укук берилген кызматчысы тарабынан даярдалат, жана кеңешме өткөрүлгөн күндөн тартып кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбестен айыл өкмөтүнүн башчысына же төрагалык кылуучуга кол коюуга киргизилет. Актынын жана\же протоколдун көчүрмөсү же андан жазма көчүрмө конкреттүү тапшырмалар жана аткаруу мөөнөттөрү менен, төрагалык кылуучу бекиткенден кийин аткаруучуларга 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн жөнөтүлөт.

 

Глава 20. Айыл өкмөтүнүн кеңешмелеринин, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарынын протоколдору

 

20.1. Айыл өкмөтүнүн кеңешмелеринин, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын, жумушчу топтордун отурумдарынын протоколу жазып алуулардын, чыгып сүйлөөлөрдүн берилген тезисттеринин, маалымдамалардын, кеңшмелердин, отурумдардын убагында чыгарылган корутундулардын жана чечимдердин (токтомдордун, тескемелердин) долбоорлорунун негизинде түзүлөт.

20.2. Протоколдордун көчүрмөлөрү зарыл болгондо, таратып жөнөтүүлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык кызыкдар мекемелерге жана кызмат адамдарына таратылып жөнүлөт. Көрсөтмөнү бөлүмдүн маселени кароого даярдаган жооптуу аткаруучусу түзөт жана кол коёт. Протоколдордун көчүрмөлөрү мөөр күбөлөндүрүлөт.

20.3. Кабыл алынган чечимдер, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, протоколдордон жазма көчүрмөлөр түрүндө аткаруучуларга жеткирилет.

20.4. Кеңешмелерде, отурумдарда кабыл алынган чечимдердин жана тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу аткаруучулар тарабынан камсыз кылынат жана баяндалат.

20.5. Протокол мамлекеттик же расмий тилде жол-жоболонот.

20.6. Протоколдордун түрлөрү, формалары жана жол-жоболоштуруу тартиби КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын 31-36-пункттарында келтирилген.

 

Глава 21. Айыл өкмөтүнүн ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жана текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартиби

 

21.1. Айыл өкмөтүнүн ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

21.2. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китепби жана анда каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 398 токтому менен бекитилген форма боюнча жана тартипте жүргүзүлөт.

21.3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы айыл өкмөтүнүн ишин текшерүү жүзөгө ашырылганга чейин, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысында же ыйгарым укук берилген кызматчыда (иш кагаздарын жүргүзүүчүдө) туруучу текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоону жүргүзүүгө милдеттүү.

17.4. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышын;

2) текшерүүлөрдү жүргүзүү башталган жана аяктаган датаны;

3) текшерүүнүн негизин жана предметин;

4) текшерүүнү жүзөгө ашыруучу адамдын (адамдардын) кызмат ордун, фамилиясын, атын жана атасынын атын;

5) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн убагында алынган документтердин көчүрмөлөрүнүн, жазма көчүрмөлөрүнүн аталыштарынын тизмегин.

21.5. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоосуз айыл өкмөтүнүн ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт. Айыл өкмөтүнөн текшерүүлөрдү эсепке алуу китебин алып коюуга тыюу салынат. Зарыл болгондо, айыл өкмөтү текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинен күбөлөндүрүлгөн жаза көчүрмөлөрдү берүүсү мумкүн.

21.6. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык пландуу, пландан тышкаркы, көзөмөлдүк текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга тизмеги «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 жана Жогорку Кенештин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө” 2017-жылдын 25-майы № 1618-VI токтомдору менен бекитилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын укугу бар.

 

Раздел VII. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө

 

Глава 22. Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби

 

22.1. Жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын айыл өкмөтүнүн (айылдык кеңештин) дарегине келип түшкөн кайрылуулары (сунуштары, арыздары, даттануулары) жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө жооптор каттоого алынуусу тийиш.

22.2. Жарандардын кайрылууларын каттоого алуу автордун алфавитинин биринчи тамгасы жана катар номуру менен жол-жоболоштурулат жана жооп берүүдө ушул эле номур каттын чыгуу номуруна ыйгарылат.

22.3. Каттоого алынган кат резолюциянын формасы менен, айыл өкмөтүнүн башчысына кароо жана аткаруучусун аныктоо үчүн берилет.

22.4. Жарандардын айылдык кеңешке даректелген кайрылуулары, каттоого алынгандан кийин резолюциянын формасы менен айылдык кеңештин төрагасына берилет, ал 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруучуларга – айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларына же жооптуу катчыга берилет.

22.5. Катты кароо бир нече аткаруучуларга тапшырылган учурда, координациялоону резолюцияда биринчи болуп көрсөтүлгөн аткаруучу жүзөгө ашырат. Ошол эле катты кароонун жыйынтыктары боюнча маалыматтарды топтойт жана биротоло акыркы жоопту даярдайт, ал аны кароого катышкан бардык аткаруучулар тарабынан визаланат.

22.6. Кат жүзүндөгү кайрылуу аны каттоого алган күндөн тартып 14 календардык кндн ичинде каралат.

22.7. Эгерде жарандардын кайрылуусу боюнча маселени чечиш үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) өткөрүү зарыл болсо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн кошумча материалдар талап кылынса, жарандардын кайрылууларын кароонун мөөнөттөрү, өзгөчөлүктүү тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы (айылдык кеңештин төрагасы) тарабынан арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүү менен, 30 календардык күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн.

22.8. Жарандардын кайрылууларын аткаруунун мөөнөттөрү боюнча кабыл алуу, каттоо жана көзөмөлдөө иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.

22.9. Эгерде алар каралган, аларда коюлган маселелер боюнча зарыл чаралар кабыл алынган жана жарандарга белгиленген мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө жооптор берилген учурда, жазуу жүзүндөгү кайрылуулар чечилген болуп эсептелет.

22.10. Жамааттык кайрылууга жооп, эгерде текстте башкача эскертмеленбесе, кайрылууда биринчи болуп көрсөтүлгөн жарандын дареги боюнча жөнөтүлөт.

22.11. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө аяктагандан кийин жооптун түп нускасы кайрылуунун авторуна жөнөтүлөт, жооптун көчүрмөсү иш кагаздарын жүргүзүүчүдө калат, зарыл болгондо жооптун бир көчүрмөсү аткаруучуда сакталышы мүмкүн.

22.12. Календардык жылдын ичинде, автор баягы бир эле маселени кайра-кайра козгогон каттар, адегендеги кайрылуунун номуру алдында каттоого алынат жана “кайра кайталоо” деген белги менен маалыматтардын базасына киргизилет.

22.13. Жаңы жүйө-далилдер же жаңыдан ачылган жагдайлар келтирилбеген кайра кайрылуулар (оозеки, жазуу жүзүндөгү же электордук), эгерде алар боюнча толук материалдар болсо жана жарандарга мыйзамда жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жооптор берилсе, кароого жатпайт, бул жөнүндө арыз берүүчүгө билдирилет. Кайталанган кайрылууларды окуп үйрөнүүдө аларга мурунку кайрылууларды короонун материалдары кошулуп тиркелет.

22.14. Эгерде кайрылуунун тексттин окууга болбосо, анда ушул кайрылууну кароочу адам, арыз берүүчүнү (эгерде арыз берүүчүнүн фамилиясын жана почта дарегин окууга мүмкүн болсо), кайрылуунун маңызын жана жүйөөлөрүн тактоо жана ачык түшүнүү үчүн чакырат. Эгерде кайрылууну кароочу адам арыз берүүчү менен байланыша албаса, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул жөнүндө арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.

22.15. Жарандын ал боюнча жооп жөнөтүлүшү керек болгон фамилиясы жана почта дареги (жашаган жери) көрсөтүлбөгөн анын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу тоголок кат деп таанылат жана каралууга жатпайт.

22.16. Календардык жыл аяктагандан кийин, иш кагаздарын жүргүзүүчүдө турган каттардын бардык матераилдары көктөмгө бириктирилет жана архивдик сактоого өткөрүлүп берилет, анда алар 3 жыл боюу сакталат.

22.17. Жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын материалдары жана жарандардын арыздары жана кайрылуулары боюнча жооптор, архивден иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан, алардын суроо-талаптары боюнча берилет.

22.18. Жарандардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароонун белгиленген тартибин бузуулар, ошондой эле кайрылууларды, арыздарды жана даттанууларды беришкенине байланыштуу жарандарды кугунтуктоолор күнөөлүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтерди тартууга алып келет.

 

Глава 23. Жарандардын электрондук кайрылуулары менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү

 

23.1. Айыл өкмөтүнүн жана\же айылдык кеңештин расмий электрондук даректерине (расмий сайт, почта) келип түшкөн электрондук кайрылуулар иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан каттоого алынууга жатат. Жарандардын келип түшкөн кайрылуулар алар каттоого алынган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат.

