Манас айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№5/1
29.04.2025-жыл
Манас айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү жана өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрүнүн, жарандардын жашаган жана иштеген жеринин шайлоочуларынын чогулушунун, Манас айыл аймагынын айылдык кеңешине келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Манас айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринин шайлоочуларынын протоколдорун бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Манас айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн төмөнгү;

-5220 ВЛКСМ участкалык шайлоо комиссиясынын курамына- 22

-5588 ВЛКСМ-2 участкалык шайлоокомиссиясынын курамына-10

-5508 Зарбдар участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-21

-5218 Алим-төбө участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-22

-5215 Нариман участкалык шайлоо комиссичсынын курамына-22

-5587 Нурдар-2 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-20

-5516 Тажик-Абад участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-20

-5217 Кызыл-мээнет участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-21

-5224 Беш-мойнок участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-18

-5219 Нурдар участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-20

-5214 Зарбдар-2 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-22

-5226 Каратай участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-20

-5225 Осмон участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-18

-5227 Лангар участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-20

-5509 Күрөң кол участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-13

3. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

Төрайымдын орун басары:    Л. Нишанова

Манас айыл өкмөтүнүн“Нариман Таза-Суу”,“Манас жайыт”, “Айыл тазалык” муниципалдык ишканаларын бириктирүү жөнүндө

Манас айылдык кеңештин I чакырылышынынкезектеги V сессиясы

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№5/2
29.04.2025-жыл
Манас айыл өкмөтүнүн“Нариман Таза-Суу”,“Манас жайыт”, “Айыл тазалык” муниципалдык ишканаларын бириктирүү жөнүндө

Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин V сессиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 сандуу “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык жана Манас айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-мартындагы №50 катынын негизинде, Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.   Манас айыл өкмөтүнүн “Нариман Таза-Суу”, “Манас жайыт” жана “Айыл тазалык” муниципалдык ишканаларын бириктирүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун   аткарылышын   Манас   айыл   өкмөтүнүн   башчысы А.А. Рустамовго жүктөлсүн.

Төрайымдын орун басары:    Л. Нишанова

Манас айыл аймагынын медицина тармагын текшерүү үчүн   түзүлгөн    убактылуу комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№5/3
29.04.2025-жыл
Манас айыл аймагынын медицина тармагын текшерүү үчүн түзүлгөн убактылуу комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Манас айылдык кеңешинин V сессиясынын протоколунун негизинде Манас айылдык кеңеши тарабынан медицина тармагын текшерүү үчүн түзүлгөн убактылуу комиссия курамын бекитүү үчүн Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.Манас айылдык кеңеши тарабынан төмөндөгүчө комиссия курамы бекитилсин:

1.Нишанова Лола

2.Мавлянова Насиба

3.Абдуваит уулу Кабылжан

4.Каларова Марапат

5.Джураев Акмал

6.Саттаралиев Расул

7.Токтосунов Тыныбек

2.Токтомдун аткарылуу жагын   өзүмө калтырам.

Төрайымдын орун басары:    Л. Нишанова

Манас айыл аймагынын “Манас жайыт”  МИнын 2025-жылга иш планы жана жайыт пайдалануучуларга жайыттын тарифин бекитүү жөнүндө

Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№5/4
29.04.2025-жыл
Манас айыл аймагынын “Манас жайыт” МИнын 2025-жылга иш планы жана жайыт пайдалануучуларга жайыттын тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 сандуу “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 6-7 беренесине ылайык, Манас айыл аймагындагы “Манас жайыт” МИнын жетекчиси А.Мамажунусовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, кеңири ой пикир сунуштарды эске алып Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.  “Манас жайыт” МИнын жетекчисинин сунушунун негизинде  малдан алынуучу жайыт баасы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

Айыл аймагынын тургундарынын мал, кой, жылкылары үчүн:

                 ар бир баш  кой эчкиге   180 сомдон

                 ар бир баш малга    750 сомдон

                 ар бир баш жылкыга  600 сомдон.

Четтен келген мал, кой, жылкылары үчүн:

                 ар бир баш  кой эчкиге   180 сомдон

                 ар бир баш малга    750 сомдон

                 ар бир баш жылкыга  600 сомдон.

2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы “Манас  жайыт” МИнын жетекчиси А.Мамажунусовго жүктөлсүн.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрайымдын орун басары:    Л. Нишанова

“Кыргызстан аэропорттору” ААКнун Ош филиалынын аянтын кеңейтүү максатында 1,97 га жер аянтын “айыл чарба” багытындагы жерлер котегориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” багытына  которуу жөнүндө

Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезексизVI сессиясы

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№6/1
30.04.2025-жыл
“Кыргызстан аэропорттору” ААКнун Ош филиалынын аянтын кеңейтүү максатында 1,97 га жер аянтын “айыл чарба” багытындагы жерлер котегориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” багытына которуу жөнүндө

Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы, Манас айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-апрелдеги Манас айыл аймагындагы “Кыргызстан аэропорту” ААКнун Ош филиалынын аянтын кеңейтүү үчүн, мамлекеттик менчик укугу катталган 1,97 га жер аянтын трансформациялап, аэропорттун пайдалануусуна мамлекеттик мүлк фондусу аркылуу өткөрүп берүү жөнүндөгү катын, Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууга алынып, кеңири ой пикирлер менен Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Манас айыл аймагындагы1,97 га сугат айдоо багытындагы жер аянтын “айыл чарба” багытындагы жерлер котегориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”  категориясына “Кыргызстан аэропорттору” ААКнун Ош филиалынын аянтын кеңейтүү максатында багытын которууга макулдук берилсин.
  2. Бул токтомдун   аткарылышын    Манас   айыл   өкмөтүнүн   башчысы А.А. Рустамовго жүктөлсүн.
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайымдын орун басары:    Л. Нишанова

“Манас айыл аймагына караштуу Каратай айылындагы №347 контурунда жайгашкан жалпы аянты 1,50 га таштуу жер аянтын  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы  жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө”

Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№6/2

Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы, Манас айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-апрелиндеги №01-18/869 сандуу каты, Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, кеңири айтылган ой пикирлер менен жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын 3-пунктунун негизинде Манас айылдык кеңеши:

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Манас айыл аймагына караштуу Каратай айылындагы №347 контурунда жайгашкан жалпы аянты 1,50 га таштуу жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Рустамовго жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайымдын орун басары:    Л. Нишанова

“Манас айыл аймагына караштуу Каратай айылындагы №337,338,339 контурунда жайгашкан жалпы аянты 1,11 га таштуу жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

ТОКТОМ
Нурдар айылы
№6/3
30.04.2025-жыл
“Манас айыл аймагына караштуу Каратай айылындагы №337,338,339 контурунда жайгашкан жалпы аянты 1,11 га таштуу жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы, Манас айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-апрелиндеги №01-18/872 сандуу каты жана билдтрүүсүнүн, жер боюнча туруктуу комитетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги отурумунун протоколу, Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, кеңири ой пикирлер менен жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын 3-пунктунун негизинде Манас айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Манас айыл аймагына караштуу Каратай айылында жайгашкан №337,338,339 контурларындагы жалпы аянты 1,11 га таштуу жайыт жерлерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга жана асфальт-бетон заводун курууга макулдук берүүнү сунуштайбыз.
  2. Бул токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Рустамовго жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш транспорт жол курулуш, энершетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайымдын орун басары:    Л. Нишанова