23.2. Ушул Регламенттин 18.7.-пунктунда каралган учурларда, электрондук кайрылууларды кароонун мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн, бирок 30 календардык күндөн көпкө эмес. Бул тууралуу чечим айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдык кеңештин төрагасы тарабынан кабыл алынат жана арыз берүүчүгө жазуу (электрондук) формада билдирилет.

23.3. Жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда милдеттүү түрдө электрондук кайрылуу жиберилип жаткан айыл өкмөтүнүн же айылдык кеңештин аталышын, же болбосо айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин төрагасынын же депутатынын фамилиясын, атын, атасынын атын, ошондой эле өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (болгондо), байланыш телефонун (үйүнүн, уюктук же жумушчу), жашап турган жеринин адресин көрсөтөт, кайрылуунун маңызын баяндайт.

23.4. Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде электрондук документтердин сканирленген көчүрмөлөрүн, электрондук файлдар (электрондук документтер, фото жана көрмө материалдар) жайгаштырылган Интернет желесиндеги дарактерди тиркөөгө жол берилет.

23.5. Электрондук кайрылууну алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде аткаруучу жаранга келип түшкөн датасын жана убактысын, ыйгарылган кирме номурун жана тийиштүү маалымдама телефондорду көрсөтүү менен анын кайрылуусу кароого кабыл алынганы жөнүндө же баш тартуунун негиздемеси менен кароодон баш тартылганы тууралуу электрондук билдирүү-кабарлама жөнөтөт. Андан ары электрондук кайрылуу басылып алынат, жана аны менен андан ары иштөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

23.6. Электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүндө, электрондук кайрылууну алган аткаруучу, электрондук кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маңызын тактоого укуктуу.

23.7. Электрондук жооптон тышкары аткаруучу ошондой эле жаранга жазуу жүзүндө жооп жөнөтөт.

 

Глава 24. Жарандарды жекече кабыл алуу

 

24.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы жана кайрылуулардын маңызы боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктары бар айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери бекитилген графикке ылайык жарандарды жекече кабыл алууну жүргүзүшөт.

24.2. Жарандарды кабыл алуунун графиги айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланат жана\же айыл өкмөтүнүн маалыматтык керге такталарында жайгаштырылат, ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысынын жана кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн каалгаларына илинет.

24.3. Жарандарды жекече кабыл алууда, эгерде оозеки кайрылууда баяндалган маселе жекече кабыл алуу убагында чечилиши мүмкүн болбосо, кайрылуу жаран тарабынан жазуу (же электрондук) формада баяндалышы мүмкүн жана каттоого алынууга жана мыйзамда жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө каралууга жатат.

24.4. Эгерде кайрылууда чечилүүсү айыл өкмөтүнүн башчысынын же айыл өкмөтүнүн кызматчысынын компетенциясына кирбеген маселелер камтылган учурда, жаранга анын кайда жана кандай тартипте кайрылуусу керек экени түшүндүрүлүп берилет.

24.5. Эгерде ага кайрылууда коюлган маселелердин маңызы боюнча жооп берлген болсо, жекече кабыл алуунун жүрүшүндө жаранга кайрылууну андан ары кароодон баш тартылышы мүмкүн.

24.6. Алыскы айылдардан келген, I жана II топтордогу майыптуулуктагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар, улуу ата мекендик согуштун ардагерлери, айылдык кеңештин депутаттары кезексиз кабыл алынуу укугуна ээ болушат. Кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.

 

 

 

 

Раздел VIII. Маалыматтка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу

 

Глава 25. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу

 

25.1. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин иши ачык, тунук, айкын жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

25.2. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин карамаганда турган маалыматтарды берүү “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

25.3. Айыл өкмөтүнүн маалыматтарды берүүсүнүн негизги ыкмалары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) тийиштүү материалдарды жарыялоо жана таратуу;

2) алардын суроо-талаптарынын негизинде жеке жана юридикалык жактарга маалыматтарды берүү;

3) айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо;

4) айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин документтерине жана материалдарына карата түздөн-түз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

5) айылдык кеңештин ачык сессияларына, айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарына карата түздөн-түз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.

 

Глава 26. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарды элге жарыялоо ыкмалары

 

26.1. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө маалыматтар элге жарыялоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайтына жайгаштырылат. Бул үчүн айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү бирдиктүү веб-сайтка ээ болушат:

www nariman.el.kg (сайттын аталышы). Расмий веб-сайт жок болгон учурда, маалыматтар төмөнкүлөргө жарыяланышы мүмкүн:

1) айыл өкмөтү тарабынан аныкталган атайын көрүнөө жерлерге (доскаларга, кереге такталарга;

2) айылдык аймактын, шаардын, райондун, облустун аймагында бир кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн, басылмалардын ичинен айылдык кеңеш тарабынан аныкталган тийиштүү басылмаларга;

3) жеригиктүү мамлекеттик администрациянын расмий веб-сайтына;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин  Ош облусундагы ыйгары укуктуу өкүлүнүн веб-сайтына;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына.

26.2. Айыл өкмөтү өзүнүн иштери жөнүндө жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө калкты кабарландыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана башка кандай болбосун ыкмаларды пайдаланууга укуктуу. Маалыматка карата жеткиликтүүлүктүн ыкмаларынын бирин камсыз кылуу маалыматты кандай болбосун башка мыйзамдуу ыкма аркылуу берүүдөн баш тартууга негиз катары кызмат кылышы мүмкүн эмес. 

 

 

 

Глава 27. Алардын суроо-талаптарынын негизинде жеке жана

юридикалык жактарга маалыматтарды берүү

 

27.1. Жеке жана юридикалык жактардын маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптары айыл өкмөтүнө төмөнкүдөй формада жөнөтүлүшү мүмкүн:

1) оозеки түздөн-түз же телефон боюнча кайрылуу;

2) түздөн-түз жеткирип берүү жолу менен жазуу жүзүндөгү, почта менен, чабарман аркылуу же электрондук байланыш каналдары аркылуу берилүүчү суроо-талаптар.

27.2. Суроо-талапка жооп суроо-талап жөнөтүлгөн формада канаатандырылат. Айыл өкмөтүндө турган документ бирден көп тилде болгон учурда, документ маалыматты сураган жак артыкчылык берген тилде берилет.

27.3. Жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жоопту даярдоо 2 аптанын ичинде жүзөгө ашырылат. Суроо-талапка жооп берүү үчүн мөөнөттү эсептөө суроо-талап алынган жана катталган күндөн тартып башталат жана суроо-талапка жоопту алар почта байланыш бөлүмүнө, автордун өзүнө, же болбосо анын чабарманына же өкүлүнө берген, же жөнөтүү электрондук байланыш каналдарында белгиленген күнү аяктайт.

27.4. Эгерде 2 аптанын ичинде суроо-талапка жооп даярдалышы мүмкүн болбосо, кийинкиге калтыруунун себептери көрсөтүлүү менен, бул тууралуу суроо-талапты жөнөткөн адамга билдирелет. Кийинкиге калтыруу мезгили 2 аптадан ашуусу мүмкүн эмес. Белгиленген мөөнөттөрдө жооптун берилбегени же мөөнөттүн узартылганы жөнүндө кабарландыруунун болбогону суроо-талапка жооп берүүдөн баш тартуу катары каралат.

(Эскертүү: жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын формасы жана мазмуну, жазуу жүзүндөгү суроо-талапты кароонун жана канааттандыруунун тартиби, маалыматтарды берүү менен байланышкан чыгымдар, ошондой эле суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн баш тартуунун негиздери «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган.).

 

Глава 28. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин элге жарыяланууга

жаткан маалыматтарынын тизмеги

 

28.1. Айыл өкмөтү ар жыл сайын жеткиликтүү формада, көрүнөө жерлерде (маалыматтык доскаларда), өзүнүн расмий веб-сайтында айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтарды элге жарыялоого милдеттүү:

1) алардын иш-милдеттерин жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын, милдеттенмелерин жана бекитилген жергиликтүү бюджетти;

2) айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин жана сыпаттамасын;

3) суроо-талаптарды же даттанууларды кароонун жана канааттандыруунун тартибин, ошондой эле кайрылган адамдардын суроо-талаптарын, даттанууларын жана башка иш-аракеттерин жол-жоболоштуруунун болжолдуу үлгүсүн;

4) айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматчыларынын ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин жана алардын чечимдерди кабыл алуу жолжоболорунун сыпаттамасын;

5) айылдык кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин сыпаттамасын, айылдык кеңештин түзүмүн, туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин жана алардын чечимдерди кабыл алуу жолжоболорунун;

6) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин өз иш-милдеттерин аткаруулары тууралуу маалыматтарды өзүнө камтыган уставын, жобосун, регламенттерин. нускамаларын;

7) жергиликтүү жамааттын уставын, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандардын катышууларынын механизмдерин же жолжоболорун;

8) айыл өкмөтүнө, айылдык кеңешке келип түшкөн жарандардын, уюмдардын кайрылуулары тууралуу, мындай кайрылууларды кароонун натыйжалары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жалпылаштырылган маалыматтарды;

9) айыл өкмөтүнүн карамагында турган жалпы пайдалануудагы маалыматтык тутумдардын, маалымат банктарынын, реестрелердин тизмектерин, ошондой эле жарандарга жана уюмдарга көрсөтүлүүчү маалыматтык ресурстардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмектерин;

10) айыл өкмөтү, айылдык кеңеш жана айылдык кеңештин сессияларын, айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурмдарын, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурмдарын, чогулуштарды (жыйындарды), коомдук (бюджеттик) угууларды, жергиликтүү курултайларды кошуп алганда, анын туруктуу комиссиялары тарабынан уюуштурулган расмий иш чаралар тууралуу маалыматтарды;

11) айылдык кеңеш, айыл өкмөтү уюштурган расмий иш чараларда кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды;

12) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын тийиштүү жылга иш пландарын;

13) жергиликтүү жамаатты өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун социалдык-экономикалык программаларын, жана тапшырыкчылары же аткаруучулары айыл өкмөтү же айылдык кеңеш болуп саналган башка программаларда: аталышын, максаттарын жана негизги милдеттерин, программалардын тапшырыкчыларын жана негизги аткаруучуларын, мөөнөттөрүн, ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжаларын, каржылоонун көлөмүн, аларды ишке ашыруунун жүрүшүн;

14) жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматтарды;

15) айыл өкмөтүнүн катышуусу менен жүзөгө ашырылуучу долбоорлор жана иш чаралар боюнча техникалык жардам (көмөктөшүү) каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды;

16) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү кырдаалын жана динамикасын мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөр жөнүндө негизги маалыматтарды;

17) айылдык аймакка тиешелүү расмий статистикалык маалыматтарды;

18) айыл өкмөтү же айыл өкмөтүнүн алдында уюштурулган тийиштүү комиссиялар тарабынан өткөрүлгөн ачык конкурстар, аукциондор, тендерлер жана башка иш чаралар тууралуу маалыматтарды, төмөнкүлөрдү кошуп алганда:

- аларды өткөрүүнүн шарттарын;

- аларга жеке жана юридикалык жактардын катышуу тартибин;

- конкурстук комиссиялардын курамдарын;

- конкурстук комиссиялардын отурумдарынын протоколдорун;

- кабыл алынган чечимдерге даттануунун тартибин;

19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана айыл өкмөтү, ошондой эле тийиштүү комиссиялар тарабынан кароого кабыл алынуучу арыздардын, бланктардын, кайрылуулардын формаларын;

20) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин текшерүүлөрүнүн натыйжалары жөнүндө, ошондой эле табылган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтарды;

21) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоонун абалы, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар, болжолдолгон жана пайда болгон өзгөчө кырдаалдар, калкты алардан коргоонун ыктары жана ыкмалары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтү тарабынан элге жарыяланууга тийиш болгон маалыматтарды;

22) жарандардын ушул айыл өкмөтүнө муниципалдык кызматка киргени жөнүндө маалыматтарды:

- жарандардын муниципалдык кызматка кирүү тартибин;

- муниципалдык кызматтын болгон бош муниципалдык кызмат орундарынын тизмегин;

- бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерге карата квалификациялык талаптар;

- бош кызмат орундарын ээлөөнүн шарттарын жана натыйжаларын;

23) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин депутаттарынын башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка уюмдар, анын ичинде эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө маалыматтарды;

24) айыл өкмөтөнүн башчысы жөнүндө, айылдык кеңештин депутаттары жөнүндө маалыматтарды (фамилияларын, аттарын жана аталарынын аттарын – көрсөтүлгөн адамдар менен макулдашуу боюнча);

25) айыл өкмөтүнүн аппаратынын бекитилген түзүмү жана жалпы штаттык саны тууралуу, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттери жана иш-милдеттери, почта даректери, маалымдама кызматтарынын телефондору жана электрондук почта дарегин кошуп алганда, даректик маалым-даректери жөнүндө маалыматтарды;

26) айыл өкмөтүнө ведомстволук таандыктуулуктагы уюмдар тууралуу маалыматтарды: уюмдардын тизмегин, алардые почта жана юридикалык даректерин, телефондорун, алардын аткарган милдеттерин жана иш-милдеттерин, аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, алардын кызматчыларынын саны, иштеринин негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды;

27) айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары иштерине катышкан эл аралык уюмдардын тизмегин;

28) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин депутаттарынын эл аралык инвестицияларды жана эл аралык кызматташуу программаларын ишке ашырууга катышууларынын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды;

29) алдыда турган жер участокторун бөлүп берүү жана жеке турак-жай курулушуна жер алууга жарандардын тизмелери жөнүндө маалыматты;

30) кабыл алынган сациалдык маанилүү чечимдер боюнча, анын ичинде айылдык кеңештин жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөгөн, жоопкерчиликти белгилеген же күчөткөн токтомдору жөнүндө маалыматтарды.

 

Глава 29. Жарандардын документтерге, материалдарга, айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, ошондой эле алардын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

 

29.1. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, ошондой эле алардын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын документтерине жана материалдарына түздөн-түз жеткиликтүүлүк төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:

1) расмий маалыматтардын фонддору;

2) маалыматтар базалары.

29.2. Айыл өкмөтүнүн, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдары (кеңешмелери), ошондой эле айылдык кеңештин сессиялары жана айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдары, жабык отурумдарды кошпогондо, коомчулук үчүн ачык болуп саналат.

29.3. Отурмдардын (кеңешмелердин) ачыктыгы тийиштүү кеңешмелерге, отурумдарга катышууну каалагандыктарын билдирген жарандардын аларга катышуу мүмкүнчүлүгү менен кепилденет.

29.4. Жабык кеңешмелер, отурумдар аларда жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтар жөнүндө маселелер болуп саналган маалыматтар талкууланган учурда өткөрүлөт.

 

Глава 30. Маалыматтка карата жеткиликтүүлүктү чектөө

 

30.1. Чектелүү жеткиликтүүлүктөгү маалыматтар катары таанылган, мамлекеттик сырларга киргизилген, ошондой эле купуялуу маалыматтардан тышкары, айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүктү кандай болбосун чектөөгө тыюу салынган. 

30.2. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

30.3. Купуялуу маалымат катары төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтар таанылат:

1) кесиптик сырды (кызматтык пайдалануудагы документтер – КПД);

2) башка адамдардын мыйзам менен корголгон сырларын камтыган маалыматтарды.

30.4. Маалыматтарды кызматтык пайдалануудагы документтерге киргизүү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнун 2013-жылдын 7-майы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

 

Раздел IX. Муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчилиги

 

Глава 31. Регламенттин талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

31.1. Регламент бардык мунуципалдык кызматкерлер жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын башка кызматычылары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга жатат. Ушул Регламенттин талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы, анын орун басары- жооптуу катчы  тарабынан жүзөгө ашырылат.

31.2. Регламенттин талаптарын аткарууну камсыз кылуу, документтерди жана материалдарды сапаттуу жана өз убагында даярдоо, ошондой эле айыл өкмөтүндө документтерди эсепке алуу жана сактоо үчүн жоопкерчилик аткаруучуларга жүктөлөт.

31.3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жооптуу катчысы ушул Регламенттин талаптарынын өз убагында жана талаптагыдай аткарылышын көзөмөлдөйт.

31.4. Ушул Регламенттин талаптарын сактабагандыгы жана бузгандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери жана кызматчылары – аткаруучулар мыйзамда белгиленген тартипте жеке жоопкерчилик тартышат, бул жөнүндө тийиштүү сунуштамаларды айыл өкмөтүнүн башчысына киргизүүгө анын орун басары жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы укуктуу.

 

Глава 32. Дисциплинардык жаза-чара, кызматтык териштирүү

 

32.1. Кызматкер дисциплинардык жорук жасаган учурда, кызматкер дисциплинардык жоопкерчилик тартат.

32.2. Кызматкерге дисциплинардык жаза-чара айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан, дисциплинардык жорук жасаган фактысы аныкталган же бышыкталган учурларда гана салынат.

32.3. Тартиптик жорук жасоо фактысын аныктоо же ырастоо үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 токтому менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.

32.4. Кызматтык териштирүү айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан түзүлгөн комиссия жүргүзөт. Комиссиянын курамына коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл (эгерде бар болсо), этика боюнча комиссиянын өкүлдөрү, ошондой эле айыл өкмөтүнүн башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кызматтык териштирүүнү толук жана ар тараптуу жүргүзүү үчүн билими зарыл болгон кызматкерлер кириши мүмкүн. Айыл өкмөтүнүн башчысы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен комиссиянын төрагасын дайындайт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн максималдуу саны чектелбейт жана кызматтык иликтөөнүн көлөмү менен аныкталат, бирок так сандагы үч адамдан кем болбоого тийиш.

Кызматтык иликтөөгө катышуу үчүн комиссиянын ишине көз карандысыз эксперттер тартылышы мүмкүн..

32.5. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же болбосо жүргүзүлбөйт:

1) кызматкер жасалган жоруктагы өзүнүн күнөөсүн ак ниетинен мойнуна алганда – фактылардын чындыкка ылайык келген учурунда;

2) дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу мөөнөттөрү өтүп кеткенде;

3) эгерде жасалган жорукта жазык кылмышынын же административдик жоруктун курамдарынын белгилери табылганда, материалдарды тийиштүү мамлекеттик органга өткөрүп берүү менен.

32.6. Кызматкер жүктөлгөн милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы, этикалык ченемдерди сактабаганы, кызыкчылыктардын карама-каршылыгы жөнүндө мыйзамдарды бузганы үчүн, ага дисциплинардык жаза-чаралардын төмөнкүдөй түрлөрү салынат:

1) эскертүү;

2) сөгүш;

3) катуу сөгүш;

4) кызмат ордунан төмөндөтүү;

5) ээлеген кызмат ордунан бошотуу.

32.7. Дисциплинардык жаза-чара түздөн-түз жорук табылгандан кийин, бирок ал жасалган күндөн тартып 6 айдан кеч эмес колдонулат. Кызматкердин ага жүктөлгөн милдеттерди ар бир аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн бир гана дисциплинардык жаза-чара салынышы мүмкүн.

32.8. Кызматкер ага салынган дисциплинардык жаза-чаранын колдонулуу мезгилинде кызмат ордунан жогорулатылышы мүмкүн эмес.

32.9. Айыл өкмөтүнүн башчысынын дисциплинардык жаза-чараны колдонуу жөнүндө тескемеси (буйругу), кызматкерге аны чыгарган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде кол койдуруу менен жарыяланат. Кызматкер көрсөтүлгөн тескемеге (буйрука) кол коюудан баш тарткан учурда, тийиштүү акт түзүлөт.

32.10. Дисциплинардык жаза-чара аны колдонгон күндөн тартып бир жыл боюу иштейт. Эгерде ушул мөөнөттүн ичинде кызматкер жаңы жаза-чарага кириптер болбосо, анда ал дисциплинардык жаза-чарасы алып салынган болуп эсептелет.

32.11. Айыл өкмөтүнүн башчысы жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин, бирок жаза-чара салынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес дисциплинардык жаза-чараны алып салууга укуктуу.

32.12. Дисциплинардык жаза-чараны колдонуу жөнүндө чечимге кызматкер сотко даттанышы мүмкүн.

 

Раздел XI. Жумуш убактысын уюштуруу

 

Глава 33. Жумуш убактысынын узактыгы

 

33.1. Айыл өкмөтүндө жумуш убактысынын узактыгы аптасына 2 дем алыш күнү, белгиленген беш жумушчу күнү бар аптасы менен, жумасына 40 саатты түзөт.

33.2. Жумуш убактысынын белгиленген узактыгынын чегинен тышкары иштөө кызматчынын демилгеси боюнча (айкалыштыруучулук) да, жана ошондой эле жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча дагы (мөөнөттөн ашыкча иштөө), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

33.3. Жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрү жумушка тартуу, тараптардын макулдашуулары боюнча кызматкерге, кызматчыга башка эс алуу күнүн берүү же эмгек өргүүсүнө кошуу менен, же эки эселенгенден кем эмес өлчөмдөгү акчалай формада компенсацияланат.

33.4. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана кызматчылары үчүн жумуштун башталуу жана аяктоо, эс алуу үчүн тыныгуу убактысы төмөнкүдөй белгиленген:

1) жумуштун башталышы – 8. 30 саат;

2) эс алуу үчүн тыныгуу – 12:00  - 13:00;

3) жумуштун аякташы – 17:30. саат;

4) майрамдын алдыңкы күндөү жумуштун аякташы – 14. 00 саат.

33.5. Жумушка келүүнү жана кетүүнү, ошондой эле кызматчылардын өздөрүнүн иш-милдеттерин аткарууларын көзөмөлдөөнү уюштурууну айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы (же иш кагаздарын жүргүзүүчүсү) жүзөгө ашырат.

33.6. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жумушчу орундарында кызматтык иштер боюнча же жүйөлүү себептер боюнча тескөөчү бөлүм башчылардын, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын-жооптуу катчысынын же айыл өкмөтүнүн башчысынын макулдугу менен гана болбой кала алышат.

33.7. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары - жооптуу катчысы жумушчу орундарында кызматтык иштер боюнча же жүйөлүү себептер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын макулдугу менен гана болбой кала алышат.

 

 

 

Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын

Орун басары-жоопту катчы                                                               Жанибек уулу Элдияр

 


Тиркеме 1.

 

Айыл өкмөтүнүн алдындагы туруктуу (убактылуу)

комиссиялардын аталыштарынын Тизмеги

 

Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ага жүктөлгөн иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкактарында, айыл өкмөтүнүн алдында төмөнкүдөй туруктуу (убактылуу) комиссияларды уюштурат:

  1. укук бузуулар жөнүндө иштерди караган ыйгарым укуктуу органдардын комиссиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын комиссиялары жөнүндө” Типтүү жобо);
  2.  муниципалдык кызматчыларды аттестациялоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча аттестациялык комиссия (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №169 Буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо);
  3. муниципалдык кызматчылардын этикасы боюнча комиссия (КР Президентинин 2002-жылдын 7-майындагы №108-ж “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасы боюнча аймактык комиссиялар жөнүндө” Жарлыгы);
  4. кызматтык териштирүү боюнча комиссия (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №356 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо);
  5. сатып алуулар боюнча комиссия (2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамы);
  6. айыл чарба жерлерин кайра бөлуштүрүү Фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы («Айыл чарба жерлерин кайра бөлуштүрүү Фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө» КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы токтому менен бекитилген №1997-III Типтүү жобо);
  7. муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү боюнча жер комиссиясы («Муниципалдык менчикте турган жер участокторун акылуу менчик же ижара укуктарына берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрынлагы № 571 токтому менен бекитилген Типтүү жобо);
  8. муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү, пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча комиссия («Менчикке муниципалдык менчик жөнүндө» 2002-жылдын 15-мартындагы N 37 КР Мыйзамы, 12-15-беренелер);
  9. куруу жана жерди пайдалануу боюнча комиссия (КР куруунун, жерди пайдалануунун жана калктуу конуштарды көрктөндүрүүнүн КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 токтому менен бекитилген Типтүү эрежелери);
  10. жер участогун жеке турак жай курууга берүү боюнча жер комиссиясы («Жер участокторун жеке турак жай курууга берүүнүн тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген Жобо);
  11. турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссия (Турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссия, КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 139 токтому менен бекитилген Типтүү Жобо);
  12. турак-жай маселелери боюнча комиссия (2013-жылдын 9-тюлундагы №117 КР Турак-жай кодекси, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 токтому менен бекитилген «Менчиктештирилүүчү турак-жайдын наркын аныктоонун тартиби»);
  13. социалдык маселелер боюнча комиссия (2012-жылдын 10-июлундагы № 100 «Балдар жөнүндө» КР кодекси, Типовое Положение «ЖӨБ аткаруучу органдарынын алдындагы социалдык комиссиялар жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 264 токтому менен бекитилген Типтүү Жобо; Закон КР «КР мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» 2009-жылдын 29-декабрындагы №318 КР Мыйзамы, «Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоонун тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №822 токтому менен бекитилген Жобо);
  14. балдар иштери боюнча комиссия (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссиялар жөнүндө Типтүү жобо0;
  15. муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча комиссия («Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» КР Мыйзамынын 10-бер.);
  16. архив маселелери боюнча эксперттик комиссия («Мамлекеттик органдын, ЖӨБ органынын жана башка юридикалык жактардын жксперттик комиссиялары жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-мартындагы № 160 токтому менен бекитилген болжолдуу Жобо);
  17. жарандык коргоо боюнча комиссия («Жарандык коргоо жөнүндө» 2009-жылдын 20-июлундагы N 239 КР Мыйзамы, «Жарандык коргоо боюнча комиссия жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 113 токтому менен бекитилген Типтүү жобо);
  18. коомдук-профилактикалык борбор («КР укук бузуулардын алдын алуу жонундө» 2005-жылдын 25-июнундагы №82 КР Мыйзамы, КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтому менен бекитилген Коомдук-алдын алуу борборунун Типтүү Уставы);
  19. айылдык аймактын аймагында жайгашкан түзөтүү мекемелеринин ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу үчүн байкоочу комиссиялар («Жазык-аткаруучу (пенитенциардык) тутумдун органдары жана мекемелери жөнүндө» 2003-жылдын 12-августундагы №197 КР Мыйзамы);
  20. камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн жана жагымсыз табигый кубулуштардын таасирине кириптер болгон аянттардын көлөмүн аныктоо боюнча убактылуу комиссия («Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» 2009-жылдын 26-январындагы №31 КР Мыйзамы);
  21. дин боюнча коомдук комитет Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 КР Мыйзамы, 1-берененин 2-бөлүгү );

 


 


 

Тиркеме 2.

 

Мамлекеттик органдар, башка уюмдар, мекемелер жана бирикмелер

уюштурган комиссиялардын аталыштарынын Тизмеги

 

Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу үчүн муниципалдык кызматкерди мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн төмөнкү комиссиялардын иштерине катышуу үчүн жиберет:

  1. өздөштүрүлгөн азыктуулугу төмөн айыл чарба жерлерин кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча комиссиялар («Азыктуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн берүүнүн тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген Жобо);
  2. айыл чарба багытындагы жерлердин рыногу боюнча райондук жер комиссиялары («Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуунун-сатуунун тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы №427 токтому менен бекитилген Жобо);
  3. жайыттардын чек араларын белгилөө бл.нча жергиликтүү (райондук) комиссиялар («Жайыттар жөнүндө» 2009-жылдын 26-январындагы N 30 КР Мыйзамы, «Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облусттук жумушчу топтор жана жергиликтүү (райондук) комиссиялар жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтому менен бекитилген Жобо);
  4. айылдык аймактын чегинде жайгашкан жер казынасы боюнча лицензиялык объекттерге конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиялар («Жер казынасы жөнүндө» 2012-жылдын 9-августундагы N 160 КР Мыйзамы);
  5. тарыхий-маданий мурас объекттеринин тарыхий-маданий экспертизасын жүргүзүү боюнча эксперттик комиссиялар («Тарыхий-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» 1999-жылдын 26-июлундагы №91 КР Мыйзамы);
  6. жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) боюнча райондук жер комиссиялары («Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жонүндө» 2013-жылдын 15 июлундагы №145 КР Мыйзамы);
  7. жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү (билим берүү, маданят, социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо социалдык чөйрөнүн мекемелери үчүн комкорчулук Кеңештерин тандоо жана түзүү боюнча комиссиялар («Камкорчулук кеңеши жөнүндө» 2014-жылдын 30-майындагы №18 КР Мыйзамы);
  8. айылдык аймактын аймагында ишке ашырылышы белгиленип жаткан, ошондой эле коңшу административдик-аймактык бирдикте белгиленип жаткан чарбачылык иштин натыйжасында курчап турган чөйрөгө таасир тийгизүүсү мүмкүн болгон объекттердин экологиялык экспертизасына катышуу үчүн эксперттик комиссиялар («Экологиялык экспертиза жөнүндө» 1999-жылдын 16-июнундагы №54 КР Мыйзамы);
  9. кыймылсыз мүлктү тутумдук каттоого алуу маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү боюшча макулдашуу комиссиясы («Кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик катоо жөнүндө» 1998-жылдын 22-декабрындагы №153 КР Мыйзамы);
  10. калкты кургак учуктан коргоо боюнча узак мөөнөттүү программалардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө үчүн кургак учук боюнча ведомстволор аралык комиссия («Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө» 1998-жылдын 18-майындагы N 65 КР Мыйзамы);

мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталуусунун мониторингин жүргүзүү боюнча комиссия (КР мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөлөрүндөгү мыйзамдардын сакталуусунун мониторингин жүргүзүүнүн тартиби жөнундө Жобо, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы №674 токтому менен.

 

 

“Нариман жайыт” муниципалдык ишканасын кайра каттоо жөнүндө

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№24/8
19.04.2024-жыл
“Нариман жайыт” муниципалдык ишканасын кайра каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Манас айылдык кенеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.   “Нариман жайыт комитети” фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

2.    “Нариман жайыт комитети” мекемесин Манас айыл аймагынын “Манас жайыт” мекемесине фирмалык аталышы өзгөрүлсүн жана төмөнкүдөй аталсын.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: Манас айыл аймагынын “Манас жайыт” муниципалдык ишканасы  мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение муниципальное предприятие “Манас жайыт”.

Кыскартылган фирмалык аталышы:

3. Манас айыл аймагынын “Манас жайыт” муниципалдык ишканасы мекемесинин Жобосу бекитилсин.

4.  Манас айыл аймагынын Манас жайыт муниципалдык ишканасынын  мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Манас айылдык аймагы, Нурдар айылы айылы болуп аныкталсын.

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Манас айыл аймагынын Алим-төбө айылынын  Алим-төбө -2  көчөсүнө ат ыйгаруу  жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№24/9
19.04.2024-жыл
“Манас айыл аймагынын Алим-төбө айылынын Алим-төбө -2 көчөсүнө ат ыйгаруу жөнүндө”

Алим-төбө айылынын тургундарынын Алим-төбө-2 көчөсүнө ат ыйгаруу жөнүндөгү арызы депутаттар тарабынан кеңири ой пикирлер менен талкууга коюлуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алып Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Манас айыл аймагынын Алим-төбө айылындагы Алим-төбө-2 көчөсүнө Исмаилов Дыйканбайдын  аты ыйгарылсын.
  2. Манас айыл аймагынын Алим-төбө айылындагы Алим-төбө-2 көчөсүнө ат ыйгаруу иш кагаздарын даярдоо, тиешелүү органдарга жөнөтүү жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Манас айыл өкмөтүнүн ортосунда  түзүлгөн  келишимди  бекитүү

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№24/10
19.04.2024-жыл
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Манас айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү

Депутаттар Манас айыл өкмөтүнүнү адиси З.Абдуразаковтун Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти (мындан ары Департаменти) “Жергиликтүү өз алдынча органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 Жарлыгына жана “ Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19- декабрындагы №715 токтомуна ылайык “Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишимин ( мындан ары Келишим) түзүү жөнүндө2024-жылдын 4—апрелиндеги №7446 сандуу катынын негизинде аракеттенген дректор А.К.Миңбаев менен Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Т.Садыков менен түзүлгөн келишимди бекитүү максатында Манас айлдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомунаылайык берилген ыйгарым мамлекеттик укуктарын ишке ашыруу Республикалык бюджеттен жергиликтүү берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө токтомуна ылайык калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин”.

2.  Айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы келишимде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык адиске материалдык жана финансылык жактан колдоо камсыз кылсын.

3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адисин жумушка дайындоо, жумуштан бошотуу жана кошумча милдеттерди жүктөө укугу айыл өкмөтүнүн башчысына берилсин.

4. Келишимдин бир нускасы Кыргыз Республикасынын Санарипти өнүктүрүү министрлигинин алдындагы калкты каттоо Департаментине жөнөтүлсүн.

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


 

  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым

                  мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

                                                     КЕЛИШИМ

 

                                        1. Келишимдин тараптары

 

1.1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктөрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти, мындан ары “Департамент” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы  №257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ишеним катынын негизинде аракеттенген директор А.К.Минбаевдин атынан, бир тараптан, жана Манас айыл аймагынын айыл өкмөтү (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын толук аталышы), мындан ары “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы” деп аталуучу Манас айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн негизинде аракеттенген Садыков Тынчтыкбек Таштанович (фамилиясы, аты, атасынын аты) экинчи тараптан мындан ары “Тараптар” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы №90 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө” нускаманы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги №238 жана 2004-жылдын 4-декабрындагы №886 токтомдору менен бекитилген жоболорду жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.

 

                                         2. Келишимдин негизи

 

2.1. Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Манас айыл аймагынын айыл өкмөтү (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы) төмөндөгүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:

-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошонлой эле даярдалган паспортту берүү;

-Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү;

-Жарандарды жашаган жери жана  барган жери боюнча каттоо;

-баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү;

-Никелешүүнү мамлекеттик катоо, ошондой эле никелешүү тууралуу күбөлүк берүү;

-Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо,ошондой эле өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү;

-“балага сүйүнчү” бир жолку төлөмгө арыздарды кабыл алуу.

2.2. Манас айыл аймагынын айыл өкмөтү (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы) жогоруда аталган берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга алат.

 

         3.Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик органдын

                                          укуктары жана милдеттери

 

3.1.   Департамент жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынына өзүнүн ыйгарым укуктарын берүүдө төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

 -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын, ошондой эле ушул максаттарга берилген материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарылууга милдеттүү актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынана жол берилген бузууларды жоюу боюнча кат жүзүндө сунуштарды берүүгө;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдырды жана документтерди суроого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана  материалдык финансылык жана башка каражаттарды колдоонун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчетторунун формасын белгилөөгө;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген, максаттуу багытта колдонулбаган каражаттарды белгилеген тартипте өндүрүп алууга;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоого багытталган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;

-ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мкамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.

3.2. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунунаткаруучу органына усулдук, уюштуруучулук, конституциялык жана башка жардам көрсөтүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыздоого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн адистердик квалификациясын жогорулатуу максатында бир жылда эки жолкудан кем эмес окуу өткөрүүгө;

-берилген малекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана өткөрүп берилген материалдык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун контролдоого;

-келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.

 

            4.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда

  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын укуктары

                                                     жана милдеттери

 

4.1. Манас айыл аймагынын айыл өкмөтү (Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:

 

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттардын өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берилишин талап кылууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттин усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам алууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча Департаменттин кат жүзүндөгү сунуштарына соттук тартипте даттанууга;

-ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөнмурда бузууну демилгелөөгө.

4.2. Манас айыл аймагынын айыл өкмөтү  (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

-Келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун камсыздоого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуу бөлүгүндө мамлекеттик орган тарабынан тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүлүшү үчүн шарттарды камсыздоого;

-квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү окууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин  катышуусун камсыздоо;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча мамлекеттик органдардын кат жүзүндөгү эскертүүлөрүн аткарууга;

-ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10- күнүнө чейин Департамент учурдагы айга каржылоо Келишимдин 2-тиркемесине ылайык ведомстволук табыштама берүүгө;

-ай сайын, квартал сайын, жарым жылдын жана бир жылдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө  Департаменттин аймактык бөлүмүнө(мындан ары - Департаменттин АБсы) Келишимдин 3-тиркемесине ылайык отчет берүүгө;

-ай сайын, квартал сайын, жарым жылда, жылдын аягында берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө Департаменттик АБсына Келишимдин 4-тиркемесине ылайык материалдык отчет берүүгө;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;

-Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого;

 

        5.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү

                    өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси

 

5.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган муниципалдык кызматкер болуп саналат.

 

5.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

 

5.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси даярдалган паспортторду жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча так отчеттуулук бланкаларын жоготкондугу, бузгандыгы үчүн толук өлчөмдө материалдык жоопкерчилик тартат.

    Документ жоголгон же бузулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан арыз ээсине келтирген зыян документтерди кайра калыбына келтирүүчыгымдарынын наркынын өлчөмүндө Департаментке төлөнөт.

     Жогоруда аталган учурларда арыз ээсине, Департаменке келтирилген зыянга төлөө өз ыктыяры менен же Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамдарында белгиленген тарифте соттун чечими менен жүргүзүлөт.

 

5.4.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат:

-жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартибин регламенттеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча берилген  документтери кабыл алуу, алардан аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн;

-туулгандыгын, никелешүүнү, өлгөндүгүн каттоо боюнча арыздарды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, олгондүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;

-туулгандыгы, никелешүү, өлгөндүгү жөнүндө актылык жазууларды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;

-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле даярдалган паспортту берүү үчүн;

-Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү үчүн;

-жарандардын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо үчүн;

-“балага сүйүнчү” арыздарын каттоо үчүн;

-арыз ээлеринин арыздардагы колунун аныктыгы жана жарандык абалдын актыларын жазуунун түп нускасы үчүн;

-арыз ээсинин жеке өзүнүн катышуусусуз кабыл алгандыгы үчүн;

-арыз ээси тарабынан ким экендигин ырастоочу документ берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;

-“ЖААК” АМСте документтерди өз убагында жана туура тарыздоо, актылык жазууларга ылайык күбөлүк берүү үчүн;

-арыз ээси тарабынан  документтердин түп нускалары берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;

-жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо туралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сактоо үчүн;

-актылык жазуулар жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктары боюнча отчеттуулукту өз убагында берүү үчүн;

 

5.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө укуктуу:

 

-кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгилеген тартипте суроого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;

-арыз ээсинде ИЖН болбогон же туура эмес , кош ИЖН  болгон учурда бардык иш –аракеттерди токтотууга жана Департаменттин аймактык ТБсына кайрылуу зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине билдирүүгө;

-жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча квалификациясын жогорулатууга (окууга);

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук , уюштуруучулук, конституциялык жана башка жардам алууга , ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;

-эгер арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке туура келбесе, тизмекке ылайык документтерди берүүнү сунуштоого.

5.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө милдеттүү;

-жеке маалыматтардын сакталышын жана аныктыгын, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тарипте ага жетүү режимин камсыздоого;

-Кыргыз Республикасынын майзамдарында каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыздоого;

-“Инфоком” МИ КБнын Регламентинин Кошулуу жөнүндө макулдашуусуна ылайык электрондук кол тамганын сакталышын камсыздоого;

-берилген документтерден оңдоолор жана /же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, бул жөнүндө Департаменттин аймактык бөлүмүнүн жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирүүгө милдеттүү.

     Мындай учурда жасалмалоо белгилери сыпаттоо менен уч нускада эркин формада акт түзүлөт, анан бири бир иш күндүн ичинде Департаменттин аймактык бөлүмдөрү жайгашкан жер боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси-Департаменттин аймактык бөлүмүндө калат, үчүнчүсү-арыз ээсине берилет. Оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета-арызды тарыздоо үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыккандан кийин чечилет.

 

5.7. Ушул Келишимде каралбаган жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.

 

                6.Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз

                     алдынча башкаруунун аткаруучу органын финансылык,

                     материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо

 

6.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына зарыл финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.

6.2. Берилген мамлекеттик укуктарды ишке ашыруу үчүн тийиштүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн өсептөөнүн убактылуу методикасынын негизинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын  19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасына ылайык ушул Келишимдин 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө белгилеген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) суммасы  Келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгө болуп саналат.

 

6.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджеттин жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуу  трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын эсебине түшөт жана кезектеги финансылыки жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгымдар түзүмүндө чагылдырууга тийиш.

 

6.4.Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү төмөндөгүлөрдү өзүнө камтыйт:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адисинин эмгек акысын;

-берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга кеткен чыгымдарды: иш сапардын чыгымдарын, Интернет тармагынын кызмат көрсөтүүсүн, кеңсе буюмдарын.

 

6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл материалдык каражаттар Департамент тарабынан кабыл алуу –өткөрүп берүү актысынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына убактылуу колдонууга өткөрүлүп берилет.

 

6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттар, чарба ишин жүргүзүү бөлүгүндө (жабдуулар, обьектер, техника ж.б), алар макулдашуу комиссияларында  каралып, колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин өткөрүп берүүгө тийиш.

   Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрүнүн паритеттик башталышта түзүлөт.

 

6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги Тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

 

6.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттарды колдонуу тартиби Департамент тарабынан аныкталат.

 

6.9. Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар 1 штаттык бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткарууучу органынын адиси тарабынан ишке ашырылат.

 

            7.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу

                боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу

                  органынын отчеттуулук формасы жана мезгилдүүлүгү

 

7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы Департаменттин аймактык ТБсына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:

-ай сайын –күндөн кечиктирбестен учурдагы айга каржылоого ведомстволук табыштаманы Келишимдин 2-тиркемесине ылайык;

-ай сайын 5-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту Келишимдин 3-тиркемесине ылайык;

-ай сайын, квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында 4-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды колдонуу жөнүндө финансылык отчетту мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен макулдашылган форма боюнча Келишимдин 4-тиркемесине ылайык.

 

              8.Мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым

                      укуктардын аткарылышын контролдоо тартиби

 

8.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо (мындан ары–контролдоо) Келишимдин талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо максатында жүргүзүлөт.

 

8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону Департаменттин аймактык ТБсы жүргүзөт.

 

8.3. Департаменттин аймактык ТБсы:

-аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө сунуштарды жиберүү укукгу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук жана сапаттуу ишке ашырылышын контролдойт;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга берилүүчү материалдык каражаттардын максаттуу колдонулушун текшерет;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча иш регламентинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарбынан алардын ишке ашырылышы боюнча усулдук көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;

-Келишимде каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул Келишимди бузуу жөнүндөгү сунуштарды даярдайт жана жогоруда турган органга киргизет

 

8.4.  Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын контролдоону Департамент төмөнкүчө жүргүзөт:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин , берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы бөлүгөндө координациялоо;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын мыйзамда же берүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчетторду кабыл алуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга өткөрүп берилген каражаттардын колдонулушу бөлүгүндө текшерүү жөргүзүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды берүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди мыйзамдуулугу жана максатуулугу жагынан баалоо.

 

            9.Келишимдин күчүнө кирүү тартиби жана колдонуу мөөнөтү

 

9.1. Ушул Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү кеңеш тарабынан Келишим бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

Буга чейинки бекитилген Келишим ушул Келишим күчүнө кирген күнү күчүн жоготот.

9.2. Ушул Келишим 2024-жылдын 19-апрелинен тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

Эгер ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин эки Тарап тең Келишимди бузуу жөнүндө билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда автоматтык түрдө узартылат.

9.3. Ушул Келишим үч нускада түзүлдү жана алар бирдей юридикалык күчкө ээ: ар бир тарап үчүн бир нускадан жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет.

 

                         10.  Келишимдин шарттарын өзгөртүү

 

10.1. Тараптардын макулдашуусу менен Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш.

 

 11.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну

                токтотууга негиздер жана токтотуу тартиби

 

11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:

- Келишимдик колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;

- Келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши*

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджетте кезектеги финансылык жылга трансферттердин (субвенциялардын) жоктугу;

- ушул Келишим боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүндүгүн жойгон ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;

- мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алышы (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу);

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ушул Келишимде жана/же “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тартуусу (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу).

11.2.  Берилген мамлекеттик укуктарды ишке ашыруу Департаменттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

11.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун мөөнөтүнөн мурда токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо мүмкүн эместиги;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына көз карандысыз себептер менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.

11.4. Департаменттин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуусунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- Департамент тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруусун, анын ичинен алардын аткарбагандыгынан же тийиштүү ишке ашырбагандыгынан максатсыз деп таанылышы;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максатсыз колдонуусу, эгер ушул бузуулар жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун оордоткон шарттарды түзсө;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.

11.5. Тараптардын биринин демилгеси менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, токтотууну демилгелеген Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу датасына чейин 15 иш күн мурда экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү.

11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган Тарап аны 15 иш күн ичинде коргоого милдеттүү жана билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө экинчиТарапка маалымдоого тийиш.

Экинчи Тарап билдирүүгө макул болгон учурда, Тараптардын макулдашуусунун негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулат.

11.7. 30 күндүн ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп болбогон учурда же экинчи Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга макул болбогон учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттук тартипте чечилет.

11.8. Берилген мамлекеттик укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 иш күндүн ичинде мамлекеттик органга кайрылууга тийиш.

11.9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо ушул Келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу жана бул жөнүндө 15 күн ичинде Департаментке жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жазуу жөнүндө берилет.

11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу токтотулган күндөн тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген малекеттик орган аны аткарууга тийиш.

11.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтото туруу жана аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.

 

                                         12.Тараптардын жоопкерчилиги

 

12.1. Келишимдин шарттарын тийиштүү аткарбагандыгы, укук бузгандыгы же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

12.2. Айыл өкмөттүн башчысы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды тийиштүү аткарууну уюштуруу, өткөрүпберилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу колдонуу жана ушул Келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

 

                                    13.Талаш – тартыштарды чечүү тартиби

 

13.1 Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу же соттук тартипте чечилет.

 

                              14.Тараптардын дареги жана колу

 

 

Кыргыз Республикасынын                            ЖӨБ

Санариптик өнүктүрүү                     _________________________________

Министрлигине караштуу Калкты_________________________________

каттоо департаменти                       Э/счет___________________________

Бишкек ш., Жибек-Жолу пр.,         БИК______________________________

381, (312) 380058                              ИНН______________________________

Департаменттин директору          ОКПО____________________________

 

__________________________              Айыл өкмөттүн башчысы

 

                   А.К.Минбаев                    _________________________________

 

 

Манас айылдык кеңешинин 2022-жылдын 1-ноябрындагы №13/9 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№25/1
28.06.2024-жыл
Манас айылдык кеңешинин 2022-жылдын 1-ноябрындагы №13/9 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Манас айыл аймагынын Арып жана Зарбдар айылдарынын тургундарынын арыздары, суроо талаптары боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап, кеңири ой пикир сунуштарды эске алып Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Нариман айыл аймагындагы Арып жана Зарбдар айылдарына макамын берүү жөнүндөгү Нариман айылдык кеңешинин  2022-жылдын 1-ноябрындагы №13/9 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктундагы “Нариман айыл аймагындагы мурдагы Зарбдар айылы, Нурзаман айылы деп аталсын”- деген сөздөр, “Нариман айыл аймагынын мурдагы Зарбдар айылына Нурзаман айылы макамын берүү жагы жогорку органдардан суралсын”-деп  өзгөртүлсүн.

- 2-пунктундагы “Арыпжан айылы Арып айылы деп аталсын” –деген сөздөр, Нариман айыл аймагынын мурдагы Арыпжан айылы макамын берүү жагы жогорку органдардан суралсын”-деп өзгөртүлсүн.

2. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин жер жана  агрардык  маселелер, коммуналдык  менчик, соода, байланыш, транспорт  жол  курулуш, энергетика, капиталдык курулуш  иштери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Лангар айылына бала-бакча куруу жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышындагы кезектеги XXV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№25/2
28.06.2024-жыл
“Лангар айылына бала-бакча куруу жөнүндө”

Манас айыл аймагынын Лангар айылынын айыл башчысынын Манас айылдык кеңешине жазган Лангар айылындагы №106 контрунда жайгашкан жер аянты 1,65 га болгон эски мектеп ордуна бала бакча куруу үчүн мамлекеттик актысынын багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндөгө кайрылуусу кеңири ой жүгүртүү жана талкуулардан кийин Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.  Манас айыл аймагынын Лангар  айылында жайгашкан №106 контурундагы жер аянты 1,65 га болгон мамлекеттик актысы эски мектеп болуп турган жердин мамлекеттик актысынын   багыты бала бакча багытына өзгөртүлсүн.

2.   Токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Каратай айылындагы 0,41 га болгон эски   мектептин  аянтынын багытын  өзгөртүү   жөнүндө”.

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышындагы кезектеги XXV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№25/3
28.06.2024-жыл
“Каратай айылындагы 0,41 га болгон эски мектептин аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө”.

Каратай айылындагы эски мектептин мамлекеттик актысы бала-бакча багытында турат. Азыркы күндө Республикалык бюджеттен Каратай айылына 25 орундуу музыкалык мектеп куруу үчүн акча каражаты бөлүнгөндүктөн мамлекеттик актысынын багытын өзгөртүү жөнүндө Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.  Каратай айылындагы эски мектептин орду бала-бакча болгон мамлекеттик актысы музыкалык мектеп багытына  өзгөртүлсүн.

2.   Токтомдун аткрылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Манас айыл аймагынын Каратай айылы  “Үч колот”  участогунун жашоочуларын таза-суу менен камсыз кылуу максатында, аталган айылдын №155 контурунда жайгашкан 0,08 га жер тилкесин менчикке алууга макулдук     берүү жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№25/4
28.06.2024-жыл
“Манас айыл аймагынын Каратай айылы “Үч колот” участогунун жашоочуларын таза-суу менен камсыз кылуу максатында, аталган айылдын №155 контурунда жайгашкан 0,08 га жер тилкесин менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын II бөлүмүнүн 32-беренесине ылайык Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.   Манас айыл аймагындагы Каратай айылынын “Үч колот” участкасы №155 контурунда жайгашкан 0,08 га жер тилкесине таза-суу скважинасын куруу үчүн мамлекеттик менчикке алууга уруксат берилсин.

2.  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Манас айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик ,соода байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Манас айыл аймагындагы Кызыл-Мээнет айылында  жеке үй шартында  балдар-бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№25/5
28.06.2024-жыл
“Манас айыл аймагындагы Кызыл-Мээнет айылында жеке үй шартында балдар-бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө”

Манас айыл аймагындагы Кызыл-мээнет айылынын тургуну Абдрахманова Мадинанын, Кызыл-мээнет айылынын Бегиев көчөсүнүн №4 үйүндө жеке үй шартында балдар бакчасын ачуу жөнүндө жазган арызы Манас айылдык кеңешинин XXV сессиясында карап, талкууга алынып, балдар бакчасын ачуу максатында Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

        1.  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас  айыл аймагындагы Кызыл-мээнет айылынын Бегиев көчөсүндөгү №4 үйүндө, үй шартында бала бакча ачууга макулдук берилсин.

       2.    Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Манас айыл өкмөтүнүн башчысына жана Манас айылдык кеңешинин элге билдим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


Манас айыл аймагынын Нурдар айылындагы  “Ак-Жол Балдары” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 орто тайпа ачуу жөнүндө

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№25/6
28.06.2024-жыл
Манас айыл аймагынын Нурдар айылындагы “Ак-Жол Балдары” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 орто тайпа ачуу жөнүндө

Манас айыл аймагынын Нурдар айылындагы “Ак-Жол Балдары” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Аблазова Сурайе Нурмахаматовнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 орто тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас  айыл аймагынын Нурдар  айылындагы “Ак-Жол Балдары”  муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 орто тайпа ачууга уруксат берилсин.
  2. Манас айыл аймагынын  Нурдар айылындагы  “Ак-Жол Балдары”  муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 орто тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
  3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Ак-Жол Балдары” муниципалдык  балдар бакчасынын жетекечиси Аблазава Сурайе Нурмахаматовнага жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын. 

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


Манас  айыл аймагындагы  Каратай айылында  үй  шартында  ачылган муниципалдык  “Чолпон нуру” балдар бакчасына кошумча 1 орто жана 1 кенже тайпа ачуу  жөнүндө

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№25/7
28.06.2024-жыл
Манас айыл аймагындагы Каратай айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Чолпон нуру” балдар бакчасына кошумча 1 орто жана 1 кенже тайпа ачуу жөнүндө

Манас айыл аймагындагы Каратай айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Чолпон нуру” балдар бакчасынын жетекечиси Жунусова Гулнара Кубанычбековнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 орто жана 1 кенже тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы үй шартында ачылган муниципалдык “Чолпон нуру” балдар бакчасынына кошумча 1 орто жана 1 кенже тайпа ачууга уруксат берилсин.
  2. Манас айыл аймагындагы  Каратай айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Чолпон нуру” балдар бакчасына кошумча 1 орто жана 1 кенже тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
  3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Чолпон нуру” балдар бакчасынын жетекчиси Жунусова Гулнара Кубанычбековнага жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын. 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


Манас айыл аймагындагы  ВЛКСМ айылында үй шартында ачылган муниципалдык  “София”  балдар бакчасына кошумча 1 жогорку 2 орто жана 2 кенже тайпа ачуу жөнүндө

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№25/8
28.06.2024-жыл
Манас айыл аймагындагы ВЛКСМ айылында үй шартында ачылган муниципалдык “София” балдар бакчасына кошумча 1 жогорку 2 орто жана 2 кенже тайпа ачуу жөнүндө

Манас айыл аймагындагы ВЛКСМ айылында үй шартында ачылган муниципалдык “София” балдар бакчасынын жетекчиси Базарбаева Розихан Тохтасиновнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 жогорку, 2 орто жана 2 кенже тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагындагы ВЛКСМ айылындагы үй шартында ачылган муниципалдык “София” балдар бакчасынына кошумча 1 жогорку, 2 орто  жана 2 кенже тайпа ачууга уруксат берилсин.
  2. Манас  айыл аймагындагы ВЛКСМ айылында үй шартында ачылган муниципалдык “София” балдар бакчасына кошумча 1 жогорку, 2 орто жана 2 кенже  тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
  3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “София” балдар бакчасынын жетекчиси Базарбаева Розихан Тохтасиновнага жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын. 

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Манас айыл аймагынын Тажик-Абад айылындагы “Ак-кеме” балдар бакчасына кошумча 1 жогорку тайпа ачуу  жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№25/9
28.06.2024-жыл
“Манас айыл аймагынын Тажик-Абад айылындагы “Ак-кеме” балдар бакчасына кошумча 1 жогорку тайпа ачуу жөнүндө”

Манас айыл аймагынын Тажик-Абад айылындагы “Ак- кеме” балдар бакчасынын жетекечиси Ахмадалиева Сайера Толкунбаевнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 жогорку тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

        1.   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Тажик-Абад айылындагы “Ак-Кеме” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 жогорку тайпа ачууга уруксат берилсин.

      2. Манас айыл аймагынын Тажик-Абад айылында “Ак-кеме” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 жогорку тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

       3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Ак-кеме” муниципалдык балдар бакчасынын жетекечиси Ахмадалиева Сайера Толкунбаевнага жүктөлсүн.

       4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын. 

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Манас айыл аймагындагы  Нариман айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Антошка” атындагы балдар бакчасына кошумча 1 орто тайпа жана 1 жогорку тайпа ачуу жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№25/10
28.06.2024-жыл
“Манас айыл аймагындагы Нариман айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Антошка” атындагы балдар бакчасына кошумча 1 орто тайпа жана 1 жогорку тайпа ачуу жөнүндө”

Манас айыл аймагындагы Нариман айылында үй шартында ачылган муниципалдык “Антошка” атындагы балдар бакчасынын жетекчиси Парпиева Нигоранын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 орто жана 1 жогорку тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

        1.   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Нариман айылындагы үй шартында ачылган “Антошка” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 орто жана 1 жогорку тайпа ачууга уруксат берилсин.

      2. Манас айыл аймагынын Нариман айылында үй шартында ачылган “Антошка” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 орто жана 1 жогорку тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

       3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Антошка” балдар бакчасынын жетекчиси Парпиева Нигорага жүктөлсүн.

       4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын. 

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Манас айыл аймагындагы Тажик-Абад айылында үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1  кенже тайпа ачуу жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№25/11
28.06.2024-жыл
“Манас айыл аймагындагы Тажик-Абад айылында үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 кенже тайпа ачуу жөнүндө”

Манас айыл аймагындагы Тажик-Абад айылында үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Ахбуллаева Рахила Кадировнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 кенже тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

        1.   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагындагы Тажик-Абад айылындагы үй шартында ачылган  “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 кенже тайпа ачууга уруксат берилсин.

      2. Манас айыл аймагындагы  Тажик-Абад айылында үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 кенже тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

       3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Ахбуллаева Рахила Кадировнага  жүктөлсүн.

       4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын. 

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


“Манас айыл аймагындагы Нурдар айылында үй шартында ачылган “Бахрамжан Ата” муниципалдык балдар бакчасына кошумча бир орто тайпа ачуу жөнүндө”

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№25/12
28.06.2024-жыл
“Манас айыл аймагындагы Нурдар айылында үй шартында ачылган “Бахрамжан Ата” муниципалдык балдар бакчасына кошумча бир орто тайпа ачуу жөнүндө”

Манас айыл аймагындагы Нурдар айылында үй шартында ачылган “Бахрамжан-Ата” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Кенжаева Сохиба Бахрамовнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 орто тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Нурдар айылындагы үй шартында ачылган “Бахрамжанжан-Ата” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 орто тайпа ачууга уруксат берилсин.
  2. Манас айыл аймагындагы Нурдар айылында үй шартында ачылган“Бахрамжан-Ата” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 орто тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
  3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Бахрамжан-Ата” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Кенжаева Сохиба Бахрамовнага жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын. 

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


Манас айыл аймагынын Зарбдар айылындагы “Келечек балдары” муниципалдык балдар бакчасына кошумча бир орто тайпа ачуу жөнүндө

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№25/13
28.06.2024-жыл
Манас айыл аймагынын Зарбдар айылындагы “Келечек балдары” муниципалдык балдар бакчасына кошумча бир орто тайпа ачуу жөнүндө

Манас айыл аймагындагы “Келечек балдары” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Максутова Азизахан Равшановнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 орто тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Зарбдар айылындагы “Келечек балдары” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 орто тайпа ачууга уруксат берилсин.
  2. Манас айыл аймагындагы “Келечек балдары” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 орто тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
  3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Келечек балдары” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Максутова Азизахан Равшановнанын жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын.  

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова


Манас айыл аймагындагы Зарбдар айылындагы үй шартында ачылган “Найс Бейби” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1  орто тайпа ачуу  жөнүндө

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын отуруму

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№25/14
28.06.2024-жыл
Манас айыл аймагындагы Зарбдар айылындагы үй шартында ачылган “Найс Бейби” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 орто тайпа ачуу жөнүндө

Манас айыл аймагындагы Зарбдар айылындагы үй шартында ачылган “Найс Бейби” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Самиева Умиданын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 орто тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Зарбдар  айылындагы үй шартында ачылган  “Келечек балдары” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 орто тайпа ачууга уруксат берилсин.
  2. Манас айыл аймагындагы үй шартында ачылган “Найс бейби” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 орто тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
  3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Найс бейби” балдар бакчасынын жетекчиси Самиева Умидага жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын. 

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы:    Х. Ш. Артыкова